КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 20-июну № 235 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Жогоруда аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам дол-боорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр А.Атамбаев Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө 1-статья. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин ведомосттору, 1998-жыл, № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй толуктоокиргизилсин: 6-статьянын алтынчы абзацы "аскердик кызматтын милдеттери;" дегенсөздөрдөн кийин "ички иштер органдарынын катардагы жана жетекчи курамы-нан чыккан адамдар;" деген сөздөр менен толукталсын. 2-статья. Бул Мыйзам 2007-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти