Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 30-июну № 254
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана
башкаруу органдарынын карамагындагы органдарда,
мекемелерде, уюмдарда иштеген кызматкерлерге
эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 19-ноябрындагы № 717
токтомуна толуктоолорду
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлигинин Суу чарба департаментинин мамлекеттик кызматчыларга кир-
беген кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын тартипке келтирүү
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органда-
рынын карамагындагы органдарда, мекемелерде, уюмдарда иштеген кызмат-
керлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 717 токтомуна төмөнкүдөй толук-
тоолор киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толуктал-
сын:
"- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин Суу чарба департаментинин өндүрүштүк персоналы № 15
тиркемеге ылайык.";
- токтом ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда № 15 тиркеме
менен толукталсын.
Премьер-министр А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 30-июнундагы № 254
токтомуна тиркеме "Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 19-ноябрындагы
№ 717 токтомуна
№ 15 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра
иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба
департаментинин өндүрүштүк
персоналынын кызматтык
маяналары
-----------------------------------------------------------------------
|Кызматы |Кызматтык |
| |маянасы |
| |(сом менен)|
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Насостук станциянын участка начальниги |1550 |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Бөлүмдүн начальниги |1400 |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|I категориядагы инженер |1200 |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|II категориядагы инженер |1000 |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Инженер |900 |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Чарба башчысы |900 |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Техник |800 |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Диспетчер |700 |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Моторчу |800 |
|---------------------------------------------------------|-----------|
|Көзөмөлдөөчү, текшерип кароочу |700 |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов