Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 2-июлу № 258 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Адамүдүн районунун Ташдөбө айылдык кењешинин жерлерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-августундагы № 327 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жер
кодексинин 20-статьясына ылайык жанаКыргыз Республикасында турак жай курулушун өнүктүрүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын жарандарына жекеменчик укугунда таандык 16,41 га сугат айдоосун которуу жөнүндө сунушукабыл алынсын, анын ичинде: - Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Адамүдүн районунунТашдөбө айылдык кењешинин аймагында жаран М Токоевага - 2,04 га; - жаран Ш.С.Токторовго - 2,0 га; - жаран С.М.Рыскельдиевага - 1,75 га; - жаран Н.И.Бослерге - 1,46 га; - жаран В.О.Красильниковго - 9,16 га. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-гы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясынакоторулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сы: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-луш боюнча мамлекеттик агенттик жана Бишкек шаарынын мэриясы менен бир-дикте бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участкаларына "2025-жылгачейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 токтому менен беки-тилген Бишкек шаарынын башкы планына бекем ылайык курууну камсыз кыл-сын; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - жалпы пайдалануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сырт-та зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникацияларды камсыз кылуу-ну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-августундагы №327 токтомунун редакциясына ылайык) 4 Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри А. Атамбаев