Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 16-июлу № 271 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна финансылык колдоо көрсөтүү жөнүндө" 2006-жылдын 26-январындагы № 38 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Заемдук каражаттарды кайтарып берүүнү камсыздоо, мамлекеттик кол-доо көрсөтүү жана республиканы жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз жабдуу-ну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргызгаз" ачык акционердиккоомуна финансылык колдоо көрсөтүү жөнүндө" 2006-жылдын 26-январындагыN 38 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - токтомдун бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Экономикажана финансы министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлиги" деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын; - 1-пунктта: төртүнчү абзацтын "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "а) I транш боюнча кредиттерди жоюу мөөнөтү 6865503 канада долларысуммасында - 16 айга белгиленсин: 2006-жылдын 1-февралынан 2007-жылдын31-майына чейин андан ары узартуу укугусуз бирдей төлөмдөр менен490393,07 канада доллары суммасында. II транш боюнча кредитти жоюу мөөнөтү 2006-жылдын 21-январынан2006-жылдын 6-декабрына чейинки мезгилде өздөштүрүлгөн 2434479,0 канададоллары суммасында - 4 айга белгиленсин: 2007-жылдын 1-июнунан2007-жылдын 30-сентябрына чейин андан ары узартуу укугусуз (заемчунунмилдеттерин аткарууну камсыз кылууда кошумча күрөөлүк мүлк берүү менен)608624,25 канада доллары суммасында бирдей төлөмдөр менен;"; төртүнчү абзацтын "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "б) кредитти пайдалануу үчүн проценттик ставка - жылдык 6 процентменен. II транш боюнча проценттерди эсептөө өздөштүрүлгөн датадан тар-тып карызды толук жойгонго чейин жүргүзүлөт;"; төртүнчү абзацтын "д" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "д) негизги карызды төлөө боюнча жењилдетилген мезгил - эки ай Iтраншка карата колдонулат жана II траншка колдонулбайт;". 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгынын энергетика комплексижана кен казып алуу тармагы бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев