Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 22-октябрындагы № 609 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 24-июлу № 286
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин
иш-аракетин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмүн
өркүндөтүү жана анын иш-аракетинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой
эле бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыр-
гыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макул-
дашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри менен Кыргыз
Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Ресурстук макулда-
шууга белгиленген тартипте кол коюу тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги "Кыргыз
Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 1-августундагы "Мамлекеттик
кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Жарлыгына толук-
тоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлы-
гынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
Премьер-министри А.Атамбаев