Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-июлу № 285 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Алабука районундагы Алабука айылдык кењешинин калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Алабука районундагыАлабука айылдык кењешинин тургундарынын социалдык муктаждыктарын чечүүмаксатында, Кыргыз Республикасынын Жер
кодексинин 20-статьясына ылайыкКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Жалалабат облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүпберүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия мененмакулдашылган, Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Алабука райо-нундагы Алабука айылдык кењешинин калктуу конуштарынын аймактарын ке-њейтүү үчүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 29,2 га же-рин, анын ичинде 18,9 га сугат айдоосун, 10,3 га - көп жылдык өсүмдүк-төр баскан жерин берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын ичинде: - Достук айылынын - 18,9 га сугат айдоосу, 5,3 га көп жылдык өсүм-дүктөр баскан жери; - Сарыталаа айылынын - 5,0 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жери. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-гы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясынакоторулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун мамлекеттик админис-трациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участкаларына жалпы пайда-лануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта, социалдык-мада-ний багыттагы объектилерди жана инженердик коммуникацияларды жайгашты-рууну эске алуу менен курулуш курууга шаар куруу документтерин иштепчыксын; 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри А.Атамбаев