КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү2007-жылдын 30-июну № 256 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайыкКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүүжөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзамдолбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер министр А. Атамбаев Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө 1-статья. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1996-ж., № 7, 92-ст.)төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин: 1. 9-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетимиш жетинчи,жетимиш сегизинчи, жетимиш тогузунчу жана сексенинчи бөлүктөр менентолукталсын: “77. “Трафик” - электр байланыштар тармагы боюнча берилүүчүбилдирүүлөр жыйындысы; 78. “Роуминг” - көчмө байланыш оператору абонентке берүүчү көчмөбайланыш кызматы, бул кызмат менен анда Кыргызстандын ичинде да, анынчегинен тышкары да анын аракеттенүү зонасынан көчмө байланыштын башкаоператордун аракеттенүү зонасына которууда келишимдик мамиле болот; 79. “Тармактар аралык туташтыруу (интерконнект)” - бир берүүчүнүнабонентине башка берүүчүнүн абоненттери менен байланыш кызматын берүүмүмкүнчүлүгү же башка кызмат берүүчү тарабынан көрсөтүлгөн кызматкажетүү үчүн бериле турган электр байланыш тармактарынын физикалык жаналогикалык биригүүсү; 80. “Транзиттик трафик” - эгерде электр байланышынын булактарыжана алуучулары башка электр байланыш тармагынан пайдалануучусу болупсаналса электр байланыш операторунун тармагы аркылуу өтүүчү трафик”. 2. 26-глава төмөнкүдөй мазмундагы 142-2 статья менен толукталсын: “ 142-2. Роуминг, тармактар аралык туташтыруу (интерконнект)кызматы жана эл аралык транзиттик трафик боюнча байланыш кызматы. Кыргыз Республикасынын байланыш операторлору тарабынан чет өлкөлүкбайланыш операторлорунун абоненттерине роуминг, тармактар аралыктуташтыруу (интерконнект) кызматын берүү, Кыргыз Республикасынынбайланыш операторлору тарабынан эл аралык транзиттик трафик боюнча четөлкөлүк байлаиыш операторлорунун абоненттерине байланыш кызматын берүүКНСтен бошотулган берүүлөр болуп эсептелет.”. 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнөкирет. Кыргыз Республикасынын Президенти