Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 21-июлу N 237
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн
2008-жылдагы жазгы айдап себүүгө жаздык дан өсүмдүктөрүнүн
сорттуу үрөндөрү жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен
камсыз кылууда аларга мамлекеттик колдоо
көрсөтүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 28-декабрындагы № 629 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү соњку жылдарда республиканын облус-
тарында жана райондорунда себүү аянттарынын кыскаруу жана кылкандуу дан
өсүмдүктөрүнүн, өзгөчө буудайдын жана арпанын түшүмдүүлүгүнүн төмөндөө
тенденциясы орун алгандыгын белгилейт. Түшүмдүүлүктүн азайышынын негиз-
ги себептеринин бири республиканын чарбакер субъекттери колдонгон себүү
материалынын сапатынын төмөндүгү болуп саналат. Эгерде жалпысынан
күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрү боюнча кырдаал үрөнчүлүк чарбаларынын
жана башка чарбакер субъекттердин мамлекеттик карызын сорттуу үрөндөр
менен төлөөнүн эсебинен мамлекеттик үрөн фондунда себүүгө жетишпеген
күздүк буудайдын үрөнүн себүү үчүн жетиштүү көлөмүн топтоого мүмкүндүк
берсе, жаздык себүү үчүн колдонулган жаздык буудайдын жана арпанын
үрөнүн өтө чектелген санда гана топтоого мүмкүн болот, анткени респуб-
ликанын бийик тоолуу региондорунун чарбалары аларды өндүрүү үчүн иш
жүзүндө эч кандай мүмкүнчүлүктөрү болбогонуна карабастан дал ушул
үрөндөрдү сатып алууга барган сайын муктаж болууда.
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү, айрыкча бийик тоолуу региондорду жа-
на жаратылыштык-климаттык шарттары оор жана ыњгайсыз райондорду жаздык
буудай жана арпанын үрөндөрү менен камсыз кылуудагы проблемаларды чечүү
үчүн жетишпеген жаздык кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнүн түз сатып
алууга Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигине бюджеттик каражаттарды бөлүү талап кылат. Бирок, бул
каражаттарды бөлүү жыл сайын өтө кечигүү менен ишке ашат, натыйжада
республиканын көпчүлүк региондорунда оптималдуу агротехникалык
мөөнөттөр өтүп кеткендиктен айылдык товар өндүрүүчүлөр алар үчүн Ми-
нистрлик сатып алган жогорку сапаттуу сорттуу үрөндү сатып алуудан баш
тартууга мажбур болушат жана айдап-себүү үчүн түшүмдүүлүк касиети төмөн
болгон сапаты начар себүү материалдарын колдонушат. 2007-жылы жазгы ай-
дап себүүгө бар болгону жаздык буудайдын 556 тонна үрөнү жана жаздык
арпанын 350 тонна үрөнү түз сатып алынган, ал эми аларга болгон ке-
ректөө бир канча эсеге көп.
Республиканын үрөнчүлүк чарбаларында пландуу түрдө сорттуу жањылоо
максаты үчүн супер-элита жана элита үрөндөрүн сатып алууну жүргүзүүдө
өтө начар абал түзүлгөн, бул үрөндөр ал материалдын түшүмдүүлүк сапат-
тарын кыйла жогорулатууну жана анын чарбалык жарактуулугун камсыз кы-
лат. Финансылык оор абалга байланыштуу республиканын көпчүлүк үрөнчүлүк
чарбалары сортту жањылоо үчүн жетишпеген супер-элита жана элита үрөнүн
сатып алууга жөндөмсүз жана дыйкандар менен фермерлерде суроо-талап ме-
нен пайдаланылбаган, жогорку түшүмдүүлүк касиеттери жана зарыл чарбалык
биологиялык сапаттары жок үчүнчү жана массалык репродукциядагы үрөн
өндүрүшөт.
Жыл сайын жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү мезгилинде айылдык товар
өндүрүүчүлөрдө күйүүчү-майлоочу материалдарды жана дизель отунун сатып
алууда, айрыкча республиканын алыскы жана бийик тоолуу региондорунда
кыйла кыйынчылыктар келип чыгат. Мындан тышкары бул региондордо масса-
лык айыл чарба жумуштарынын мезгилинде демейде күйүүчү-майлоочу матери-
алдарга жана дизель отунуна чакан дыйкан менен фермер чарбалары үчүн ал
жетпегендей эњ кымбат чекене баалар түзүлөт.
2008-жылда жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө өз учурунда даярдык
көрүү жана жазгы айдап себүүнү жүргүзүүгө материалдык-техникалык ре-
сурстар менен камсыз кылуу бөлүгүндө республиканын айылдык товар
өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелерин убагында чечүү
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- алынган товардык кредиттерди 2008-жылдын 1-декабрына чейин төгүп
берүү мөөнөтү менен республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн, облус-
тардын жана райондордун үрөнчүлүк чарбаларын, айрыкча бийик тоолуу ре-
гиондорду жана жаратылыштык-климаттык шарттары татаал жана ыњгайсыз ра-
йондорду процентсиз кредиттөө максатында жаздык буудайдын жана жаздык
арпанын жогорку сапаттуу сорттук үрөндөрүн сатып алууну жүргүзүү үчүн
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай ми-
нистрлигине 2008-жылдын I кварталынын башталышында 35,5 млн. сом бюд-
жеттик каражаттарды бөлсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуу-
лар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке мамлекет-
тик материалдык резервге 10 мињ куб. метр дизель отунун сактоого коюу
үчүн зарыл акча каражатын бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туура-
луу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте кир-
гизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги бөлүнгөн 35,5 млн. сом бюджеттик каражаттардан:
- 22,3 млн. сомду N 1 тиркемеге ылайык көлөмдө айылдык товар
өндүрүүчүлөрдөгү себүү материалдарынын тартыштыгын жоюу жана өндүрүштүк
айдап-себүүлөрдү белгиленген жөнгө салууну камсыз кылуу үчүн жаздык бу-
удайдын жана жаздык арпанын биринчи, экинчи жана үчүнчү репродукциялар-
дагы сорттуу үрөнүн тендердик сатып алууга пайдалансын;
- сортту жањылоонун пландык программасын аткаруу үчүн N 2 тиркеме-
ге ылайык көлөмдөрдө кийин республиканын үрөнчүлүк чарбаларына берүү
үчүн жаздык буудайдын жана жаздык арпанын сорттуу супер-элиталуу жана
элиталык үрөнүн түз сатып алууга 13,2 млн. сом жумшасын.
3. Облустар менен райондордун мамлекеттик администрация башчылары
мамлекеттик үрөнчүлүк контролдоо органдар менен бирдикте пландуу сортту
жањылоону жүргүзүү менен ар бир үрөнчүлүк чарбасындагы иштин абалын
2007-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө талдап чыксын жана Кыргыз Рес-
публикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине
жаздык буудайдын жана жаздык арпанын үрөнүн 2008-жылдагы жазгы айдоо
үчүн сатып алууга негизделген суроо-талап берсин, анын ичинде
төмөнкүлөр үчүн:
- биринчи топтогу үрөнчүлүк чарбалары - супер-элита үрөнүн;
- тиешелүү мамлекеттик статусу бар экинчи топтогу үрөнчүлүк чарба-
лары - элита үрөнүн.
4. Жалалабат, Ысыккөл, Нарын жана Чүй облустарынын мамлекеттик ад-
министрация башчылары N 1 тиркемеде көрсөтүлгөн көлөмдөрдө ушул
өсүмдүктөрдүн өндүрүштүк себүүлөрүн 2008-жылдагы жазгы айдап-себүүнү
жүргүзүүгө коюу үчүн жаздык буудайдын жана жаздык арпанын биринчи,
экинчи жана үчүнчү репродукциядагы үрөнүн сатып алууга Кыргыз Республи-
касынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине
2007-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө негизделген эсептөөлөрдү бе-
ришсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-
улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бөлүнүүчү
бюджеттик каражаттан 10 мињ куб. метр дизель отунун белгиленген тартип-
те сатып алсын;
-10 мињ куб. метр дизель отунун мамлекеттик материалдык резервден
брондон чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра
иштетүү өнөр жай министрлигинин түзүмдүк аймактык подразделениелери ме-
нен макулдашылган, райондордун мамлекеттик администрацияларынын жана
айыл өкмөттөрүнүн разнарядкалары боюнча аларды сактоого байланышкан
сарптоолорду эске алуу менен сактоого коюу баасы боюнча айылдык товар
өндүрүүчүлөргө сатсын;
- 2008-жылдын 1-февралынан тартып дизель отунун N 3 тиркемеге ыла-
йык көлөмдөрдө берүүнү камсыз кылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы-экономика башкармалыгына жана агрардык
өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 21-июнундагы
N 237 токтомуна
N 1 тиркеме
2008-жылдагы жаздык себүүлөргө айылдык товар өндүрүүчүлөргө
берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан түз сатып
алынган жаздык буудайдын жана жаздык арпанын сорттуу
үрөндөрүн бөлүштүрүү
(тонна)
-----------------------------------------------------------------------
|Облустардын аталышы |Жаздык буудайдын |Жаздык арпанын |
| |биринчи, экинчи |биринчи, экинчи |
| |жана үчүнчү |жана үчүнчү |
| |репродукциялардагы |репродукциялардагы |
| |берилүүчү үрөнүнүн |берилүүчү үрөнүнүн |
| |өлчөмү |өлчөмү |
|-----------------------|-----------------------|---------------------|
|Жалалабат | 200 | - |
|-----------------------|-----------------------|---------------------|
|Ысыккөл | 100 | 50 |
|-----------------------|-----------------------|---------------------|
|Нарын | 400 | 800 |
|-----------------------|-----------------------|---------------------|
|Чүй | 500 | 200 |
|-----------------------|-----------------------|---------------------|
|Республика боюнча | 1200 | 1050 |
|бардыгы | | |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат Жетекчиси - министри М.Исмаилов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 21-июнундагы
N 237 токтомуна
N 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статусу бар
үрөнчүлүк чарбалары сортту жањылоону жүргүзүүгө
2008-жылдагы жаздык себүү үчүн жаздык
буудайдын жана жаздык арпанын
сорттуу супер-элиталуу жана
элиталуу үрөндөрүн
бөлүштүрүү
(тонна)
-----------------------------------------------------------------------
|Облустардын аталышы | Биринчи топтогу | Экинчи топтогу |
| |үрөнчүлүк чарбалар үчүн| үрөнчүлүк чарбалар |
| | супер-элита үрөнү | үчүн элита үрөнү |
| |-----------------------|---------------------|
| | жаздык |жаздык арпа| жаздык |жаздык арпа|
| | буудай | | буудай | |
|-----------------------|-----------|-----------|---------|-----------|
|Баткен | 10 | - | 10 | 10 |
|-----------------------|-----------|-----------|---------|-----------|
|Жалалабат | 5 | - | 5 | 10 |
|-----------------------|-----------|-----------|---------|-----------|
|Ысыккөл | 10 | 29 | - | - |
|-----------------------|-----------|-----------|---------|-----------|
|Нарын | 10 | 10 | 140 | 100 |
|-----------------------|-----------|-----------|---------|-----------|
|Ош | - | - | - | - |
|-----------------------|-----------|-----------|---------|-----------|
|Талас | - | - | 10 | 20 |
|-----------------------|-----------|-----------|---------|-----------|
|Чүй | - | - | - | 100 |
|-----------------------|-----------|-----------|---------|-----------|
|Республика боюнча | 35 | 39 | 165 | 240 |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат Жетекчиси - министри М.Исмаилов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 21-июнундагы
N 237 токтомуна
N 3 тиркеме
2008-жылдагы жазгы себүүлөргө айыл өкмөттөрүнүн
разнарядкалары боюнча Кыргыз Республикасынын
айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө накталай эсептешүү
менен берүү үчүн мамлекеттик материалдык
резервден брондон чыгарылган
дизель отунун
бөлүштүрүү
-----------------------------------------------------------------------
| Облустардын аталышы | Бөлүнгөн дизель отунунун өлчөмү |
| | (куб. метр) |
|-----------------------------------|---------------------------------|
|Баткен | 1000 |
|-----------------------------------|---------------------------------|
|Жалалабат | 1600 |
|-----------------------------------|---------------------------------|
|Ысыккөл | 1600 |
|-----------------------------------|---------------------------------|
|Нарын | 1600 |
|-----------------------------------|---------------------------------|
|Ош | 1600 |
|-----------------------------------|---------------------------------|
|Талас | 1000 |
|-----------------------------------|---------------------------------|
|Чүй | 1600 |
|-----------------------------------|---------------------------------|
|Республика боюнча | 10000 |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат Жетекчиси - министри М.Исмаилов