КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 12-июлундагы №384
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-июнундагы № 218 токтому менен бекитилген 2007-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын дипломаттык паспорту жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-октябрындагы № 588
токтомунун редакциясына ылайык) 1. Жалпы жоболор 1. 2007-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын дипло-маттык паспорту (мындан ары - дипломаттык паспорт) Кыргыз Республикасы-нын чегинен тышкары чыгуусунда, убактылуу болушунда жана Кыргыз Респуб-ликасына кирүүдө Кыргыз Республикасынын жараны ким экендигин ырастоочудокумент болуп эсептелет. 2. Дипломаттык паспорт Кыргыз Республикасынын менчиги болуп сана-лат, анын ээси Кыргыз Республикасынын коргоосунда турат. 3. Дипломаттык паспорт мамлекеттик маанидеги документ болуп эсеп- телет. 4. Дипломаттык паспорт 5 жылдык мөөнөткө таризделет. Дипломаттыкпаспорттун жарактуулук мөнетү аяктаганда Кыргыз Республикасынын Тышкыиштер министрлиги ушул Жобонун 23-пунктуна ылайык белгиленген тартиптеКыргыз Республикасынын жарандарына жањы дипломаттык паспорт берет. 5. Дипломаттык паспорт Кыргыз Республикасынын аймагында анын ээситарабынан жарандык-укуктук, нотариалдык бүтүмдөрдү жана банк операция-ларын жүргүзүү үчүн документ катары пайдаланылбайт. 6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган-дан башка учурларда дипломаттык паспортту барымтага берүүгө жана алуу-га, ошондой эле аны алып коюуга тыюу салынат. 7. Дипломаттык паспорт Кыргыз Республикасынын чегинен чыгуу жанаКыргыз Республикасына кирүү үчүн жарактуу. Чет мамлекеттерге кирүү тар-тиби тиешелүү өлкөнүн мыйзамдары, ошондой эле күчүнө кирген эл аралыккелишимдер аркылуу жөнгө салынат. 8. Дипломаттык паспортту берүү үчүн консулдук жыйымдар алынбайт. 9. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мам-лекеттик агенттигине квартал сайын төмөнкү маалыматтарды жиберет: - берилген дипломаттык паспорттор жөнүндө; - бузулган дипломаттык паспорттор жөнүндө; - жоголгон дипломаттык паспорттор жөнүндө; - алынып коюлган дипломаттык паспорттор жөнүндө; - колго тиелек дипломаттык паспорттор жөнүндө; - жокко чыгарылган дипломаттык паспорттор жөнүндө. 10. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кызматтык ишсапармөөнөтү аяктагандан кийин, дипломаттык паспорттун ээси он күндүкмөөнөттүн ичинде аны иштеген жериндеги кадрлар бөлүмүнө кайра өткөрүпберет. Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чегиненкызматтык ишсапарларга көп жолу чыгууда кадрлар бөлүмү дипломаттык пас-портту ишсапар жөнүндөгү тийиштүү тескеме документтин негизинде берет. Дипломаттык паспорттун ээси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ор-гандарында эмгек иш-аракетин токтоткон учурда иштеген жериндеги кадрларбөлүмү дипломаттык паспорттун ээси кызматтан бошотулганы жөнүндө ти-йиштүү тескеме документи чыккан күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичиндеКыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине анын эмгек ишмердигитоктотулгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге паспортту сактоого жибе-рет. Кыргыз Республикасынын жаранынын дипломаттык паспортун берүүгөөтүнүч кат жиберген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары дипло-маттык паспорттун ээси аны кызматтык максатта гана пайдалануусуна толукжоопкерчилик тартат. 11. Дипломаттык паспорт анын ээси алдыдагы кызматтык ишсапарга ба-рууга кайра сурап алганга жана анын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга че-йин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде атайын күйбөссейфтерде сакталат. 12. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги дипломаттыкпаспорттордун жарактуулук мөөнөттөрү аяктаган учурдан тартып аларды жоккылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурс-тар жана технологиялар мамлекеттик агенттигине жиберет. II. Дипломаттык паспортко киргизилүүчү маалыматтар жана белгилер 13. Дипломаттык паспорттун жиберилген тексти ((1) эскертүүнү кара-гыла) мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде толтурулат. Киргизил-ген маалыматтар ((2) эскертүүнү карагыла) англис тилинде басылат жанаал төмөнкү маалыматтардан турат: - берген өлкөнүн аталышы; - документтин аталышы; - паспорттун тиби; - өлкөнүн үч тамгалуу коду; - аты-жөнү; - туулган жери жана күнү; - жынысы; - паспорттун номуру; - жеке далдаштырылган (идентификацияланган) номуру (жеке номуру); - жарандыгы; - дипломаттык паспортту берген ыйгарым укуктуу органдын аталышы((3) эскертүүнү карагыла); - дипломаттык паспорт берилген күн жана анын жарактуулук мөөнөтүаяктачу күн; - ээсинин колу; - машина аркылуу окулчу код; 14. Дипломаттык паспортко төмөнкү жазуулар менен белгилер киргизи- лет: - чет мамлекеттин визасы; - мамлекеттик чегарадан өткөндүгү жөнүндө чегаралык контрол-доо-өткөрүү пунктунун белгиси; - чет мамлекетте аккредиттелгендиги жөнүндө белги; - 2 жашка чейинки балдары жөнүндө. 15. Паспорт ээсинин жүзүнүн (бетинин) түстүү сүрөтү кайрадан сан-дык таризде чыгарылып, дипломаттык паспортко түшүрүлөт. 16. Дипломаттык паспортко ушул Жободо каралбаган маалыматтарды,белгилерди жана жазууларды киргизүүгө тыюу салынат. Ушул Жободо каралбаган маалыматтар, белгилер жана жазуулар кирги-зилген дипломаттык паспорттор жараксыз деп эсептелет. III. Дипломаттык паспортту берүү жана аны алмаштыруу тартиби 17. Дипломаттык паспорт Кыргыз Республикасынын жараны кызматкерболгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өтүнүч каты бо-юнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилет. Дипломаттык паспортту жекелештирүүнү жана берилген дипломаттыкпаспорттор жөнүндө маалымат базасын түзүүнү Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттикагенттиги камсыз кылат. 18. Айрым учурларда дипломаттык паспорт Кыргыз РеспубликасынынТышкы иштер министрлиги менен макулдашуу аркылуу чет өлкөдө аккредит-телген Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрү же консулдукмекемелери тарабынан берилет. 19. Дипломаттык паспортту алуу үчүн зарыл документтердин тизмесиКыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар технологиялар мамлекет-тик агенттигинин биргелешкен буйругу менен бекитилген 2007-жылдынүлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын дипломаттык паспортту жол-жоболошту-руу, берүү жана эсепке алуу тартиби жөнүндө тиешелүү мекемелер аралыкНускама менен аныкталат. 20. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Респуб-ликасынын мамлекеттик органдарынын дипломаттык паспорт берүү жөнүндөөтүнүч катынын негизинде дипломаттык паспорт алуу үчүн зарыл документ-терди чогултуу жана тариздөө боюнча иштерди жүргүзөт жана аларды КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологи-ялар мамлекеттик агенттигине жиберет. 21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстаржана технологиялар мамлекеттик агенттиги ушул Жобонун 19-пунктундакөрсөтүлгөн документтер түшкөн күндөн тартып дипломаттык паспорттордужекелештирип, аларды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинежиберет. 22. Ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар кызматтык иштербоюнча Кыргыз Республикасынын чегинен шашылыш чыгууга туура келгенучурда документтерди тариздөө жана дипломаттык паспортту берүү дароожүргүзүлөт. 23. Дипломаттык паспорт төмөнкүлөргө берилет: - Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилгенМамлекеттик кызматтардын реестрине ылайык Кыргыз Республикасынын мамле-кеттик кызматынын саясый, мамлекеттик атайын кызматтагы жана мамлекет-тик жогорку административдик кызматтагы адамдарга; - чогуу чет өлкөгө бара турган Кыргыз Республикасынын Президенти-нин, Кыргыз Республикасынын экс-президентинин, Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы-нын үй-бүлөлөрүнө (аялына, күйөөсүнө, балдарына); - чет өлкөгө барууда Кыргыз Республикасынын Президентин, КыргызРеспубликасынын Премьер-министрин, Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин Төрагасын коштоп жүргөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттиккүзөт кызматынын кызматкерлерине; - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дипломаттыккызматтагы кызматкерлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкыиштер министрлигинин дипломаттык курьерлерине; - дипломаттык кызматтарга тењдештирилген кызматтарды ээлеген эларалык жана региондук уюмдардагы Кыргыз Республикасынынөкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине; - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү соода өкүлдөрүнө; - Кыргыз Республикасынын аскердик атташелерине; - Кыргыз Республикасынын Президентинин кењешчилерине жана жардам-чыларына; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасынын кењешчиле-рине; - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кењешчилерине; - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысына; - эл аралык кызматташтык маселелери боюнча иш жүргүзгөн, ээлегенмамлекеттик кызматына карабастан Кыргыз Республикасынын ПрезидентининАдминистрациясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Аппаратынын түзүмдүкбөлүмчөлөрүнүн кызматкерлерине; - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти- не; - Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпия комитетинин президентине; - дипломаттык паспорту бар жана Кыргыз Республикасынын четөлкөлөрү дипломаттык өкүлчүлүктөрүн же консулдук мекемелерин же болбосоэл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгүөкүлчүлүктөрүнө иштөөгө ишсапарларга жиберилген Кыргыз Республикасынынжарандарынын чогуу баруучу үй-бүлө мүчөлөрүнө (аялына, күйөөсүнө, бал-дарына). - Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисининдипломатиялык рангы бар адамдарга. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-октябрындагы № 588
токтомунун редакциясына ылайык) 24. Айрым өлкөлөрдөгү саясый кырдаалды жана чет өлкөлөрдө иштөөнүнбелгилүү бир шарттарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин же Кыргыз Респуб-ликасынын Тышкы иштер министринин тапшыруулары боюнча мамлекеттик кыз-мат адамдарынын айрым категорияларына же коомдук ишмерлерге алардын иш-сапар же чет өлкөдө иштөө мөөнөтүнө өзгөчө тартипте дипломаттык паспортберилиши мүмкүн. 25. Дипломаттык паспорт төмөнкү учурларда алмаштырылат: - дипломаттык паспорттун жарактуулук мөөнөтү аяктаганда; - аты-жөнүн алмаштырганда; - жазуулардагы так эместик табылганда; - пайдаланууга жараксыз болгондо (химиялык же механикалык бузулуу- лар); - баардык визалык барактар колдонулуп бүткөндө. 26. Аты-жөнүн өзгөрткөндө, дипломаттык паспортто так эмес маалы-маттар табылганда дипломаттык паспортту алмаштыруу Кыргыз Республикасы-нын дипломаттык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан КыргызРеспубликасынын Юстиция министрлигинин жарандык абалдын актыларын жазууоргандарынын күбөлүктөрүнүн же башка ушул жагдайларды ырастаган доку-менттердин негизинде жүргүзүлөт. 27. Дипломаттык паспортту жоготкон учурда анын ээси көпкө созбойтөмөнкүлөргө маалымдашы зарыл: Кыргыз Республикасынын аймагында - Кыр-гыз Республикасынын ички иштер органдарына жана Кыргыз РеспубликасынынТышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде- жүргөн өлкөнүн укук коргоо органдарына, Кыргыз Республикасынын дипло-маттык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемесине, мындайлар жок болгонучурда - Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде Кыргыз Респуб-ликасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу эл ара-лык макулдашууларга ылайык ыйгарым укуктуу башка өлкөнүн дипломаттыкөкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине. 28. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде Кыргыз Республи-касынын жараны дипломаттык паспортун жоготкон учурда, Кыргыз Республи-касына киргенге укук берген документ болуп Кыргыз Республикасынын дип-ломаттык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан берилген Кыр-гыз Республикасына кайра кайтып келүү күбөлүгү кептелет. 29. Жањы дипломаттык паспорт Кыргыз Республикасынын Тышкы иштерминистрлигинин мурда берилген паспорттун жарактуулук мөөнөтү аяктаган-дыгы, жоготулгандыгы же бузулгандыгы жөнүндө фактыларды тиешелүү тек-шерүүсүнөн кийин жана дипломаттык паспорттун ээси кызматкери болгонКыргыз Республикасынын министрлигинин, мамлекеттик комитетинин, адми-нистративдик мекемесинин же уюмунун өтүнүч каты боюнча берилет. IV. Дипломаттык паспортту алып коюу 30. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дипломаттык паспорталгачкы текшерүү органдары, тергөө органдары жана соттор тарабынан алыпкоюшу мүмкүн. Көрсөтүлгөн органдар алынып коюлган дипломаттык паспорт-тор тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минист-рлигине жиберет. 31. Алгачкы текшерүү органдары, тергөө органдары жана соттор че-чимдин көчүрмөсү менен бирге алынып коюулган дипломаттык паспорттордуКыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жиберет. Тиешелүүжол-жоболор өткөрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ми-нистрлиги аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтыкресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигине жок кылуу үчүн жи-берет. 32. Дипломаттык паспортту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдаржүйөлүү чечимдеринин негизинде төмөнкү учурларда алып коюшат: - дипломаттык паспортту жасалмалоо; - жалган документтер же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуужолу менен алынган документтер боюнча дипломаттык паспортторду берүүфактылары аныкталганда; - адам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан айрылганда; - адам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда; - дипломаттык паспорттун ээси тиешелүү кызматта эмгек иш-аракетинтоктоткондо. 33. Дипломаттык паспорт төмөнкү учурларда жараксыз деп эсептелет: - анын ээсинин ким экендигин далдаштырууга мүмкүнчүлүк жок болгон-до; - дипломаттык паспортто ушул Жободо каралган өзүнчө жазуулар жокболсо; - дипломаттык паспортко ушул Жободо каралбаган, чындыкка шайкешкелбеген белгилер жана (же) жазуулар киргизилсе; - дипломаттык паспорттун жарактуулук мөөнөтү аяктаса. 34. Дипломаттык паспорт жараксыз деп эсептелгенден кийин, аны ый-гарым укуктуу орган белгиленген тартипте үч нускадан турган акт түзүүжолу менен алып коет. Бул актынын бир нускасы түзүлгөн жерине, экинчиси- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, үчүнчүсү - тиркел-ген жараксыз дипломаттык паспорт менен бирге ушул Жобонун 39-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстаржана технологиялар мамлекеттик агенттигине аны андан ары жок кылуу үчүнжиберилет. 35. Табылган дипломаттык паспорт Кыргыз Республикасынын Тышкы иш-тер министрлигине өткөрүлөт. Керектелбеген, алмаштырууга тиешелүү, жа-рактуулук мөөнөтү аяктаган жана колдонууга жараксыз болгон (химиялыкжана механикалык бузулуулар) дипломаттык паспортторду Кыргыз Республи-касынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-туу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинежок кылуу үчүн жиберилет. V. Дипломаттык паспорттордун бланктарын эсепке алуу жана сактоо 36. Дипломаттык паспорттордун бланктары номурлары боюнча электрон-дук булактарда, так отчеттуулук бланктардын ар күндүк кыймылынын жүрүмжурналында каттодон өтөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМаалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин ба-ланстан тышкары эсептеринде эске алынат. 37. Дипломаттык паспорттордун бланктары атайын жабдылган бөлмөдөөзүнчө турган күйбөс сейфтерде сакталат. VI. Дипломаттык паспортторду тариздөө жана эсепке алуу тартиби 38. Дипломаттык паспортту жолжоболоштуруу жана эсепке алуу тартибиКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жанатехнологиялар мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Тыш-кы иштер министрлигинин биргелешкен буйругу менен бекитилген Нускамагаылайык ишке ашырылат. VII. Дипломаттык паспорттордун бланктарын жоготуу 39. Дипломаттык паспортторду курамына Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттикагенттигинин кызматкерлери кирген комиссия Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттикагенттигинде өрттөө же майдалап кесүү жолу менен жок кылат. VIII. Бул Жобону бузгандыгы үчүн жоопкерчилик 40. Ушул Жобонун талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартышат. IX. Эл аралык келишимдерди колдонуу 41. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишим-де ушул Жободо камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралыккелишимдин эрежелери колдонулат. Эскертүү: (1) Жиберилген текст - документтеги текст. Анын негизинде документээси жөнүндө биографиялык жана башка маалыматтар киргизилет. (2) Киргизилген маалыматтар - документтин ээси жөнүндө биография-лык жана башка маалыматтар. (3) Ыйгарым укуктуу органдын аталышы - дипломаттык паспортту бер-ген органдын аталышы - МFА.