КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 6-июлу № 263 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2007-2008-окуу жылына адистиктердин тизмесин жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-статья-сына ылайык, жогорку кесиптик билимдүү адистерди даярдоонун артыкчылык-туу багыттарын жана адистиктерди аныктоо максатында Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү токтом кылат: 1. 2007-2008-окуу жылына мамлекеттик органдар аркылуу каржылануучумамлекеттик билим берүү гранты № 1 тиркемеге ылайык 5705 санында белги-ленсин. 2. 2007-2008-окуу жылына адистиктеринин тизмеси жана мамлекеттикбилим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмү№ 2 тиркемеге ылайык бекитилсин. 3. Мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде педагогикалык жемедициналык адистиктер боюнча ЖОЖго кабыл алынган жана кесиптик жогоркубилим алган адамдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минис-трлигинин же Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигининбөлүштүрүүсүнө ылайык жумушка жиберилүүгө тийиш экендиги белгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги: - Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна карата мамлекеттик билим берүүгранттары боюнча 2007-2008-окуу жылына кабыл алуу планын бекитсин; - Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери жана ведомстволо-рунун катышуусунда абитуриенттер, анын ичинде республиканын алыскы жанажетүүгө кыйын, ошондой эле бийик тоолуу зоналарында жашагандар үчүнмамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде ЖОЖдорго өтүүгө жанаокууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган механизмдииштеп чыксын жана аны бекитсин; - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бир-дикте региондордун керектөөлөрүн эске алуу менен бюджеттик негизде кад-рларды даярдоого коюлган талаптарды белгилөө жана аларды ошол келгенжерине кайра жиберүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын нормативдик укук-тук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим-деринин долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн кароосуна 2007-жылдын 1-сентябрына чейин киргиз-син; - 2007-жылдын 1-октябрына чейин республиканын ЖОЖдору боюнча мам-лекеттик заказды жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө топтомо отчеттуКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ви-це-премьер-министри Нур уулу Досболго жүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июлундагы № 264 токтомуна № 1 тиркеме 2007-2008-окуу жылына мамлекеттик органдар аркылуу каржылануучу мамлекеттик билим берүү гранттарынын САНЫ -----------------------------------------------------------------------|№ | Министрликтердин аталышы | Орундардын саны ||---|------------------------------------------|----------------------|| |Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана | 5040 || |илим министрлиги | ||---|------------------------------------------|----------------------|| |Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо | 170 || |министрлиги | ||---|------------------------------------------|----------------------|| |Кыргыз Республикасынын Ички иштер | 200 || |министрлиги | ||---|------------------------------------------|----------------------|| |Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | 120 ||---|------------------------------------------|----------------------|| |Кыргыз Республикасынын Маданият жана | 175 || |маалымат министрлиги | ||---|------------------------------------------|----------------------|| |Бардыгы | 5705 |----------------------------------------------------------------------- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов