Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 20-июлу № 277 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Зергер буюмдарды экспорт үчүн өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-декабрындагы № 761 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Зергер буюмдардын экспортун көбөйтүү максатында Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Зергер буюмдарды экспорт үчүн өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча чара-лар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-декабрында-гы № 761 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - токтомдун бүткүл тексти боюнча "2007" деген цифралар "2009" де-ген цифраларга алмаштырылсын. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министр А.Атамбаев