Бишкек шаары, Өкмөт үйү2007-жылдын 9-июну № 225 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ Кыртыш астындагы суулардын дењгээлинин көтөрүлүү себептерин иликтөө жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарын, айыл чарба жерлерин коргоо жөнүндө Кыртыш астындагы суулардын дењгээлинин көтөрүлүүсебептерин иликтөө жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунунКарасуу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарын,айыл чарба жерлерин коргоо үчүн иш-чараларды иштеп чыгуубоюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-ноябрындагы № 661-6буйругу менен түзүлгөн комиссиянын сунушунун негизиндеКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайраиштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментиКыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районундагыСавай айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарын жана айыл чарбажерлерин суу каптоодон коргоого карата иш-чаралардынкомплексин иштеп чыгуу жана себептерин изилдөө боюнчадолбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга бирдиктүүзаказчы болуп аныкталсын. 2. “Кыргызсуудолбоор” ачык акционердик коомуна КыргызРеспубликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистрлигинин Кыргыз илим-изилдөө ирригация институту жанаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жанаминералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыргызкомплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы менен бирдиктеушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн калктуу конуштардажана айыл чарба жерлеринде кыртыш астындагы суулардынкөтөрүлүү дењгээлин азайтуу боюнча инженердик-изилдөөиштеринин комплексин аткаруу жана долбоордук-сметалыкдокументацияларды иштеп чыгуу жүктөлсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “КыргызРеспубликасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду киргизүү менен долбоордук-изилдөө жанаавариялык-калыбына келтирүү иштерин каржылоо үчүн 2007-жылгакошумча каражаттарды бөлүүнү камсыз кылсын: - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайраиштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинедолбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүүгө 4 млн. сом; - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинеОш облусунун Карасуу районундагы Савай айыл өкмөтүнүнкалктуу конуштарын жана айыл чарба жерлерин суу каптоодонкоргоо боюнча иштерди жүргүзүүгө жана иштеп жатканколлектордук-дренаждык тармактарды тазалоого 12 млн. сом. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктуктартип жана коопсуздук бөлүмүнө жана агрардык өнүктүрүүбөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев