Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-июнундагы № 230 токтому менен бекитилген 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында элдик көркөм өнөрчүлүктү сактоонун, кайра жаратуунун жана өнүктүрүүнүн МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ I. Мамлекеттик программаны кабыл алуунун зарылдыгына негиздеме 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында элдик көркөм өнөрчүлүктүсактоонун, кайра жаратуунун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы(мындан ары - Программа) Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн 2006-жылдын10-июнунда болгон 1-съездинде кабыл алынган резолюциянын негизинде жана"Элдик кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо жө-нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты. Кыргыз Республикасынын элдик көркөм өнөрчүлүгүнүн абалын талдооуюмдар жана жеке чеберлер үчүн мүнөздүү болгон төмөнкүдөй проблемалардыаныктоого мүмкүндүк берди: - жетишсиз финансылык камсыздоо жана өндүрүштүн туруктуу эместиги; - элдик көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн экономикалык концепциясынынжоктугу; - өндүрүштү өнүктүрүү үчүн технологиялык потенциалдын жетишсиздигижана материалдык базанын кыскарышы, зарыл жабдуулардын, сырье жана ма-териалдардын жоктугу; - маркетингдик иш-аракеттин өнүкпөгөндүгү жана элдик көркөм өнөр-дүн продукциясын сатып өткөрүүнүн кыскарышы; - кадрларды даярдоо дењгээлинин жетишсиздиги; - чыгармачыл жамааттардын таркап кетиши; - элдик көркөм өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүүчүлөрдү, соода уюмдарынжана бул чөйрөдөгү адистерди даярдоочу окуу жайларын бириктирүүчү бир-диктүү системанын жоктугу; - көркөмдүк дењгээли төмөн жана жасалма продукциялардын рыноккотоптолушу. Жогоруда саналган проблемалар бул тармактагы мамлекеттик саясаторто мөөнөттүү келечекте төмөнкүлөргө багытталууга тийиш экендигинырастап турат: - элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоого жана уюмдарды чыњдоого; - элдик көркөм кол өнөрчүлүк чеберлеринин жана уюмдарынын арасындабирикмелер менен чыгармачыл союздарды түзүүгө көмөктөшүүчү даректүү иш-терди жүргүзүүгө. Элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоого, кайра жаратууга жана өнүк-түрүүгө таасир этүүчү факторлорду талдоо орун алган проблемаларды би-риккен күч аракеттер жана элдик көркөм кол өнөрчүлүк чеберлеринин өздө-рүнүн жана уюмдардын, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын биргелешкен күч аракеттери менен чечүүгө болотургандыгын көрсөттү. Ошону менен бирге бул процесс көпчүлүк жагынан элдик көркөм колөнөрчүлүктү туруктуу өнүктүрүү үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүүгө жөндөм-дүү мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн натыйжалуулугу менен аныкталат. Иштелип чыккан программа элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоого,кайра жаратууга жана өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө комплек-стүү мамиленин негиздерин камтыйт жана улуттук маданияттын дењгээлинжогорулатууга, анын жекечелигин жана өз алдынчалыгын сактоого, чебер-лердин жана элдик көркөм кол өнөрчүлүк уюмдарынын продукцияларынын са-патын жана атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Булөз кезегинде элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн продукцияларын сатуу көлөмүнкөбөйтүүгө жана бул тармакта кошумча жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүн-дүк берет. II. Программанын максаттары жана милдеттери Бул программанын максаты элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоо, кай-ра жаратуу жана өнүктүрүү болуп саналат. Программанын милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет: - эл чыгармачылыгын мамлекеттик колдоо формаларын, элдик көркөмкол өнөрчүлүктүн буюмдарын түзүү боюнча иш-аракеттерди өркүндөтүү; - элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн чеберлеринин жана уюмдарыныниш-аракет чөйрөсүндө чыгармачылык жана ишкердик демилгелерди өнүктүрүүүчүн шарттарды түзүү; - Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары элдик көркөмкол өнөрчүлүк искусствосун пропагандалоого көмөктөшүү; - мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-рынын, элдик көркөм кол өнөрчүлүк чеберлери менен уюмдарынын, ошондойэле коомдук уюмдардын элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоо, кайра жара-туу жана өнүктүрүү жагындагы күч аракеттерин бириктирүү. III. Программаны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы Программада каралган милдеттерди чечүү үчүн Иш-чаралардын планыиштелип чыккан, аны жүзөгө ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет: - элдик көркөм кол өнөрчүлүктү колдоонун нормативдик укуктук база-сын чыњдоого; - республикада элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн чеберлерин бирик-тирүүчү бирдиктүү система түзүүгө; - элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн жањы буюмдарын аныктоого; - элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн буюмдарынын сапатын жана атаанда-шууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга; - элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн чеберлеринин жана уюмдарынын по-тенциалын ишке ашыруу жана өнүктүрүү үчүн ыњгайлуу чөйрө түзүүгө; - улуттук маданиятты дањазалоо жагынан жалпыга маалымдоо каражат-тарынын максатка багытталган жана координацияланган иштерин жүргүзүүнүкамсыздоо, коомдук жакшы пикир түзүү, калкты элдик көркөм кол өнөрчүлүкчөйрөсүндөгү ишкердикке активдүү тартууга; - тарыхты жана салттык элдик маданиятты изилдөөнүн негизинде өсүпбараткан муунду тарбиялоо, элдик көркөм кол өнөрчүлүк чөйрөсүндөгү иш-терди улантуучулукту сактоого; - элдик көркөм кол өнөрчүлүк үчүн кадрларга билим берүү дењгээлинжогорулатууга; - элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн даярдалуучу буюмдарынын сапатынжана ар түрдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарт түзүүгө; - элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн буюмдарын сатып өткөрүү рыногункењейтүүгө. IV. Программаны ресурстук камсыздоо Программаны каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети-нин каражаттарынын жана бюджеттен тышкаркы булактардын эсебинен ишкеашыруу пландаштырылууда. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынынэсебинен 2008-2010-жылдарга Программаны каржылоонун жалпы көлөмү 143,62млн. сомду түзөт. Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө каржылоо көлөмү Кыргыз Рес-публикасынын республикалык бюджетинин реалдуу мүмкүндүктөрүн эске алууменен жыл сайын такталып турууга тийиш. V. Программаны ишке ашыруу механизми жана аны аткаруунун жүрүшүн контролдоо Программаны ишке ашыруу механизми орун алган социалдык-экономика-лык шарттарды эске алуу менен аткаруучулардын координацияланган мөөнө-түн жана иш-аракеттердин багытын камтыйт. Аткаруунун ар кандай стадия-сында милдеттердин өзгөрүшүнө жараша Программанын айрым иш-чараларыконкреттүү мезгилдин милдеттерине жооп берүүчү дењгээлде башкалары ме-нен алмашылышы мүмкүн. Программанын иш-чараларын аткаруу үчүн КыргызРеспубликасынын республикалык бюджетинин каражаттарын жана бюджеттентышкаркы булактарды пайдалануу каралат. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-лиги - "Элдик көркөм кол өнөрчүлөр союзу" (мындан ары - ЭКӨС) мененбирдикте ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган: - Программаны аткаруунун мониторингин жүргүзөт жана белгиленгениш-чаралардын аткарылышын контролдойт; - Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен акча каражатта-рын бөлүүгө бюджеттик суроо-талапты жыл сайын түзөт жана аны белгилен-ген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берет. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары,жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башка-руу органдары жана ЭКӨС (макулдашуу боюнча) 2011-жылга чейин жыл сайынКыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинеаяктаган жыл үчүн кийинки жылдын 20-февралына чейин Программаны атка-руунун жүрүшү тууралуу маалымат берип турушат. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-лиги алынган маалыматты салыштырат жана ошол эле жылдын 10-мартына чей-ин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Программаны аткаруунун жүрүшү туура-луу отчет берет. VI. Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүү жана социалдык-экономикалык натыйжалары Программанын натыйжалуулугу ушул иш-чараларды жүзөгө ашырууга кет-кен сарптоолордун жана аткарылган иш-чаралардын натыйжасында элдик көр-көм кол өнөрчүлүктүн өндүрүш жана социалдык чөйрөлөрүндөгү дурус өзгө-рүүлөргө карата аныкталат. Программаны ишке ашыруу төмөнкүлөрдү көбөйтүүгө багытталган: - элдик көркөм кол өнөрчүлүк чөйрөсүндө иштеген субъекттердин са-нын 10 процентке; - элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн буюмдарын сатуу көлөмүн 12 процен-тке; - элдик көркөм кол өнөрчүлүк чыгаруучу продукциянын номенклатура-сын 12 процентке; - элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн коомдук бирикмелеринин катышуучу-ларынын санын 16 процентке. Программаны ишке ашыруу Кыргызстандын калкын рухий жана маданийөнүктүрүү, таланттуу чеберлердин өзүнчө бир тобун жаратууга көмөктөшүү-чү ыњгайлуу чөйрө түзүү үчүн мааниси чоњ.