Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 9-июну № 226
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
тышкы карызынын оорчулугун жењилдетүү боюнча
иш-чаралар планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын оорчулугун
жењилдетүү жана тышкы карызынын андан аркы көбөйүшүнүн алдын алуу мак-
сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын оорчулугун
жењилдетүү боюнча иш-чаралардын тиркелген планы (мындан ары - Иш-чара-
лар планы) бекитилсин.
2. Иш-чаралар планынын жооптуу аткаруучулары:
- Иш-чаралар планын сөзсүз аткарууну камсыз кылышсын;
- квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 10уна чейин жо-
горуда аталган Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги квартал сайын, от-
четтук кварталдан кийинки айдын 20сына чейин Иш-чаралар планын аткаруу
жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип тур-
сун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы-экономика башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 9-июнундагы
№ 226 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы
карызынын оорчулугун жењилдетүү
боюнча иш-чаралар планы
-----------------------------------------------------------------------
|№ | Иш-чаралар | Жооптуу |Аткаруу мөөнөтү|
| | | аткаруучулар | |
|--|---------------------------------|----------------|---------------|
|1 |Кыргыз Республикасынын тышкы |Финмин, Улуттук |2007-жыл |
| |карызын реструктуралаштыруу |банк (макулдашуу| |
| |маселеси боюнча өлкө-кредиторлор |боюнча), | |
| |менен сүйлөшүүлөрдү төмөнкү |Экономсоодамин, | |
| |багыттар боюнча жүргүзүү: |ТИМ | |
| |- жоюу мөөнөтүн узартуу жана | | |
| |карызды, ошондой эле проценттик | | |
| |ставкаларды эсептен чыгаруу; | | |
| |- конверсиялык операциялар; | | |
| |- карызды реструктуралаштыруунун | | |
| |башка формалары | | |
|--|---------------------------------|----------------|---------------|
|2 |Өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо |Финмин, Улуттук |2007-жыл |
| |жолу менен тышкы карызды жоюуну, |банк (макулдашуу| |
| |анын ичинде тоолуу райондорду |боюнча), | |
| |өнүктүрүүнү жана экологияны |Экономсоодамин, | |
| |караган конверсиялык |ТИМ, Тоолуу | |
| |программаларга, ошондой эле |райондорду | |
| |социалдык мүнөздөгү |туруктуу | |
| |программаларга жана Кыргыз |өнүктүрүү | |
| |Республикасынын тышкы карызын |маселелери | |
| |кыскартуу боюнча эл аралык |боюнча Кыргыз | |
| |уюмдардын башка демилгелерине |Республикасынын | |
| |Кыргыз Республикасынын катышуусу |Президентинин | |
| |жөнүндө маселени иштеп чыгуу |атайын өкүлү | |
| | |(макулдашуу | |
| | |боюнча) | |
|--|---------------------------------|----------------|---------------|
|3 |Кийин Кыргыз Республикасынын |Маммүлкком, |2007-2008-жыл- |
| |Өкмөтүнө сунуш киргизүү менен |Финмин, |дар |
| |Кыргыз Республикасынын карызын |Финкөзөмөл | |
| |жоюунун эсебине чарбакер |кызматы, ТИМ | |
| |субъектилердин акцияларынын | | |
| |мамлекеттик пакетин алмашуу | | |
| |боюнча иш жүргүзүү | | |
|--|---------------------------------|----------------|---------------|
|4 |Жоюу мөөнөтү узак мамлекеттик |Финмин, |2007-жыл |
| |баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча |Финкөзөмөл | |
| |маселени иштеп чыгуу |кызматы, | |
| | |Улуттук банк | |
| | |(макулдашуу | |
| | |боюнча) | |
|--|---------------------------------|----------------|---------------|
|5 |Мамлекеттик баалуу кагаздардын |Финмин |2007-жыл |
| |жагымдуулугун жогорулатуу үчүн | | |
| |алардын портфелин | | |
| |диверсификациялоо боюнча иш | | |
| |жүргүзүү | | |
|--|---------------------------------|----------------|---------------|
|6 |Фондулук биржада мамлекеттик |Финмин, |2007-жылдын |
| |баалуу кагаздарды жайгаштыруунун |Финкөзөмөл |III-IV кварталы|
| |максатка ылайыктуулугу жөнүндө |кызматы, Улуттук| |
| |сунушту Кыргыз Республикасынын |банк (макулдашуу| |
| |Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү |боюнча) | |
|--|---------------------------------|----------------|---------------|
|7 |Эл аралык финансы институттары |Финмин, Улуттук |2007-жылдын |
| |жана донор-өлкөлөр менен алар |банк (макулдашуу|III-IV кварталы|
| |тарабынан өтө жењилдиктүү |боюнча), ТИМ, | |
| |кредиттер жана гранттар |министрликтер, | |
| |формасында Кыргыз Республикасына |мамкомитеттер, | |
| |жардам көрсөтүү боюнча иш |администрациялык| |
| |жүргүзүү |ведомстволор | |
| | |жана аткаруу | |
| | |бийлигинин | |
| | |башка органдары | |
|--|---------------------------------|----------------|---------------|
|8 |Эл аралык финансы институттары |Финмин, |2007-жылдын |
| |менен техникалык гранттарды берүү|Экономсоодамин, |III-IV кварталы|
| |формасында алардын эсебинен |Улуттук банк | |
| |консультациялык кызматтарга төлөө|(макулдашуу | |
| |мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу |боюнча) | |
|--|---------------------------------|----------------|---------------|
|9 |Мурда берилген кредит жана |Финмин, Улуттук |2007-2008-жыл- |
| |ссудага карата карызды кайтаруу |банк (макулдашуу|дар |
| |боюнча активдүү чараларды көрүү |боюнча), | |
| | |министрликтер, | |
| | |мамкомитеттер, | |
| | |администрациялык| |
| | |ведомстволор | |
| | |жана аткаруу | |
| | |бийлигинин | |
| | |башка органдары | |
|--|---------------------------------|----------------|---------------|
|10|Мурда берилген мамлекеттик кредит|Финмин |2007-жылдын |
| |жана ссудалар боюнча мөөнөтүн | |III кварталы |
| |жылдыруу жана узартуу (анын | | |
| |ичинде реструктуралаштыруу) | | |
| |тартибин катуулатуу боюнча Кыргыз| | |
| |Республикасынын Өкмөтүнүн | | |
| |токтомунун долбоорун белгиленген | | |
| |тартипте даярдоо жана Кыргыз | | |
| |Республикасынын Өкмөтүнүн | | |
| |кароосуна киргизүү | | |
|--|---------------------------------|----------------|---------------|
|11|Мамлекеттик артыкчылыктары ылайык|Финмин |2007-жыл |
| |жењилдетилген кредиттерди | |III кварталы |
| |(45 проценттен кем эмес грант- | | |
| |элемент) гана тартууга чектөө | | |
| |киргизүү жөнүндө Кыргыз | | |
| |Республикасынын Өкмөтүнүн | | |
| |токтомунун долбоорун белгиленген | | |
| |тартипте даярдоо жана Кыргыз | | |
| |Республикасынын Өкмөтүнүн | | |
| |кароосуна киргизүү | | |
|--|---------------------------------|----------------|---------------|
|12|Мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө|Финмин |2007-жылдын |
| |мораторий белгилөө жөнүндө Кыргыз| |III кварталы |
| |Республикасынын Өкмөтүнүн | | |
| |токтомунун долбоорун белгиленген | | |
| |тартипте даярдоо жана Кыргыз | | |
| |Республикасынын Өкмөтүнүн | | |
| |кароосуна киргизүү | | |
|--|---------------------------------|----------------|---------------|
|13|Жењилдетилбеген тышкы карыздарды |Финмин |2007-жылдын |
| |тартууга чектөө киргизүү жөнүндө | |III кварталы |
| |Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн | | |
| |токтомунун долбоорун белгиленген | | |
| |тартипте даярдоо жана Кыргыз | | |
| |Республикасынын Өкмөтүнүн | | |
| |кароосуна киргизүү | | |
|--|---------------------------------|----------------|---------------|
|14|Ар жылкы мамлекеттик карыздардын |Финмин, |2007-жылдын |
| |чектик көлөмдөрүн аныктоо |Экономсоодамин, |III кварталы |
| | |Улуттук банк | |
| | |(макулдашуу | |
| | |боюнча) | |
-----------------------------------------------------------------------