Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 29-июну № 250 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Турак жай курулуш кооперативдерин уюштуруунун жана аларга жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясынын 7-пунктунуннегизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Турак жай курулуш кооперативдерин уюштуруунун жана аларга жеручастогун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоору жактырылсын. 2. Жогоруда аталган Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогор-ку Кењешинин бекитүүсүнө жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары жанаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укуктукаттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары аталганЖобонун долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурдаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалсын. Премьер-министр А.Атамбаев Долбоор Турак жай курулуш кооперативдерин уюштуруунун жана аларга жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО 1. Негизги жоболор 2. Турак жай курулуш кооперативи 3. ТЖКны уюштуруунун тартиби 4. ТЖКга кирүү жана жер участогунун үлүшүн алуу укугу 5. ТЖКга көп квартиралуу турак үй куруу үчүн жер участогуна укук берүү 1. Негизги жоболор 1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Респуб-ликасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Туракжай кодек-сине, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ыла-йык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ту-рак үй куруу жана тейлөө жана жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн жеручастогун менчикке акысыз алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жа-рандары үчүн турак жай курулуш кооперативдерин уюштуруунун тартибинбелгилейт. Көп квартиралуу турак үй куруу үчүн калктуу конуштарда уюштурулгантурак жай курулуш кооперативдерине жер участогуна укукту акысызберүүнүн шарттары ушул Жобо менен аныкталат. 1.2. Бул Жобонун колдонулушу жарандардын башка керектөөлөрүн кана-аттандыруу максатында түзүлгөн башка адистештирилген керектөөчүлүк коо-перативдерине жайылтылбайт. 2. Турак жай курулуш кооперативи Турак жай курулуш кооперативи (мындан ары - ТЖК) Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлгөн, көп квартиралуу жеблокторго бөлүнгөн турак үй, же эки жана андан ашык көп квартиралуу ту-рак үй комплексинен турган үй куруу үчүн жер участогун акысыз алуугаукугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарын бириктирген коммерциялыкэмес кооператив катары ушул Жобо менен аныкталат. 3. ТЖКны уюштуруунун тартиби 3.1. ТЖКны уюштуруу жана ишке киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республи-касынын Жарандык кодексине ылайык иштелип чыккан ТЖКнын уставы мененжана ушул Жобонун 4-пунктун эске алуу менен жөнгө салынат. 3.2. ТЖКны мамлекеттик каттоо юридикалык жактарды мамлекеттик кат-тоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат. 4. ТЖКга кирүү жана жер участогунун үлүшүн алуу укугу 4.1. ТЖКга кирүү укугуна Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарыээ: - материалдык жана финансылык каражаттар формасында өзүнүн пайдыксалымын ТЖКга салууну каалаган, Кыргыз Республикасынын Граждандык ко-дексинин 62-статьясына ылайык ишке жарамдуу деп табылган 18 жашка тол-гон же эрезеге жетелек адамдар; - ТЖКга кирүү же жер участогун алуу үчүн жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарында каттоодо турган. 4.2. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясынын 7-пунк-туна ылайык көп кабаттуу турак үй куруу үчүн жер участогун акысыз алуу-га укук турак жай курулуш кооперативдерине берилет, алардын мүчөлөрүтөмөнкүдөй болушу керек: - Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак жай куруу үчүн мурдаберилген жер участогу жок; - менчик турак жайы (үй, квартира) жок; - турак жай аянты белгиленген санитардык нормаларга жана талаптар-га жооп бербеген менчик турак жайы (үй, квартира) бар; - акыркы 5 жылдын ичинде менчигиндеги турак жайды сатуу-сатыпалуу, алмашуу, белек кылуу ж.б. бүтүмдөрдү түзүү жолу менен үчүнчү та-рапка берүү түрүндө өзүнүн турак жай шарттарын начарлатууга багытталганжарандык-укуктук иш-аракеттерди жасабаган. 4.3. ТЖКга кирүү үчүн ТЖК башкармалыгына төмөнкүдөй документтерберилет: - белгиленген форма боюнча арыз; - ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү; - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамле-кеттик органдын менчик укугунда турак жайы же жеке турак жай куруу үчүнмурда берилген жер участогу жок экендиги жөнүндө маалымкаты; - эмгек китепчесинин көчүрмөсү (болсо); - эмгек ишмердигин жүзөгө ашырууда иштеген жеринен өтүнүч кат (жа-рандын каалоосу боюнча берилет;) - жумушсуздун статусун ырастоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-гандын маалымкаты; - турак жай шарттарын изилдөөнүн актысы (жеке же биргелешкен мен-чиктеги турак жайдын болушу); - үй-бүлөнүн курамы тууралуу жашаган жеринен маалымкат; - ТЖКга кирүүнү же жер участогун алууну каалаган жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын эсепке алуу журналынан көчүрмө. 4.4. ТЖКнын мүчөлөрүнүн минималдуу саны, ТЖКнын каражаттарыныналыш-бериш эсебиндеги топтолгон каражаттын өлчөмү, ошондой эле көпквартиралуу турак үйдү куруу жана тейлөө үчүн ТЖКга берилген жер учас-тогунун нормалары тиешелүү аймакта жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандары тарабынан белгиленет. 5. ТЖКга көп квартиралуу турак үй куруу үчүн жер участогуна укук берүү 5.1. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан көп квартиралуу турак жай ку-руу үчүн ТЖКга муниципалдык менчиктеги жер участогун пайдаланууга жеээликке берүү төмөнкүдөй шарттарды аткарууда жүргүзүлөт: - көп квартиралуу турак үйдү куруу боюнча даярдык иштерин жүргүзүүүчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленгенөлчөмдө ТЖКнын алыш-бериш эсебинде каражаттарды топтоо; - бул Жобонун 4.3-пунктуна ылайык ТЖКнын мүчөлөрү берген ТЖКнындокументтери бар болгон учурда; - иштелип чыккан эскиздик долбоорду берүү; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленгенТЖКнын мүчөлөрүнүн минималдуу санын түзүү. 5.2. Бул Жобонун 5.1-пунктунун шарттарын аткаруу жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы дайындаган комиссия менен текшерилет. 5.3. Бул комиссиянын ыйгарым укуктарын жана жобосун жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы бекитет. 5.4. Жер участогун берүү жөнүндө комиссиянын чечими протоколтүрүндө таризделет. Протоколдо жер участогуна берилген укуктун түрү,ТЖКнын мүчөлөрүнүн минималдуу санын түзүү жана ТЖКнын алыш-бериш эсе-биндеги каражаттардын топтолгон өлчөмү жөнүндө маалымат, жер участогунпайдалануунун шарттары, аны берүүнүн мөөнөтү жана ыкмасы, ТЖКнын толуктизме курамын түзүү мөөнөтү көрсөтүлөт. Протокол ыйгарым укуктуу органга жиберилет, ал протокол түшкөнкүндөн кийин 3 жумушчу күндүн ичинде бекитет. Протоколдун көчүрмөсүТЖКга берилет. 5.5. Көп квартиралуу турак үйдү куруу үчүн жер участогун берүүКыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык жер учас-тогун берүү жөнүндө комиссиянын чечиминин негизинде калктуу конуштунаймагында бош жер болгон учурда ишке ашырылат. 5.6. Комиссиянын чечиминин негизинде ТЖК менен жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органынын ортосунда жер участогун берүү жана өздөштүрүүкелишими түзүлөт. 5.7. Келишимдин негизги шарты жер участогун пайдаланууга жана ээ-ликке берүү болуп саналат. Жер участогу ТЖКнын тескөөсүнө жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары белгилеген талаптарга ылайык берилет.