Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 21-июну № 241
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону
өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү жана 2007-жылы
кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү жүргүзүү
программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул жылдын кыш жана жаз айларындагы
ыњгайлуу аба ырайы-климаттык шарттар күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрү-
нүн себүүлөрүнүн кыштан жакшы чыгышына, ошондой эле жаздык айыл чарба
өсүмдүктөрүн себүүлөрдү оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө жүргүзүү-
гө көмөкчү болгондугун белгилейт. Айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүлөрдө
зыянкечтерге, өсүмдүк илдеттерине жана отоо чөптөргө каршы күрөшүү өт-
көн жылдагыдан жакшы уюштурулган, бардык жерлерде өсүмдүктөргө тиешелүү
кам көрүү жүргүзүлгөн. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу айыл чарба
өсүмдүктөрүнүн түшүмүн көбүрөөк көлөмдө өстүрүүгө мүмкүндүк берет. Жый-
ноо, айдоо жана себүү иштерин ийгиликтүү жүргүзүү үчүн республикалык
машина-трактордук айыл чарба паркы өткөн жылдын төртүнчү кварталында
жана быйылкы жылдын биринчи кварталында кытай өндүрүшүндөгү 1205 соко-
луу трактор, россия өндүрүшүндөгү эгин жыйноочу жогорку өндүрүмдүү "Ни-
ва-Эффект" маркасындагы 70 комбайн менен толукталган.
Ошону менен бирге эле кыйла түшүмдүү аштык дан өсүмдүктөрүн күздүк
буудайды себүү аянттарынын өлчөмдөрүнүн азаюу тенденциясы сакталууда,
бул республиканын азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч түзөт. Буга кылкан-
дуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөндүк себүү аянттарынын жыл сайын кыскарышы,
өндүрүлгөн үрөндүк материалдын төмөнкү сорттук сапаты, айрыкча соњку
жылдарда негизинен төмөнкү түшүмдүүлүк жана чарбалык-биологиялык түзү-
лүштөгү экинчи," үчүнчү жана массалык репродукциядагы үрөндөрдөн өсүп
чыккан буудай менен арпанын сапатынын төмөндүгү бир кыйла дењгээлде
шарт түзүүдө. Булардын бардыгы республиканын үрөнчүлүк чарбалары зарыл
пландуу сортту жањылоо жүргүзбөгөндүгүнүн, бул үчүн жогорку сапаттуу
супер-элита жана элита үрөнүн сатып албагандыгынын, ошону менен бирге
буудай менен арпанын өстүрүлүүчү сортторунда алардын жогорку түшүмдүү
жана чарбалык-пайдалуу сапаты бекемделбей жаткандыгынын натыйжасы бол-
ду, бул өндүрүштүк себүүлөрдө ушул өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү жыл сайын
азайышына алып келет.
Ошол эле мезгилде республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтол-
гон үрөндөрдү сарамжалдуу эмес пайдалануу орун алган, анын натыйжасында
республиканын бийик тоолуу региондору жаздык буудайдын жана жаздык ар-
панын үрөндөрүнө кыйла тартыштык болсо да аларды жаздык себүүдө өз мук-
таждыктарына пайдалана алышпайт.
Дан жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жый-
ноону өз учурунда жүргүзүү жана быйылкы жылдагы күздүк себүүнү камсыз
кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону, даярдоо-
ну жана сактоону өз учурунда жана сапаттуу даярдоону, өткөрүүнү камсыз
кылуу, ошондой эле быйылкы жылдын күздүк себүү кампаниясына даярдык кө-
рүү жана өткөрүү республиканын облустары менен райондорунун мамлекеттик
администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ми-
нистрликтер менен ведомстволордун, мамлекеттик айыл чарба кызматтары-
нын, айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн биринчи кезектеги милдеттери болуп
эсептелсин.
2. Облустар менен райондордун мамлекеттик администрация башчылары
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте:
- түшүм жыйноо жана күздүк себүүнү жүргүзүү мезгилинде айыл чарба
техникаларын жана транспорт каражаттарын зарыл техникалык жактан кароо-
ну жүргүзүү жана оњдоо боюнча бардык мобилдүү сервистик кызматтарынын
үзгүлтүксүз ишин уюштурсун, бардык жыйноочу, себүүчү жана кыртыш иште-
түүчү айыл чарба техникаларын, эгин жана үрөн тазалоочу машиналарды да-
ярдык сабына коюуну жана өз учурунда оњдоону жүргүзүшсүн, кырмандарды
жана кампа сыйымдуулуктарын, ошондой эле жыйым, себүү кампанияларын
жүргүзүү мезгилинде колдонулуучу транспорт каражаттарынын ишке даярды-
гын камсыз кылышсын;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү боюнча маалыматтардын
тууралыгын камсыздоо үчүн бардык облустарда облустардын мамлекеттик ад-
министрация башчыларынын төрагалыгы менен кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн
биологиялык түшүмдүүлүгүн жана булганышын аныктоо боюнча комиссияларды
түзүшүп, алардын курамына Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин региондук түзүмдүк подразделение-
леринин жана аймактык статистика органдарынын жетекчилерин киргизишсин;
- Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен бир-
дикте жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресур-
стары министрлигинин көмөгү менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн
түшүмүн жыйноону жана 2008-жылдын түшүмүнө дан өсүмдүктөрүнүн күздүк
себүүнү үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн N 1 тиркемеге ылайык көлөмдөрдө күй-
үүчү-майлоочу материалдарды топтоону камсыз кылышсын;
- 2008-жылдын түшүмүнө дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү жүргүзүү
программасын N 2 тиркемеге ылайык аткарууга алышсын;
- товардык кредит түрүндө айылдык товар өндүрүүчүлөр алышкан заем
каражаттарын максаттуу пайдаланууну, ошондой эле аларды учурунда төлөө-
нү камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономи-
каны өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен бирдикте:
- жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар 2008-жылдын түшү-
мүнө күздүк себүүнүн оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрү келгенге чей-
ин республикалык мамлекеттик үрөн фондунда Япония Өкмөтүнүн гранттары-
нын линиясы боюнча төрт жылга чейин кайтарып берүү мөөнөтү менен берил-
ген бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк кредиттер, ошондой эле товардык
кредиттер боюнча карыздарын төлөө эсебине республиканын үрөнчүлүк чар-
баларынан жана башка чарбакер субъекттерден Кыргыз Республикасынын ай-
магында пайдаланууга жол берилген күздүк буудайдын жана күздүк арпанын
сортторунун сертификацияланган үрөнүн N 3 тиркемеге ылайык көлөмдөрдө,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана
атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан үрөнгө
белгиленген баа боюнча топтоону камсыз кылышсын;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону жүргүзүүгө
жана 2007-жылы кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү жүргүзүү прог-
раммасын аткарууга мамлекеттик колдоо катары бөлүнгөн товардык-матери-
алдык баалуулуктарды айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн алуу механизмин иш-
теп чыгышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- күздүк буудайдын сорттуу супер-элита жана элита үрөндөрүн түз
сатып алууларды жүргүзүү үчүн, аларды республиканын үрөнчүлүк чарбала-
рына товардык кредиттөө, ошондой эле 2008-жылдын түшүмүнө өндүрүштүк
себүүлөргө айылдык товар өндүрүүчүлөргө берүү үчүн биринчи жана экинчи
репродукциядагы үрөндү тендердик сатып алуу максатында "2007-жылы Кыр-
гыз Республикасында жазгы талаа жумуштарын жана айыл чарба өсүмдүктөрүн
жаздык себүүнү өз учурунда жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-февралындагы N 28
токтомунун 6-пунктунда каралган 2007-жылдын жазында кем пайдаланылып
калган бюджеттик каражаттарды 2007-жылдын 15-августуна чейинки мөөнөттө
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай ми-
нистрлигине бөлүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуу-
лар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик менен бир-
дикте мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча өздөрүнүн арызын жоюу эсе-
бине айылдык товар өндүрүүчүлөр тарабынан мамлекеттик резервге тапшы-
рылган азык-түлүк буудай даны жана арпа үчүн 2007-жылы өз ара эсепте-
шүүлөрдү жүргүзсүн.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары Кыргыз Респуб-
ликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин
алдындагы мамлекеттик үрөндүк контроль кызматы менен бирдикте мамлекет-
тик статусу бар ар бир үрөнчүлүк чарбасы боюнча кылкандуу дан өсүмдүк-
төрдүн супер-элита жана элита үрөндөрү менен пландуу сорт жањылоону
жүргүзүүнү кылдат талдап чыгышсын жана 2007-жылдын 15-августуна чейинки
мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигине алардын ар бири супер-элита үрөнүнүн зарыл көлөмүн -
биринчи топтогу үрөнчүлүк чарбалар үчүн жана элита үрөнүн - экинчи топ-
тогу үрөнчүлүк чарбалары үчүн күздүк жана жаздык буудайды, күздүк жана
жаздык арпаны 2008-жылдын түшүмүнө үрөндүк себүүлөргө коюу максатында
сатып алууга негизделген суроо-талаптарын беришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-
сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик:
- республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон жана Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
түз сатып алуулар методу менен сатып алган күздүк буудайдын жана арпа-
нын сорттуу супер-элита жана элита үрөнүн 2008-жылдын түшүмүнө себүү-
лөргө үрөнчүлүк чарбаларына жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө товардык
кредиттөө үчүн буудай жана арпа үрөнүнө 2007-жылдын 1-августуна чейинки
мөөнөттө бааны белгилесин;
- 2007-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө айылдык товар өндүрүүчүлөр
мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча өздөрүнүн карыздарын жоюу эсебине
тапшырган (кабыл алынган келишимдик милдеттенмелер, жер салыгы, камсыз-
дандыруу взносуна ылайык) азык-түлүк буудай данына, ошондой эле арпага
бааны белгилесин. Тапшырылган эгиндин сапаты 9353-90 "Буудай. Даярдоо-
лорго жана берүүлөргө талаптар" ГОСТунун талаптарына ылайык келүүгө
тийиш;
- "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы ме-
нен бирдикте "Кошой" жана "Кайыњды-Кант" акционердик коомдоруна кант
кызылчасынын 2007-жылдагы түшүмүн ташып жеткирүүгө темир жол тарифтерин
жана кошумча жыйымдарды 2006-жылдын дењгээлинде сактоо маселесин белги-
ленген тартипте карасын.
7. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги:
- "Кошой" жана "Кайыњды-Кант" акционердик коомдору менен бирдикте
кант кызылчасынын 2008-жылдагы түшүмүн кабыл алуу жана кайра иштетүү
келишимдеринин шартын иштеп чыксын жана аларды 2008-жылдын 1-январына
чейинки мөөнөттө кызылчачыларга жеткирүү менен Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү
боюнча мамлекеттик агенттикке макулдашууга берсин;
- электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо үчүн түшүм жый-
ноо жана күздүк себүүлөрдү жүргүзүү мезгилинде ишке тартылган ведомст-
волук уюмдардын мурда керектелген электр энергиясы боюнча карыздарын
жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып
алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке төмөн-
күлөргө уруксат берилсин:
- 5000 куб метр өлчөмүндөгү дизель отунун белгиленген тартипте са-
тып алууга, брондон чыгарууга жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу
чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин аймактык түзүмдүк под-
разделениелери менен макулдашуу боюнча райондордун мамлекеттик админис-
трацияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн разнарядкалары менен 2007-жылы
айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноону жүргүзүүгө айылдык товар өндүрүүчүлөр-
гө накталай эсептешүү менен сатууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-апрелиндеги N
157-б буйругуна ылайык брондон чыгарылган автомобиль бензининин бүткүл
калдыгын бир эле учурда дизель отунун сатып алуу менен учурдагы каржы-
лоо эсебине башка чарбакер субъекттерге, бюджеттик мекемелерге сатууга
же дизель отунуна алмашууга.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүк-
түрүүнүн мамлекеттик фонду төмөнкүлөргө тариздөө жүргүзсүн:
- "2006-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону уюшкандык-
та өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 30-июнундагы N 470 токтому менен бекитилген Айыл чарба
өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөнүн республикалык мамлекеттик үрөн фонду жө-
нүндө жобого ылайык N 3 тиркемеге жараша көлөмдөрдө жана облустар боюн-
ча күздүк буудайдын жана күздүк арпанын үрөнүн мамлекеттик үрөн фондун-
да топтоого жана сактоого республиканын үрөнчүлүк чарбалары жана башка
чарбакер субъекттер менен макулдашууларды;
- кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн сорттуу супер-элита жана элита үрө-
нүн министрликтин разнарядкасынын негизинде, ал эми күздүк буудайдын
жана күздүк арпанын республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон
сорттуу үрөнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга
каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик
белгилеген баа боюнча Товардык кредиттерди бөлүштүрүүчү мамлекеттик
республикалык комиссия кабыл алган чечимдеринин негизинде түз сатып
алуу ыкмасы менен Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иш-
тетүү өнөр жай министрлиги тарабынан сатып алынган үрөндөрдү үрөнчүлүк
чарбалардын алышына, берилген товардык кредиттерди 2008-жылдын 1-декаб-
рына чейин төгүп берүү мөөнөтү менен процентсиз кредиттик келишимдерди
жана күрөөлүк милдеттенмелерди.
10. Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук ин-
ститутуна төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- менчиктин бардык формасындагы чарбакер субъекттерде айыл чарба
өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноого тартылган таразасы жана өлчөөчү прибор-
лору бар чарбаларды өз учурунда текшерүүнү уюштуруу;
- кызылча сырьесун тапшыруучулардан түшкөн кызылча сырьесунун кан-
ттуулугун жана жалпы булгануусун аныктоонун тууралыгын камсыздоо макса-
тында "Кошой" жана "Кайыњды-Кант" акционердик коомдорунун кант заводдо-
рунун сырьелук лабораторияларынын иштешине контролдук белгилөө.
11. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы:
- "Кошой" жана "Кайыњды-Кант" акционердик коомдорунун суроо-талап-
тарынын негизинде кант кызылчасын ташып жеткирүү үчүн вагондорду үзгүл-
түксүз бөлүүнү камсыз кылсын;
- 2007-жылдын түшүмүнөн кант кызылчасын кабыл алуу жана ташуу мез-
гилинде жүктөлгөн жана түшүрүлгөн вагондордун бош туруусунун реалдуу
нормативдерин белгилесин.
12. "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Жалалабат электр" жана "Ош
электр" ачык акционердик коомдоруна республиканын облустарынын жана
райондорунун мамлекеттик администрациялары менен бирдикте Кыргыз Рес-
публикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин
Суу чарба департаментинин насостук станциялары менен скважиналарынын
үзгүлтүксүз иштеши тууралуу маселелерди чечүү, ошондой эле айыл чарба
өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо жана күздүк себүүнү жүргүзүү мезгилинде
ишке тартылган кырмандардын, механикалык мастерскойлордун жана башка
көмөкчү кызматтардын ишин камсыз кылуучу электр энергиясын үзгүлтүксүз
берүү боюнча чараларды көрүү сунуш кылынсын.
13. "Кыргызайылтехсервис" лизинг компаниясы" ачык акционердик коо-
муна жана башка техникалык сервистик кызматтарга төмөнкүлөр сунуш кы-
лынсын:
- колдо болгон бардык эгин чабуучу комбайндарды жергиликтүү мамле-
кеттик администрациялар жана айрым чарбакер субъекттер менен түзүлгөн
келишимдердин негизинде республиканын Нарын, Ысыккөл облустарынын чар-
бакер субъекттерине, Суусамыр өрөөнүнө жана башка бийик тоолуу райондо-
руна өз учурунда жиберүүнү ишке ашыруу;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноодо, аны кайра
иштетүү жана сактоо жерлерине жеткирүүдө, ошондой эле айдоо иштерин жа-
на 2008-жылдын түшүмүнө күздүк себүүнү жүргүзүүдө республиканын айылдык
товар өндүрүүчүлөрүнө келишимдик негизде ар тараптан практикалык жардам
көрсөтүү.
14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А. Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 21-июнундагы
N 241 токтомуна
N 1 тиркеме
2007-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн
жыйноону жана күздүк себүүнү жүргүзүү
үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарга
КЕРЕКТӨӨ
(тонна)
-----------------------------------------------------------------------
| Облустар-| Жыйноо иштерин жүргүзүү |күздүк себүүнү жүргүзүү үчүн|
| дын | үчүн |----------------------------|
| аталышы |-----------------------------|дизель-| авто-|дизель-|автол|
| |дизель-| авто- |дизель |автол|отуну |бензин|майы | |
| |отуну | бензин|майы | | | | | |
|----------|-------|-------|-------|-----|-------|------|-------|-----|
|Баткен | 2380 | 1058,5| 133 | 66 | 1835 | 285 | 96 | 27 |
|----------|-------|-------|-------|-----|-------|------|-------|-----|
|Жалалабат | 5503 | 1651 | 165 |110 | 1934 | 405 | 45,1| 30 |
|----------|-------|-------|-------|-----|-------|------|-------|-----|
|Ысыккөл | 4051 | 1400 | 141 | 42,2| 923,1| 396 | 46,3| 12,4|
|----------|-------|-------|-------|-----|-------|------|-------|-----|
|Нарын | 3080 | 1192 | 183,3| - | - | - | - | - |
|----------|-------|-------|-------|-----|-------|------|-------|-----|
|Ош | 5835 | 2459 | 234 | 53 | 2954 | 795 | 118 | 49 |
|----------|-------|-------|-------|-----|-------|------|-------|-----|
|Талас | 3535 | 1368 | 240 | - | 750 | 323,4| 30,4| - |
|----------|-------|-------|-------|-----|-------|------|-------|-----|
|Чүй | 8960 | 3469 | 1004 |361 | 6964 |1753 | 256 | 87 |
|----------|-------|-------|-------|-----|-------|------|-------|-----|
|Кыргыз |30412,5|12597,5| 2100,3|632,2|15360,1|3957,4| 591,8|205,4|
|Республи- | | | | | | | | |
|касы | | | | | | | | |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 21-июнундагы
N 241 токтомуна
N 2 тиркеме
2008-жылдын түшүмүнө дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнүн
ПРОГРАММАСЫ
(мињ.га)
-----------------------------------------------------------------------
| Облустардын аталышы | Күздүк дан | анын ичинде: |
| | өсүмдүктөрүн |--------------------|
| | себүү аянты | күздүк | күздүк |
| | | буудай | арпа |
|-------------------------------|----------------|---------|----------|
|Кыргыз Республикасы | 300,0 | 285,0 | 15,0 |
|-------------------------------|----------------|---------|----------|
|Баткен | 17,0 | 17,0 | - |
|-------------------------------|----------------|---------|----------|
|Жалалабат | 40,0 | 40,0 | - |
|-------------------------------|----------------|---------|----------|
|Ысыккөл | 25,0 | 25,0 | - |
|-------------------------------|----------------|---------|----------|
|Ош | 68,0 | 68,0 | - |
|-------------------------------|----------------|---------|----------|
|Талас | 20,0 | 20,0 | - |
|-------------------------------|----------------|---------|----------|
|Чүй | 130,0 | 115,0 | 15,0 |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 21-июнундагы
N 241 токтомуна
N 3 тиркеме
2008-жылдын түшүмүнө дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү
жүргүзүүдө колдонуу үчүн буудай менен арпанын
сертификацияланган үрөнүн республикалык мамлекеттик
үрөн фондунда топтоо боюнча
ТАПШЫРМА
-----------------------------------------------------------------------
| Облустардын аталышы | Күздүк дан | анын ичинде: |
| | өсүмдүктөрүнүн |-------------------|
| | бардык | күздүк | күздүк|
| |сертификацияланган| буудай | арпа |
| | үрөнү | | |
|------------------------------|------------------|----------|--------|
|Баткен | 100 | 100 | - |
|------------------------------|------------------|----------|--------|
|Жалалабат | 1300 | 1300 | - |
|------------------------------|------------------|----------|--------|
|Ысыккөл | 500 | 500 | - |
|------------------------------|------------------|----------|--------|
|Ош | 200 | 200 | - |
|------------------------------|------------------|----------|--------|
|Талас | 100 | 100 | - |
|------------------------------|------------------|----------|--------|
|Чүй | 2800 | 2600 | 200 |
|------------------------------|------------------|----------|--------|
|Кыргыз Республикасы | 5000 | 4800 | 200 |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов