Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 9-июну № 220 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" жабык акционердик коомунун, "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" жана "Хабиб Банк Лимитед" жабык акционердик коомдорунун акционерлеринин ортосундагы "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" жабык акционердик коомун ан-дан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана ушул финансы-кредиттик мекемегечет өлкөлүк капиталды тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" жабык акционердик коому-нун, "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" жана "Хабиб Банк Лимитед"жабык акционердик коомдорунун акционерлеринин ортосундагы "Кыргыз ин-вестициялык-кредиттик банк" жабык акционердик коомунун уставдык капита-лын көбөйтүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитетинин статс-катчысына жогоруда аталган Макулдашуунундолбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Улуттук банкындагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигининэсептериндеги Ишкерликтин жеке секторунда инвестициялык ишмердикке кол-доо көрсөтүү программасынын алкагында акыркы сатып алуучулардын кредит-терди кайтаруудан чогулган 300,0 (үч жүз мињ) АКШ долларын бул акцио-нердик коомдо 10 процент өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын катышуусунунүлүшүн сактап калуу максатында кошумча эмиссиянын бир акциясы үчүн но-миналдык наркы 100 доллар болгон "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк"жабык акционердик коомунун 3000 (үч мињ) акциясын Кыргыз Республикасытарабынан сатып алуусуна жиберсин. Премьер-министри А.Атамбаев