Редакцияот 09.06.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 9-июну № 222                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ               2007-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча               2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында                  кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча                     мамлекеттик программаны ишке                       ашыруунун жүрүшү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер,  мамлекеттик комитет-тер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администра-циялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз  Республи-касында  2006-2007-жылдарда  кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамле-кеттик программаны (мындан ары -  Мамлекеттик  программа)  ишке  ашырууүчүн  тийиштүү иштерди жүргүзүп жатышканын жана бул республикада крими-ногендүү абалды бир аз жакшыртууга шарт түзгөнүн белгилейт.     2007-жылдын 1-кварталында   бардыгы   7743   кылмыш катталган, бул2006-жылдын 1-кварталына (7992) салыштырганда 3,1 процентке аз.     Жасалган оор  жана  өзгөчө  оор  кылмыштардын саны 2006-жылдын ти-йиштүү мезгилине салыштырганда 1,7 процентке азайган.     Адамга каршы  жасалган  кылмыштардын  саны 22,3 процентке (541 ден420га),  менчикке каршылар - 2,4 процентке (4884төн 4766га), өлтүрүүлөр(кол  салуу менен) - 14,9 процентке (114төн 97ге),  зордуктоолор - 14,2процентке (63 төн 54кө),  ден соолукка оор зыян келтирүү менен жасалганкылмыштар - 29,7 процентке (84төн 59га) азайганы белгиленди.     Республикада катталган бардык кылмыштардын (4766)  61,5  процентинменчикке кылмыштуу кол салуулар түзөт.  Алардын структурасында басымдуубөлүгүн (2898 же 60,8 процентин) уурулук,  анын  ичинде  квартиралардануурдоолор (862 же 18 процент) түзүшөт.     Ошону менен бирге эле,  министрликтер, мамлекеттик комитеттер, ад-министрациялык  ведомстволор,  жергиликтүү мамлекеттик администрацияларжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти чыњдоо,кылмыштуулуктун  алдын  алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүп жа-тышкан иштер коюлган талаптарга  жооп  бербейт,  республикада  түзүлгөнкриминогендүү абалдын коомго коркунучтуулугуна жетиштүү баа берилбейт.     Анын себептеринин бири Мамлекеттик программанын иш-чаралары  кана-аттанарлык аткарылбаганында. Кылмыштуулукка каршы күрөштө орчундуу маа-ниге ээ көптөгөн иш-чаралар кээде формалдуу,  толук эмес аткарылат жанатийиштүү натыйжа бербейт.  Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2006-жылдын 22-ноябрындагы N 812 "2006-2007-жылдарга Кыргыз Республика-сында  кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны ишкеашыруунун жүрүшү жөнүндө" токтомунда айтылган.  Атап айтканда,  минист-рликтерге,  мамлекеттик комитеттерге,  администрациялык ведомстволорго,жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз  алдынчабашкаруу органдарына Мамлекеттик программанын иш-чараларын жарандардын,адамдын жана коомдун конституциялык укуктарын кылмыштуу кол салууларданмамлекеттик  коргоону  камсыз кылуу боюнча негизги иш деп эсептөө мененаткарууну улантуу,  ошондой эле Мамлекеттик программаны ишке ашыруу ма-селеси  боюнча  укук  коргоо  органдары менен иштик байланышты жүргүзүүүчүн жооптуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү аныктоо тапшырылган.     Мамлекеттик программаны  аткаруунун  жүрүшүн изилдөөдө министрлик-тер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүүмамлекеттик администрациялар  жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандары республикадагы криминогендүү абалдын татаалдыгына толук баа бе-ришпегени, укук  коргоо  органдарынын,  коомчулуктун жана элдин укуктуктартипти чыњдоого   жана   кылмыштуулукка   каршы   күрөшкө багытталганкүч-аракеттерин мобилизациялоо  боюнча зарыл уюштуруу иштерин толук кө-лөмдө жүргүзүшпөгөнү көрүндү.     Жогоруда айтылгандардын   негизинде  жана  Кыргыз  РеспубликасынынКонституциясынын 73-статьясынын 2-бөлүгүнүн  2-пунктуна  ылайык  КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Министрликтердин жана  ведомстволордун  Кыргыз  Республикасында2006-2007-жылдарда  кылмыштуулукка  каршы  күрөшүү  боюнча  мамлекеттикпрограмманын иш-чараларын 2007-жылдын 1-кварталында аткаруу боюнча  иш-тери жетишсиз деп табылсын.     2. Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, Кыргыз Республика-сынын ички  иштер министри, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы ко-митетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылыкполициянын директору,   Кыргыз   Республикасынын  Бањгизатка контролдукагенттигинин директору  Кыргыз  Республикасында 2006-2007-жылдарда кыл-мыштуулукка каршы  күрөшүү боюнча мамлекеттик программанын иш-чараларынаткаруу боюнча бардыгын камтыган чараларды көрүшсүн.     3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-касынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жарандардын коомдук жа-на жеке коопсуздугуна кол салуучу укук  бузууларды  өз  убагында  алдыналуу,  токтотуу, аныктоо жана ашкерелөө үчүн өз ара байланышта иштөөнүндењгээлин жогорулатышсын.     4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети,Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министрлиги кызыкдар мамлекеттик ор-гандар менен  бирдикте туруктуу негизде улуттар арасында жана диний не-гизде чыр-чатактардын  чыгышына  өбөлгө  түзүүчү белгилерди, себептердижана шарттарды өз убагында аныктоо боюнча комплекстүү иш-чараларды жүр-гүзүшсүн.     5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык  полиция,  Кыргыз  РеспубликасынынМамлекеттик  бажы комитети кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнчакылмыш иштерди өз убагында жана сапаттуу тергөө жана келтирилген  мате-риалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүшсүн.     6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча  башкаруу органдарынын башчылары "Кыргыз Республикасындагы укукбузуулардын  алдын  алуу  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамынын14-статьясына ылайык:     - тийиштүү структуралардын жана ведомстволордун  коомдук  тартиптисактоону,  кылмыштуулукка  каршы  күрөшүүнү жана укук бузуулардын алдыналууну  камсыздоодо  өз  ара  байланышта  иштөөлөрү  боюнча   чаралардыкөрүшсүн;     - ички иштер органдарынын кызматкерлерин керектүү  кызматтык  жай-лар,  материалдык-техникалык  каражаттар  менен камсыздашсын жана туракжайтиричилик шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтүшсүн;     - коллегиялардын  жыйындарында Мамлекеттик программанын иш-чарала-рын тийиштүү  түрдө аткарууну камсыздабаган кызмат адамдарынын жоопкер-чиликтерин карашсын  жана  күнөөлүү адамдарга тиешелүү тартиптик таасирэтүү чараларын колдонушсун.     7. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына укук коргоо орган-дарынын жарандардын коомдук жана жеке коопсуздуктарын камсыздоо  боюнчаиштеринде  мыйзамдын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү боюнча кошумча чара-ларды көрүү сунушталсын.     8. Мамлекеттик  программаны ишке ашырууга тартылган министрликтер,мамлекеттик комитеттер,  администрациялык ведомстволор жана жергиликтүүмамлекеттик администрациялар:     - квартал сайын Кыргыз Республикасынын  Ички  иштер  министрлигинежалпылоо үчүн тийиштүү маалымат беришсин;     - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жалпыланган маалы-матты  квартал  сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына бериптурсун.  Мамлекеттик программанын айрым  пункттары  толук  аткарылгандааларды  контролдон алып салуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ап-паратына сунуштарды киргизсин.     9. Министрликтердин,  мамлекеттик  комитеттердин, администрациялыкведомстволордун жана     аткаруу     бийлигинин     башка  органдарынын2006-2007-жылдарга карата Мамлекеттик программанын иш-чараларын аткаруубоюнча иштеринин  жыйынтыктары 2007-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн жыйынында каралсын.     10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-ноябрындагы  №812  "2006-2007-жылдарга  Кыргыз  Республикасында  кылмыштуулукка каршыкүрөшүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун  жүрүшү  жөнүндө"токтомунун 4, 5 жана 11-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин.   Премьер-министри                                   А.Атамбаев