Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 9-июлу № 265
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы
аркылуу убактылуу өтүү режимин "Ак-Жол" көп тараптуу
өткөрүү пунктуна киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамынын 23-статьясына ылайык жана Борбордук Азияда
"Ак-Жол" көп тараптуу өткөрүү пунктун куруу жана жайгаштыруу боюнча Ев-
ропа союзу менен ПРООНдун ВОМСА/САDАР программасын ишке ашыруунун баш-
талышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2007-жылдын 31-декабрына чейин "Ак-Жол" көп тараптуу өткөрүү
пунктунан адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана башка мүлктү
өткөрүүнүн төмөнкүдөй режими белгиленсин:
- 22.00дөн 7.00гө чейин - жењил автотранспорт каражаттары үчүн;
- күнү-түнү:
туруктуу эл аралык жүргүнчүлөр каттамы үчүн;
Казакстан Республикасынын бажы кызматынын жеткирүүнү контролдоо
системасы (АСКДТ) боюнча Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу тран-
зит менен бараткан жүк ташуучу автотранспорт каражаттары үчүн;
кыргыз-казак мамлекеттик чегарасын жөө басып өткөн адамдар үчүн.
2. "Ак-Жол" көп тараптуу өткөрүү пунктун куруу жана реконструкция-
лоо мезгилинде пайдаланылуучу кыргыз-казак мамлекеттик чегарасындагы
өткөрүү пункттарынын тиркелген тизмеси бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы, Кыргыз Республикасынын
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, Кыргыз Респуб-
ликасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана
коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети "Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы эл аралык автомобилдик, аба
жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз
Республикасынын автомобилдик жолдорундагы ички стационар посттордун иш-
терин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн 2004-жылдын 28-августундагы № 638 токтомуна ылайык өткөрүү пун-
кттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана башка
мүлктү өткөрүүнү камсыз кылышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-
касынын мамлекеттик чегарасы аркылуу "Ак-Жол" көп тараптуу өткөрүү пун-
ктунда өткөрүүнүн убактылуу режимин ишке киргизүү жөнүндө казак тарапка
дипломатиялык каналдар боюнча маалымдасын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Че-
гара кызматына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын корго-
нуу, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 3-июлундагы
№ 235 токтому менен
бекитилген
"Ак-Жол" көп тараптуу өткөрүү пунктун куруу жана
реконструкциялоо мезгилинде пайдаланылуучу
кыргыз-казак мамлекеттик чегарасындагы
өткөрүү пункттарынын
ТИЗМЕСИ
-----------------------------------------------------------------------
| №| Өткөрүү | Өткөрүү пунктунун | Өткөрүү |
| | пунктунун | жайгашкан жери (облус, | пунктунун |
| | аталышы | район, калктуу конуш) | статусу жана |
| | | | иштөө режими |
|--|--------------|---------------------------------|-----------------|
|1 |"Жайыл" |Чүй облусу, Жайыл району, Степное|Эки тараптуу, |
| | |айылынын түндүк жагы |күнү-түнү |
|--|--------------|---------------------------------|-----------------|
|2 |"Чалдыбар" |Чүй облусу, Панфилов району, |Көп тараптуу, |
| | |Чалдовар айылынын батыш жагы |күнү-түнү |
| | |(Бишкек-Тараз а/ж 98 км) | |
|--|--------------|---------------------------------|-----------------|
|3 |"Камышановка" |Чүй облусу, Сокулук району, |Эки тараптуу, |
| | |Камышановка айылынын батыш жагы |сутканын |
| | | |күндүзгү убактысы|
|--|--------------|---------------------------------|-----------------|
|4 |"Актилек" |Чүй облусу, Ысыката району, Чу |Көп тараптуу, |
| | |суусунун түштүк жээги (Хуан-Чи |күнү-түнү |
| | |айылынын чыгышындагы көпүрөнүн | |
| | |жаны) | |
|--|--------------|---------------------------------|-----------------|
|5 |"Кењ-Булуњ" |Чүй облусу, Ысыката району, |Эки тараптуу, |
| | |Трудовик айылына кайрылыштагы |күнү-түнү |
| | |көпүрөнүн жаны (Казакстан | |
| | |Республикасы) | |
|--|--------------|---------------------------------|-----------------|
|6 |"Токмок" |Чүй облусу, Чүй району |Эки тараптуу, |
| | |(Бишкек-Кемин а/ж 63 км, Чу |күнү-түнү |
| | |суусундагы Дунларов атындагы | |
| | |көпүрөнүн жаны) | |
|--|--------------|---------------------------------|-----------------|
|7 |"Каркыра" |Ысыккөл облусу, Түп району, |Көп тараптуу, |
| | |Каркыра аймагы (3 МТФ) |сутканын күндүзгү|
| | | |убактысы |
|--|--------------|---------------------------------|-----------------|
|8 |"Чоњ-Капка" |Талас облусу, Манас району |Көп тараптуу, |
| | | |күнү-түнү |
|--|--------------|---------------------------------|-----------------|
|9 |"Кичи-Капка" |Талас облусу, Манас району |Эки тараптуу, |
| | | |күнү-түнү |
|--|--------------|---------------------------------|-----------------|
|10|"Күркүрөө" |Талас облусу, Карабуура району, |Эки тараптуу, |
| | |Аманбаев айылынын батыш жагы |күнү-түнү |
|--|--------------|---------------------------------|-----------------|
|11|"Кайыњды" |Чүй облусу, Жайыл району, Кайыњды|Көп тараптуу, |
| | |шаарчасы |күнү-түнү |
-----------------------------------------------------------------------