Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 28-июну № 249 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода" министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-нистрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жанаөзгөртүү киргизилсин: - төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын: "3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-нистрлигинин кызматкерлеринин сандык чеги 357 адам (техникалык жанатейлөө персоналын кошпогондо), анын ичинде борбордук аппаратында - 180адам, аймактык бөлүмдөрүндө - 103 адам, Экономикалык стратегиялар бор-борунда - 64 адам, чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү жана соода өкүлдөрү -10 адам санында аныкталсын. 4. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык страте-гиялар борборун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2006-жылдын 7-февралындагы № 71 токтому күчүн жоготту деп табылсын."; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз РеспубликасынынЭкономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин башкаруу схемасы ушултоктомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз РеспубликасынынЭкономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги жөнүндө жободо: 19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: " - чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү жана соода өкүлдөрү". Премьер-министр А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-июнундагы № 249 токтомуна тиркеме Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ -------------------------- | Кыргыз Республикасынын | | Экономикалык өнүктүрүү | ------------ | жана соода министрлиги |<---| Коллегия | | (борбордук аппарат) | ------------ -------------------------- ---------------- | -------------- | Экономикалык | | | Аймактык | | стратегиялар | | | органдары | | борбору | | | | ---------------- | -------------- --------------------- | Чет өлкөлөрдөгү | | өкүлчүлүктөрү | |жана соода өкүлдөрү| --------------------- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов