Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2007-жылдын 30-майы № 206
КЫРГЫЗ РЕСПУЬЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын V спартакиадасын өткөрүү жөнүндө
Дене тарбия жана спортту андан ары элге жайылтуу жана өнүктүрүү,
ошондой эле дене тарбия жана спорт менен машыгууга калкты тартуу
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2007-жылдын 5-11 -августунда Кыргыз Республикасынын Ысыккөл
облусунун Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын V спартакиадасы
өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана
спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик
агенттик Кыргыз Республикасынын V спартакиадасы жөнүндө жобону иштеп
чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын V спартакиадасына даярдык көрүү жана
өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары:
- Кыргыз Республикасынын V спартакиадасынын мелдештеринин 1 жана 2-
этабына даярдык көрүү жана республиканын региондорунда өткөрүү боюнча
иш-чаралар планын иштеп чыгышсын жана бекитишсин;
- Кыргыз Республикасынын V спартакиадасынын финалдык мелдештерине
облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын курама командаларын даярдоону
жана катышуусун камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана
спорт, жаштардын иштери жака балдарды коргоо боюнча мамлекеттик
агенттик Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте
Кыргыз Республикасынын V спартакиадасынын финалдык мелдештерин
жакшылап өткөрүлүшүн камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын
иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикти 2007-жылга
бюджеттик каржылоонун чектеринде Кыргыз Республикасынын V
спартакиадасын өткөрүүгө финансылык каражаттарды өз учурунда бөлүүнү
карасын.
7. Жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргыз Республикасынын V
спартакиадасынын этаптарын жана финалдык мелдештерин өткөрүүнүн
жүрүшүн кењири чагылдырууну камсыз кылуу сунушталсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат
башкармалыгынажүктөлсүн.
Премьер-министр А. Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 30 - майындагы
№ 206 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын V спартакиадасына даярдык көрүү жана
өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин
КУРАМЫ
Асанов Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Дене тарбия жана спорт,
жаштардын иштери жана балдарды коргоо
боюнча мамлекеттик агенттиктин
дкректору, уюштуруу комитетинин
төрагасы,
Исаев К.Ш. - Ысыккөл облусунун мамлекеттик
администраци башчысы-губернатор,
уюштуруу комитетинин төрагасынын орун
басары,
Саралинов М.Н. - Кыргыз Республикасынын Улуттук
олимпия комитетинин президенти, Кыргыз
Республикасынын күрөш федерациясынын
президенти, уюштуруу комитетинин
төрагасынын орун басары (макулдашуу
боюнча),
уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Мурзубраимов Б.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Социалдык саясат боюнча
комитетинин төрагасы (макулдашуу
боюнча),
Жапаров А.ү. - Кыргыз Республикасынын финансы министри,
Ногойбаев Б.Б, - Кыргыз Республикасынын ички иштер
министри,
Абдраимов Т.Д. - Кыргыз Республикасынын саламаттык
сактоо министри,
Осмоналиев К.О. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана
илим министри,
Абдуллаева Ө.А. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана
социалдык өнүктүрүү министри,
Ногоев А.И. - Бишкек шаарынын мэри,
Сатыбалдиев Ж.С. - Ош облусунун мамлекеттик администрация
башчысы-губернатор,
Айдаралиев И.Р. - Жалалабат облусунун мамлекеттик
администрация башчысы-губернатор,
Азылов Ж.К. - Нарын облусунун мамлекеттик
админнстрация башчысы-губернатор,
Сыйданов К.С. - Чүй облусунун мамлекеттик администрация
башчысы-губернатор,
Айжигитов С.А. - Баткен облусунун мамлекеттик
администрация башчысы-губернатор,
Мураталиев Б.М. - Талас облусунун мамлёкеттик администрация
башчысы-губернатор,
Касенов А.А, - Кыргыз Республикасынык Өкмөтүнө караштуу
Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери
жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик
агенттиктин директорунун орун басары,
Жунушалиев А.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын социалдык өнүктүрүү дана
маалымат башкармалыгынын билим берүү,
маданият, дин, спорт жана жаштар менен
иштөө бөлүмүнүн референти,
Молдокасымов К.С. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио
-берүү корпорациясынын башкы директору
(макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчисинин
биринчи орун басары М.Сатыбеков