Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясынын кењешинин 2007-жылдын 16-июлундагы № 270/9-4
токтому менен бекитилген Профсоюздардын дарылануучу жайларында жана балдардын ден соолукту чыњдоочу борборлорунда санаториялык-курорттук дарыланууга жана эс алууга жолдомолорду пландаштыруунун, бөлүштүрүүнүн, сатып өткөрүүнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор II. Жолдомолорду пландаштыруу, бөлүштүрүү жана сатып өткөрүү тартиби III. Жолдомолорду берүүнүн тартиби IV. Жолдомолордун пайдаланылышын контролдоо V. Эсеп жана отчеттуулук I. Жалпы жоболор 1.1. Бул Жобо эмгекчилерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө санато-риялык-курорттук дарыланууга жана эс алууга жолдомолорду пландаштыруу,бөлүштүрүү, сатып өткөрүү жана берүү максатында иштелип чыкты. 1.2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жењилдик-терге укуктуу жарандардын айрым категорияларына колдонулбайт. 1.3. Ден соолукту чындоочу иш чараларды жүргүзүүдө Кыргызстанпрофсоюздарынын Федерациясы ушул Жобону жетекчиликке алат. II. Жолдомолорду пландаштыруу, бөлүштүрүү жана сатып өткөрүү тартиби 2.1. Профсоюздардын курортторун башкаруу боюнча Кыргыз курорт ке-њеши (мындан ары - Кыргызкурорткењеш) жана башка профсоюздук дарылануу-чу жайлар өтүп жаткан жылдын 15-январына чейин ден соолукту чыњдоочужайлардын иш графигин, жолдомолордун баасын көрсөтүү менен аларды чыга-руу планын Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясына берет. 2.2. Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясы тиешелүү жылга респуб-ликалык бюджетте каралган каражаттардын чектеринде Кыргызкурорткењеш-тен, башка профсоюздук дарылануучу жайлардан жана балдардын ден соолук-ту чыњдоочу борборлорунан сатып алына турган жолдомолордун санын анык-тайт. 2.3. Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясынын тармактык комитет-тери, облустук кењештери, региондук-аймактык бирикмелери баштапкы проф-союздук уюмдардан келип түшкөн суроо-талаптарды жалпылайт жана алардыКыргызстан профсоюздарынын Федерациясына берет. 2.4. Суроо-талаптарга ылайык Кыргызстан профсоюздарынын Федерация-сынын кењешинин Президиуму Кыргызстан профсоюздардын Федерациясынынтармактык комитеттерине, облустук кењештерине, региондук-аймактык би-рикмелерине жолдомолорду бөлүштүрүү планын бекитет. 2.5. Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясынын кењешинин Президиу-мунун токтомуна ылайык Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясынын тар-мактык комитеттери, облустук кењештери, региондук-аймактык бирикмелерибаштапкы профсоюз уюмдары (мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардынпрофсоюз комитеттери) боюнча жолдомолорду бөлүштүрүү планын бекитет жа-на ишеним кат боюнча жолдомолорду алардын өкүлдөрүнө берет. 2.6. Кыргызкурорткењеш жолдомолорду бөлүштүрүүнүн бекитилген пла-нынын негизинде Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясынын тармактык ко-митеттерине, облустук кењештерине, региондук-аймактык бирикмелеринежолдомолорду накладной жазып квартал сайын бөлүп берет, анда дарылануу-чу жайдын аталышы, жолдомолордун саны, келип-кетүү мөөнөттөрү, алардынбаасы көрсөтүлөт. 2.7. Санаториялык-курорттук дарыланууга жана эс алууга жолдомолор-дун чыгарылган жалпы санынын 10 пайызына чейинкиси жана балдардын денсоолукту чыњдоочу борборлоруна жолдомолордун 5 пайызына чейинкиси жа-рандарга түздөн-түз Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясы тарабынанберилет. Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясы тарабынан жолдомолорду бе-рүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, менчигинин түрүнө кара-бастан ишканалардын жана уюмдардын, коммерциялык эмес уюмдардын (коом-дук бирикмелер, кайрымдуулук жана коомдук фонддор) профсоюз уюмдарынын,Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясынын тармактык комитеттеринин, об-лустук кењештеринин, региондук-аймактык бирикмелеринин өтүнүч каттары-нын, жарандардын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлөт жана Кыргызстанпрофсоюздарынын Федерациясынын кењешинин президиуму тарабынан бекити-лет. 2.8. Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясы дарылануучу жайларгасатылган жолдомолор үчүн акча каражаттарын Кыргызкурорткењеш жана проф-союздук дарылануучу жайлардын учурдагы эсебине, ал эми балдардын денсоолук чыњдоочу борборлоруна жолдомолор үчүн каражатты Кыргызстан проф-союздарынын Федерациясынын тармактык комитеттеринин, облустук кењеште-ринин, региондук-аймактык бирикмелеринин учурдагы эсебине түздөн-түзкоторот. III. Жолдомолорду берүүнүн тартиби 3.1. Эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолуктучыњдоосу үчүн жолдомолор алардын иштеген жериндеги профсоюз комитеттеритарабынан берилет, профсоюз уюмдары болбогон учурда - Кыргызстан проф-союздарынын Федерациясынын аймактык, региондук, региондук-аймактык жанареспубликалык бирикмелери тарабынан берилет. 3.2. Санаториялык-курорттук дарыланууга жана эс алууга жолдомолорменен төмөнкүдөй иштеп жаткан жарандар артыкчылыктуу камсыз кылынат: - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген эњ жогорку даражаны ал-ган, "Манас" жана "Баатыр Эне" ордендери менен сыйланган адамдар; - ден соолугун чыњдоого муктаж аз камсыз болгон жарандар менен көпбалалуу үй-бүлөлөр; - жалпы оорудан, эмгектик мертинүүдөн, кесиптик оорудан майып бол-гон иштеген майыптар, бала кезинен майыптар, 18 жашка чейинки май-ып-балдар. 3.3. Эс алуу үйлөрүнө жана пансионаттарга жолдомо алуу үчүн иште-ген адамдар иштеген жериндеги профсоюз комитетине, ал жок болсо - Кыр-гызстан профсоюздарынын Федерациясынын аймактык, региондук, регион-дук-аймактык жана республикалык бирикмесине арыз берет. Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо алуу үчүн иштеген адам-дар тиешелүү дарылануунун зарылдыгы жөнүндө медициналык корутундусу ме-нен маалымкатты иштеген жериндеги профсоюз комитетине, ал жок болсоКыргызстан профсоюздарынын Федерациясынын аймактык, региондук, регион-дук-аймактык жана республикалык бирикмесине арыз берет. Балдардын ден соолукту чыњдоочу борборлоруна жолдомо алуу үчүн иш-теген адамдар балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүнтиркөө менен иштеген жериндеги профсоюз комитетине, ал жок болсо - Кыр-гызстан профсоюздарынын Федерациясынын аймактык, региондук, регион-дук-аймактык жана республикалык бирикмесине арыз берет. 3.4. Жолдомо аны берүүдө толтурулууга (фамилиясы, аты, атасынынаты, иштеген жери, кызматы, жолдомону берген баштапкы профсоюз уюмунунаталышы), профсоюз комитетинин төрагасы тарабынан кол коюлууга, ошондойэле профсоюз комитетинин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө, ал жок болсоКыргызстан профсоюздарынын Федерациясынын аймактык, региондук, регион-дук-аймактык жана республикалык бирикмелеринин төрагасы тарабынан колкоюлууга тийиш. Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясы тарабынан берилген жолдомо-лор Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясынын эмгекчилерди жана алардынүй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыњдоону, социалдык жактан камсыздоонууюштуруу башкармалыгынын начальниги же анын орун басары тарабынан күбө-лөндүрүлөт. 3.5 Республикалык бюджетте каралган каражаттардан Кыргызстан проф-союздарынын Федерациясы тарабынан бөлүнүүчү профсоюздардын дарылануучужайларына жана балдардын ден соолукту чыњдоочу борборлоруна санатория-лык-курорттук дарыланууга жана эс алууга жолдомолор бекер берилет. IV. Жолдомолордун пайдаланылышын контролдоо 4.1. Жолдомолордун пайдаланылышына контролду Кыргызстан профсоюз-дарынын Федерациясынын эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүнден соолугун чыњдоону, социалдык камсыздоону уюштуруу башкармалыгынын,Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясынын тармактык комитеттеринин, об-лустук кењештеринин жана региондук-аймактык бирикмелеринин, баштапкыпрофсоюз уюмдарын жетекчилери жүргүзүшөт. 4.2. Эмгекчилер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү санаториядан, эсалуу үйлөрүнөн, пансионаттан, балдардын ден соолукту чыњдоочу борборло-рунан кайтып келгенден кийин профсоюздук комитетке (жолдомону алган же-риндеги) "Жолдомого карата кайтарма талонду" берүүгө милдеттүү, ал да-рылануу же эс алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин ага ден соолукту чыњдоочумекеме тарабынан берилет. 4.3. Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясынын тармактык комитет-терине, облустук кењештерине, региондук-аймактык бирикмелерине, баштап-кы профсоюз уюмдарынын тиешелүү региондо, тармакта, мекемеде, уюмда жа-на ишканаларда иштебеген адамдарга жолдомо берүүгө тыюу салынат. 4.4. Дарылануучу жайларга жана балдардын ден соолукту чыњдоочуборборлоруна адамдар туура эмес толтурулган жолдомолор менен келгенучурда дарылануучу жайдын жана балдардын ден соолукту чыњдоочу борбор-лорунун жетекчилери бул тууралуу үч күндүк мөөнөттө Кыргызстан профсо-юздарынын Федерациясына, тиешелүү тармактык комитетке же облустук ке-њешке билдирүүгө милдеттүү. Жолдомолорду туура эмес толтурган адамдарКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. V. Эсеп жана отчеттуулук 5.1. Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясынын тармактык комитет-тери, облустук кењештери, региондук-аймактык бирикмелери финансылыкэсеп жүргүзүшөт, ал эми эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүнден соолугун чыњдоого бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө от-четтук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен квартал сайын Кыр-гызстан профсоюздарынын Федерациясына отчет берип турушат. 5.2. Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясы квартал сайын отчеттукмезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен эмгекчилердин жана алар-дын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыњдоого бюджеттик каражаттын пай-даланылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчетберип турат. 5.3. Санаториялык-курорттук дарыланууга жана эс алууга жолдомолор-дун пайдаланылышын текшерүүнү Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясынынэмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыњдоону,социалдык камсыздоону уюштуруу башкармалыгы жүргүзөт.