Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 7-июну № 214
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Айдоочулардын күбөлүктөрүн жана автомототранспорт
каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү алмаштыруу
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын
23-майындагы № 291 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандары жана автотранспорт каражаттарынын
ээлери үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат.
1. "Айдоочулардын күбөлүктөрүн жана автомототранспорт каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү алмаштыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-майындагы № 291 токтомунун 3-пункту төмөнкүдөй
редакцияда берилсин:
"3. Ички пайдалануу жана КМШ өлкөлөрү үчүн айдоочулук күбөлүктү
берүү боюнча бланка үчүн акы төлөөнү кошо алганда 7 АКШ доллары
өлчөмүндө, эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүккө (тышкы пайдалануу
үчүн) - 25 АКШ доллары өлчөмүндө жана автотранспорт каражатын каттоо
жөнүндө күбөлүккө - 8,5 АКШ доллары өлчөмүндө 2007-жылдын 1-июнунан
тартып кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы белгиленсин.".
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Атамбаев