Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июнундагы № 245
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынын четөлкөлүк мекемелериндеги өкүлчүлүктөрү жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор II. Өкүлчүлүктүн негизги максаттары жана милдеттери III. Өкүлчүлүктүн негизги функциялары жана укуктары IV. Өкүлчүлүктүн ишмердигин уюштуруу жана камсыз кылуу I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнчамамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынын четөлкөлүк мекемелерин-деги өкүлчүлүгү (мындан ары - Өкүлчүлүк) чет мамлекеттердин аймагындаэмгектик жана ишкердик ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын жа-рандарына укуктук жана социалдык жардам көрсөтүүнү ишке ашырат. 2. Өкүлчүлүк өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентининжарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом-дорун жана буйруктарын, ошондой эле 1963-жылдагы Консулдук мамилелержөнүндө Вена конвенциясын жана 1961-жылдагы Дипломатиялык мамилелер жө-нүндө Вена конвенциясын, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин,Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой элеушул Жобону жетекчиликке алат. 3. Өкүлчүлүк тийиштүү чет мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дип-ломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде, же эл аралык уюмгакараштуу туруктуу өкүлчүлүгүндө (мындан ары - Четөлкөлүк мекеме) иш-тейт. Кыргыз Республикасынын аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүгү жеконсулдук мекемеси жок болгон учурда Өкүлчүлүк Кыргыз Республикасынынжана тийиштүү чет мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу келишимдин неги-зинде Кыргыз Республикасынын өз алдынча четөлкөлүк мекемеси катары уюш-турулушу мүмкүн. 4. Өкүлчүлүктүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтүтүшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөө-рү, штамптары жана бланктары, алыш-бериш жана учурдагы, анын ичинде ва-люталык эсептери болот. 5. Өкүлчүлүк өзүнүн функцияларын жүзөгө ашырууда өзүнүн ишмердигижөнүндө биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке ор-ноштуруу боюнча мамлекеттик комитети (мындан ары - Мамкомитет) жана жү-рүү мамлекетиндеги Четөлкөлүк мекеме менен макулдашат жана маалымат бе-рет. II. Өкүлчүлүктүн негизги максаттары жана милдеттери 6. Өкүлчүлүктүн негизги максаттары жана милдеттери төмөнкүлөр бо-луп саналат: - жүргөн мамлекетте эмгектик жана ишкердик ишин жүзөгө ашырганКыргыз Республикасынын жарандарына укуктук жана социалдык жардам көрсө-түү; - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жүргөн мамлекетте миграцияжана ишке орноштуруу маселелери боюнча мыйзамдуу укуктарын жана кызык-чылыктарын коргоо, жүргөн өлкөдө алардын эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгөашырууларына ар тараптан көмөк көрсөтүү. III. Өкүлчүлүктүн негизги функциялары жана укуктары 7. Өкүлчүлүк ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык: - жүргөн мамлекетте миграциялык кырдаалды, миграциялык саясат жа-гында улуттук мыйзамдарды, эмгек рыногунун конъюнктурасын изилдөөнү жа-на талдоону жүзөгө ашырат; - жүргөн мамлекеттин миграциялык жана башка компетенттүү органдарыменен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат жана аларга миграциялык саясатжагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тууралуу маалымат берет; - жүргөн мамлекетте кыргыз эмгек мигранттарынын жана алардынүй-бүлө мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралардыкөрөт, жүргөн мамлекетте алардын укуктарын басмырлоо жана бузуу учурла-рын аныктайт, аларды жок кылууга көмөк көрсөтөт; - жүргөн мамлекеттин компетенттүү органдары менен бирдикте жүргөнмамлекеттин аймагында эмгектик жана ишкердик жүргүзгөн Кыргыз Республи-касынын жарандарын эсепке алат, жүргөн мамлекеттин мыйзамдарына жанаКыргыз Республикасынын тийиштүү эларалык макулдашууларына ылайык, алар-дын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында алардын укуктук ста-тусун мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтөт; - жүргөн мамлекеттин аймагында жүрүшкөн жана жашашкан Кыргыз Рес-публикасынын жарандарын, ошондой эле четөлкөлүк жарандарды жана жаран-дыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына миграция жана көчүү маселелерибоюнча кабыл алууну жүргүзөт; - мыйзамсыз миграцияны болтурбоо жана бөгөт коюуга байланышкан ма-селелерди чечүүгө катышат, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу ор-гандарына аскердик каттоону ишке ашырууга бул чөйрөдө көмөк көрсөтөт; - жүргөн мамлекеттин аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарынишке орноштуруу боюнча келишимдерди түзүү үчүн жумуш берүүчүлөр мененбайланышты табуу, тандоо жана түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын юриди-калык жана жеке жактарына көмөк көрсөтөт; - жүргөн мамлекетте мекендештердин коомдук бирикмелеринин иш-ара-кеттерине көмөк көрсөтөт; - жүргөн мамлекеттин жалпыга маалымдоо каражаттары менен КыргызРеспубликасынын миграциялык саясат маселелерин чагылдырууда өз компе-тенциясынын чектеринде өз ара аракеттенет; - миграциялык проблемаларды чечүүдө жүргөн мамлекеттин тажрыйбасынКыргыз Республикасында аны пайдалануу мүмкүндүгү максатында иликтейт; - Кыргыз Республикасынын миграция жаатындагы миграциялык саясатжана эл аралык келишимдерин жүзөгө ашырууга катышат; - ыктыярдуу көчмөн статусун берүү жол-жобосун жүзөгө ашырат; - Кыргыз Республикасынын жана жүргөн мамлекеттин мыйзамдарында ка-ралган башка функцияларды жүзөгө ашырат; 8. Өкүлчүлүк өз компетенциянын алкагында төмөнкүлөргө катышат: - жүргөн мамлекетте жумуш берүүчү Кыргыз Республикасынын жаранынэмгек мигрантты жумушка жалдоо шарттарын бузгандыгына байланыштуу эм-гектик талаш-тартыштарды жөнгө салууга; - кыргыз эмгек мигранты менен жүргөн мамлекеттин иш берүүчүсүнүнортосундагы эмгектик жана башка талаштарын сотко чейинки этапта жөнгөсалууга; - жүргөн мамлекетте мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүменен миграция жана жүргөн мамлекетте эмгек рыногуна жеткиликтүүлүктүлибералдаштыруу жаатындагы маселелер боюнча сүйлөшүүлөргө жана консуль-тацияларга; - Кыргыз Республикасынын миграциялык кызматташуу маселелери боюнчажүргөн мамлекет менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерининдолбоорлорун иштеп чыгууга. IV. Өкүлчүлүктүн ишмердигин уюштуруу жана камсыз кылуу 9. Өкүлчүлүктүн ишине жалпы жетекчиликти Мамкомитет жүзөгө ашырат. 10. Өкүлчүлүктүн Жобосу, штаттык саны Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн токтому менен бекитилет. 11. Өкүлчүлүктү Өкүлчүлүктүн жетекчиси башкарат, ал Мамкомитеттинтөрагасынын сунушу жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри ме-нен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынанкызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Өзүнүн ишмердигинде Өкүлчүлүктүн жетекчиси Мамкомитетке жана жүр-гөн мамлекеттеги Четөлкөлүк мекеменин башчысына же анын милдеттерин ат-каруучу адамга отчет берет. 12. Өкүлчүлүктүн жетекчиси: - Өкүлчүлүктүн ишин, ага жүктөлгөн милдеттерди жана функциялардыаткарууну уюштурат, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоону камсыз кылат,өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгүнө контролдукту жүзөгө ашырат; - ал башкарган Өкүлчүлүктүн иш-аракеттеринин абалына жана натыйжа-ларына жеке жоопкерчиликти тартат; - өз компетенциясынын чектеринде белгиленген тартипте Өкүлчүлүктүнатынан юридикалык жана жеке, анын ичинде четөлкөлүк жактар менен жаран-дык-укуктук жана эмгектик келишимдерди түзөт; - Өкүлчүлүктүн Четөлкөлүк мекеме менен макулдашылган өз ара араке-тин камсыз кылат; - Өкүлчүлүктүн кызматкерлерин жүргөн мамлекеттин региондоруна жанаКыргыз Республикасына Мамкомитет жана Четөлкөлүк мекеменин башчысынынтапшырмасы же макулдашуусу боюнча жиберет; - Өкүлчүлүктүн иши жөнүндө Мамкомитетке жана Четөлкөлүк мекемегеайлык, кварталдык, жарым жылдык жана жылдык отчетторду берет. Өкүлчүлүктүн жетекчиси жок болгон учурда анын милдеттерин жетекчи-нин орун басары аткарат. 13. Өкүлчүлүктө иштөө үчүн Мамкомитетте 1 жылдан кем эмес иштеген,кесиптик квалификациясын, даярдыгын жана адистешүүсүн эске алуу мененжөндөмү бар, ден соолугунун абалы боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттердиаткара алган мамлекеттик кызматчылар жиберилет. Өкүлчүлүктө анын жетекчисин кошпогондо, кызматка дайындоо Мамкоми-теттин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биргелеш-кен буйругу менен ишке ашырылат. Өкүлчүлүктө кызматка дайындоодо мамле-кеттик кызматчылар Мамкомитеттеги ээлеген кызмат орундарынан бошотулат. Өкүлчүлүктүн Жетекчиси, анын орун басары жана Өкүлчүлүктүн кызмат-керлери 2 жылдык мөөнөткө дайындалышат. Зарыл болгон учурда Өкүлчүлүктүн жетекчисинин, анын орун басарынынжана Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү 1жылга чейин узартылышы мүмкүн. Узартуу дайындоодогу тартипте ишке ашы-рылат. 14. Өкүлчүлүктүн Жетекчиси, анын орун басары жана Өкүлчүлүктүнкызматкерлери белгиленген тартипте жүргөн мамлекеттин тышкы саясат ве-домствосу тарабынан Четөлкөлүк мекеменин кызматкери катары аккредитаци-ялоо жол-жобосунан өтүшөт. 15. Өкүлчүлүктө ыйгарым укуктуу мөөнөтү аяктаган соњ мамлекеттиккызматчылар Мамкомитетке кайтып келишет жана мурда ээлеген кызмат орун-дарынан төмөн эмес кызматтарга дайындалышат. 16. Өкүлчүлүктүн жетекчиси, анын орун басары жана Өкүлчүлүктүнкызматкерлеринин иши мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда токтотулушумүмкүн: 1) жүргөн мамлекетте өзгөчө кырдаал келип чыккан учурларда; 2) кызматкерге "персона нон грата" жарыяланганда же жүргөн өлкөнүнкомпетенттүү бийликтеринен жүргөн өлкөдө жүрүүгө мүмкүн эместиги туура-луу билдирме алса; 3) кызматкер жүргөн өлкөнүн үрп-адаттарын жана мыйзамдарын сыйла-баса, ошондой эле жалпы кабыл алынган жүрүм-турум жана моралдык ченем-дерин сактабаган учурда; 4) жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоону, жалпы кабыл алынган жү-рүм-турумдун жана моралдык ченемдерин өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрү сактоонукамсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди кызматкер аткарбаса; 5) эмгектик милдеттерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкыиштер министрлиги кабыл алган Ички эмгек күн тартибинде бекемделген ре-жимдик талаптарды одоно бузса; 6) четөлкөдө иштешине тоскоол боло тургандай катуу ооруса; 7) кызматкер мамлекеттик кызматчынын этикасын, мамлекеттик кызматжөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузса; 8) кызматкердин өз каалоосу менен. 17. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жүр-гөн мамлекеттин мыйзамдарын, ошондой эле каада-салттарын, үрп-адаттарынсыйлоого милдеттүү, жүргөн мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү катарычечмелениши мүмкүн болгон ар кандай аракеттерден оолак болушу керек. 18. Өкүлчүлүктүн кызматкерлерине "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик кызматтын класстыкчендери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бери-лет. 19. Өкүлчүлүктүн кызматкерлерин материалдык-техникалык, социалдыкжана башка камсыз кылуу маселелеринде Кыргыз Республикасынын дипломати-ялык кызматы жөнүндө мыйзамдарынын ченемдери колдонулат. 20. Өкүлчүлүктүн ишин каржылоо тийиштүү жылга республикалык бюд-жетте өзүнчө статья менен бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттары-нын эсебинен жүзөгө ашырылат. 21. Өкүлчүлүктүн мүлкү Кыргыз Республикасынын менчиги болуп сана-лат. Өкүлчүлүк көрсөтүлгөн мүлктү ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууүчүн гана пайдалана алат. 22. Өкүлчүлүктүн финансы-чарба ишин контролдоону Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына ылайык Мамкомитет жана мамлекеттик финансылык кон-тролдоонун башка ыйгарым укуктуу органдары ишке ашырат.