Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2007-жылдын 6-июну № 211
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513, 2013-жылдын 30-январындагы № 41, 2015-жылдын 8-июну № 348 , 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468, 12 февраля 2021 года № 38 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүүнү, ошондой эле мамлекеттик ишканаларды түзүүнү, алардын ишмердигин натыйжалуу уюштурууну жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 5-главасын жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 26-главасын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрү (мындан ары - ведомстволук бөлүмдөр) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин сунуштары боюнча түзүлөөрү белгиленсин.
Ведомстволук бөлүмдөр Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ишмердигин натыйжалуу уюштуруу максатында түзүлөт жана алардын функцияларынын бөлүгү берилет.
Ведомстволук бөлүмдөр юридикалык жак статусу менен түзүлөт. Алар Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине, администрациялык ведомстволоруна жана аткаруу бийлигинин башка органдарына отчет беришет.
Ведомстволук бөлүмдөр жөнүндө жоболор Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу боюнча укукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине өткөрүп берүүгө укуктуу.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 8-июну № 348 токтомдун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Карамагында мамлекеттик ишканалардын иштеши каралган Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана аткаруу бийлигинин башка органдары:
- (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизишсин.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтомдун редакциясына ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана аткаруу бийлигинин башка органдары ушул токтомду аткарбаган же тийиштүү эмес аткарган учурда Кыргыз Республикасынын юстиция министри күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизсин.
6. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|