КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 20-июну № 233/15-4 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ПРОФСОЮЗДАР ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ 2007-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө 2007-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруубоюнча иш-чараларды өткөрүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыр-гыз Республикасында балдардын абалын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис ча-ралар жөнүндө" 2006-жылдын 20-январындагы № 24 Жарлыгынан келип чыкканмилдеттерди ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызс-тан профсоюздар федерациясынын жана жумуш берүүчүлөрдүн республикалыкбирикмесинин ортосундагы Башкы макулдашуунун балдарды социалдык жактанкоргоону күчөтүү, эс алуусун уюштуруу жана ден соолугун чыњдоо бөлүгүнаткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргызстан проф-союздар федерациясынын кењеши токтом кылышат: 1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, жер-гиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары жана профсоюз органдарынын жетекчилери: - жайкы мезгилде балдарды уюшкандыкта эс алууга болушунча көбүрөөктартууну камсыздашсын; - көп тараптуу макулдашууларда жана түзүлчү жамааттык келишимдердебалдардын эс алуу жана ден соолукту чыњдоо системасына мамлекеттик жанабашка колдоо көрсөтүүнү, балдардын ден соолугун чыњдоочу жайларды сак-тоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү камсыздоочу чараларды караш-сын; - балдардын эс алуу индустриясын өнүктүрүүгө багытталган инвести-цияларга жана башка ишкердикке ар тараптуу колдоо көрсөтүшсүн; - жалпы билим берүүчү мектептердин, мектепке чейинки жана мектеп-тен тышкаркы мекемелердин алдында балдардын күндүзгү болуусу менен эсалуу лагерлерин уюштуруу боюнча резервдерди пайдаланышсын; - балдардын ден соолук чыњдоо борборлорун керектүү жабдуулар жанашаймандар, тамак-аш азыктары менен камсыздашсын, балдардын эс алуусунжана тейлөөнүн сапатын жогорулатуу боюнча конкреттүү чараларды иштепчыгышсын. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, майып балдарды, ошондойэле тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж болгон балдарды жайкы мезгил-де ден соолугун чыњдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн Кыргыз Респуб-ликасынын Билим берүү жана илим министрлигине өз убагында каражатбөлүүнү карасын. 3. Кыргызстан профсоюздар федерациясы: - республикалык бюджеттин максаттуу каражаттарынын эсебинен жетимбалдардын, майып балдардын, аз камсыз жана социалдык жактан аялууүй-бүлөлөрдөгү балдардын, балдар үйлөрүнүн, мектеп-интернаттардын тар-биялануучулынын, башталгыч кесиптик билим берүү системасындагы окуужайлардын, ошондой эле Беловодскидеги атайын мектеп-интернаттын окуучу-ларынын жайкы эс алуусун камсыз кылсын; - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик ав-томобиль инспекциясынын балдар түшкөн автобустарды балдардын ден соолу-гун чыњдоо борборлоруна коштоп барууда көрсөткөн кызматына акыны өзучурунда төлөсүн; - бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин профсоюз комитеттеринедаректүү социалдык коргоого муктаж балдар үчүн акысыз жолдомолордун са-нын бекитилген сметалардын чегинде өз алдынча аныктоого, ошондой элеүй-бүлөлөрдүн материалдык абалына жараша жолдомолордун акысынын бөлүгүнтөлөөнү бөлүштүрүүгө укук берсин; - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, КыргызРеспубликасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Билимберүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана соци-алдык өнүктүрүү министрлигине, Кыргыз Республикасынын Транспорт жанакоммуникациялар министрлигине балдардын ден соолугун чыњдоо борборлору-нун тизмесин аларды педагогикалык жана медициналык кадрлар, чарбалыкжана тейлөөчү кызматкерлер менен өз убагында комплектилөө, ошондой элебалдарды ташуунун коопсуздугун жана керектүү укук тартибин камсыздоомаксатында алардын жайгашкан жерлерин, нөөмөттөрдүн санын, келүүнүн жа-на кетүүнүн графигин көрсөтүү менен берсин; - 2007-жылдын 25-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ап-паратына балдардын ден соолугун чындоо борборлорунун паспорттоштурулушужана балдарды кабыл алууга даярдыктары жөнүндө маалыматтарды берсин. 4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги: - жайкы мезгилде аз камсыз үй-бүлөлөрдөгү балдардын, майып балдар-дын, ошондой эле тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж болгон оорулуубалдардын ден соолугун чыњдоо боюнча иш-чараларды Кыргызстан профсоюз-дар федерациясынын уюштурушу үчүн чыгымдоолорго 5 млн. сом каражат ка-расын; - тарбиялоо процессин өнүктүрүүнү колдоо, ошондой эле балдардындене тарбиясынын дењгээлин жогорулатуу жана билим берүү, мектептен тыш-каркы жана спорт уюмдарында спорт, туризм менен машыгуу, сергек жашоомүнөзүнүн көндүмдөрүнө окутуу үчүн шарттарды түзүү максатында мектепалдында балдар аянтчаларын уюштурсун, мугалимдер жана тарбиячылар, денетарбия мугалимдери үчүн семинарларды өткөрсүн. 5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; - берилген нормаларга жана талаптарга ылайык зарыл дары-дармек ка-ражаттары менен камсыз кылып, медициналык пункттарды уюштурсун; - тейлөө кызматкерлеринин медициналык кароодон өтүшүнө жана сани-тардык минимум тапшырышына контролду камсыздасын, ошондой эле ичүүчүсуунун жана тамак-аш азыктарынын сапатына тандап лабораториялык тек-шерүү жүргүзсүн; - тийиштүү аймактык дарылоо-алдын алуучу мекемелерди балдардын денсоолугун чыњдоочу мекемелерге шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүнбекитип берсин; - жугуштуу оорулар менен байланышы болбогондугу жөнүндө маалымкат-тарды берүү менен өспүрүмдөрдү балдардын ден соолугун чыњдоочу борбор-лорго жөнөтөөрдүн алдында алардын медициналык кароодон өтүшүн камсызда-сын; - социалдык жактан опурталдуу топтордогу балдардын жанаөспүрүмдөрдүн токсикоманияга текшерилишин камсыздасын; - балдардын ден соолугун чыњдоочу борборлордун кызматкерлери меди-циналык комиссиядан акысыз өтүшүн камсыздасын. 6. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна"Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр" жана "Түндүк электр"ачык акционердик коомдорунун бөлүштүрүүчү компаниялары менен бирдиктебалдардын эс алуу мезгилинде балдардын ден соолугун чыњдоочу борборлор-ду электр энергиясы менен камсыздоодо үзгүлтүккө жол бербөө боюнча ча-раларды көрүү сунушталсын. 7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына республиканын коммерция-лык банктарынын балдардын ден соолугун чыњдоочу борборлорду балдар эсалуучу мезгилде каржылоого байланыштуу финансылык операцияларды өз уба-гында жүргүзүү боюнча иштерин контролдоо сунушталсын. 8. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары балдарды өз учурунда балдардын ден соолугунчыњдоочу борборлорго жеткирүүнү жана кайра алып келүүнү камсыз кылуумаксатында балдардын эс алуусун уюштуруучулардын өтүнмөлөрү боюнча тех-никалык жактан оњ абалдагы транспорт беришсин. 9. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги: - балдар түшкөн автобустардын уюштурулган колонналарын коштоо учу-рунда жол кыймылынын коопсуздугун жана ден соолук чыњдоочу мекемелердеукуктук тартипти камсыздасын Коштоону акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүнтарифине ылайык жүргүзсүн; - балдарды ташууга тартылган автотранспорттун техникалык абалынажана тажрыйбалуу айдоочулардын тандалышына контролду күчөтсүн. 10. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынабалдардын ден соолук чыњдоочу борборлоруна балдарды жеткирүүдө жанакайра алып келүүдө темир жол транспорту менен ташууга жењилдетилген та-риф колдонуу жана коопсуздукту камсыздоо сунуш кылынсын. 11. 2007-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республи-калык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн. 12. 2007-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республи-калык штаб ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө жана Кыргызстан профсоюздар федерациясына 2007-жылдын 1-нояб-рына чейинки мөөнөттө маалымат берсин. 13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгынажүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Кыргызстан профсоюздар Премьер-министри федерациясынын төрагасы А.Атамбаев С.Бозгунбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кењешинин 2007-жылдын 20-июнундагы N 233/15-4 токтомуна тиркеме 2007-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республикалык штабдын КУРАМЫ Ташпаева Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгы- нын начальниги, штабдын жетекчиси; Жаналиев Т.Н. - Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы- нын биринчи орун басары, штабдын жетекчисинин орун басары. Штабдын мүчөлөрү: Гуронов О.Н. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары; Мамбеталиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы; Мамаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуни- кациялар министрлигинин статс-катчысы; Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Иманалиева Э.С. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Каратаев М.М. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо ми- нистринин орун басары. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов