Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                                       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                           2007-жылдын 11-майындагы                                              N 171 токтому менен                                                  бекитилген           Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык               полиция органдарында кызмат өтөө жөнүндө                                 ЖОБО                    (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн               2007-жылдын 20-июлундагы N 274 токтомунун                         редакциясына ылайык)      I.    Жалпы жоболор     II.   Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто жана улук           башкаруучу курамына атайын наамдарды ыйгаруу (ажыратуу)           тартиби     III.  Финансылык полицияда кызмат тартиби     IV.   Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн шарттары     V.    Финансылык полиция кызматкерлеринин отпускалары жана           социалдык гарантиялары     VI.   Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн токтотулушу     VII.  Финансылык полициядагы кызматын, атайын наамдарын жана           ишин калыбына келтирүү     VIII. Корутунду жоболор      Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык поли-ция органдарында кызмат өтөөнүн укуктук негизин,  тартибин жана шартта-рын аныктайт.                            I. Жалпы жоболор      1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция ор-гандарындагы  кызмат Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органда-рында (мындан ары - Финансылык полиция) кызматтарда турган Кыргыз  Рес-публикасынын жарандарынын мамлекеттик кызматынын түрү болуп эсептелет.     2. Финансылык полиция  органдарындагы  кызматтын  укуктук  негизинКыргыз Республикасынын Конституциясы,  Кыргыз Республикасынын мыйзамда-ры, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актылары жана ушулЖобо түзөт.     3. Финансылык  полициядагы кызмат мыйзамдуулук принциптерине, адамукуктарын жана эркиндиктерин урматтоо жана сактоо, гумандуулук, маалым-дуулук, Финансылык  полициянын  тийиштүү мамлекеттик бийлик органдарынаотчеттуулугунун жана контролдугунун, кызматтык тартипти сактоо принцип-терине ылайык түзүлөт.     4. Финансылык полициянын кызматкерлери болуп ушул Жободо белгилен-ген тартипте  атайын наамдар ыйгарылган, Финансылык полициянын аттеста-цияланган курамынын штаттык кызматтарында турган Кыргыз Республикасынынжарандары эсептелет.     Финансылык полициянын  кызматкерлери  белгиленген  тартипте атайынформалык кийим-кече  менен  камсыз  кылынат,  аны кийип жүрүү эрежелериКыргыз Республикасынын  Өкмөтү  тарабынан белгиленет Аларга белгиленгенүлгүдөгү кызматтык күбөлүктөр берилет     Финансылык полициянын кызматкеринин кызматтык күбөлүгү анын белги-ленген тартипте  атайын  каражаттарды  жана  ок атуучу табелдик куралдысактоого, алып  жүрүүгө  уруксат этүүчү жана Финансылык полицияда ыйга-рылган наамына  жараша кызмат өтөп жаткандыгын тастыктоочу расмий доку-мент болуп эсептелет.     Кадрлар бөлүмчөсүнүн жетекчиси ишке жањы алынган кызматкерге  кыз-маттык күбөлүктү тапшырууда документти пайдалануунун жана аны сактоонунэрежелери боюнча инструктаж өткөзөт.     5. Финансылык полиция органдарында кызматка анык аскердик кызматтыөтөгөн, укук  коргоо,  салык,  финансы же бажы органдарында кеминде биржылдык эмгек стажы бар, 35 жаштан ашпаган, өзүнүн жеке, ишкер, кесиптиксапаттары боюнча  жөндөмдүү, билими жана ден-соолугу кызмат милдеттеринаткарууга мүмкүндүк  берген  Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуунегизде кабыл алынат.     Финансылык полицияга  кызматка кабыл алуу жарандар милдеттүү түрдөатайын текшерүүдөн,  ошондой  эле  кызмат  өтөөгө жарактуулугун аныктооүчүн Кыргыз  Республикасынын  Ички  иштер министрлиги же болбосо КыргызРеспубликасынын Улуттук  коопсуздук  боюнча  комитетинин системаларынынаскердик-дарыгерлик комиссияларында медициналык текшерүүдөн өткөн шарт-та ишке ашырылат.     Финансылык полициянын орто, улук жана жогорку жетекчилик курамынынкызматына тиешелүү юридикалык, экономикалык же финансылык жогорку били-ми бар жарандар кабыл алынат.     Финансылык полиция кызматкерин жумушка кабыл алуу Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына  жана ушул Жобого ылайык Финансылык полициянын же-текчисинин буйругу менен таризделет.     Финансылык полиция  кызматына  кабыл  алынган жарандар ушул Жободобелгиленген тартипте ант беришет.     Финансылык полицияга кызматка жањы кабыл алынып жаткан адамдарга 3айдан ашпаган  сынак мөөнөтү белгилениши мүмкүн. Талапкер тиешелүү кыз-матка катардагы  жана  кенже башкаруучу курамынын атайын наамын ыйгарууменен бирге  дайындалат  жана  ага тажрыйбалуу кызматкерлерден насаатчыбекитилет.     6. Кыргыз Республикасынын жараны Финансылык полицияга кызматка тө-мөнкүдөй учурда кабыл алынбайт, эгерде ал:     - соттун  күчүнө кирген чечими менен ишке жарамсыз же жарамдуулугучектелүү деп табылса;     - соттолгон же соттуулугу бар, кылмыш жоопкерчилигинен мунапыс бо-юнча бошотулса;     - ушул Жобонун 5-пунктунда каралган талаптарга жооп бербесе;     - башка мамлекеттин жарандуулугуна ээ болсо.     Бири-бири менен  жакын туугандык байланышта (ата-энелер, жубайлар,бир туугандар, ага-инилер, эже-сињдилер, уул-кыздар, ошондой эле жубай-ынын ата-энеси, бир туугандары жана балдары) болгон кызматкерлерге кыз-маттары түздөн-түз  бири-биринин баш ийүүсүндө же бири-биринин контрол-дугунда турса, бир эле Финансылык полиция органында кызмат өтөөгө урук-сат кылынбайт.     Финансылык полиция кызматкери төмөнкүгө укуксуз:     а) чыгармачылык, илимий жана педагогикалык иштер менен байланыштуукызматтардан тышкары башка акы төлөнүүчү кызматтарды ээлөөгө;     б) ишкердик жүргүзүүгө;     в) кандайдыр бир ишкананын башкаруу органынын мүчөсү болууга;     г) финансылык  полиция органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнчаишенимдүү адамы же өкүлү болууга;     д) кызматтык эмес максатта финансылык, материалдык-техникалык жанамаалыматтык камсыздоо каражаттарын,  мамлекеттик башка мүлктү,  ошондойэле кызматтык маалыматты колдонууга;     е) саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардынишине өзүнүн  кызматтык  ишмердүүлүгүнө байланыштуу жана кызмат убакты-сында катышууга;  мамлекеттик  кызматтык ишмердүүлүктүн партиялык прог-раммаларга жана чечимдерге баш ийүүсүнө тыюу салынат;     ж) кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу аракетти ишкеашыргандыгы  же  аракетсиздиги  үчүн үчүнчү жактардан белек,  акча жанакызмат көрсөтүүлөрдү сый акы катары алууга;     Ушул пункттун  жоболорун бузган учурда жана ээлеген кызматына шай-кеш келбеген  кандайдыр бир иш аракетти жасагандыгы үчүн Финансылык по-лиция кызматкери  мындай  аракеттин жасалган убактысына карабастан кыз-маттан бошотулууга жатат.     7. Кенже,  орто  жана улук жетекчилик курамдагы кызмат орундарынынтизмеси жана  ушул  кызматтарга шайкеш келген атайын наамдар Финансылыкполициянын жетекчиси тарабынан аныкталат.     8. Финансылык полициянын атайын наамы бар  адамдарынын  кызматтарыушул Жобонун 7-пунктуна ылайык белгиленген тизме менен аныкталат.     Кызматка кабыл алынган Финансылык полициянын катардагы, кенже жанаулук башкаруучу  курамдагы  адамдарына кызматка дайындалгандан үч айданкийин Финансылык  полициянын жетекчисинин буйругу менен атайын наам ый-гарылат.     Айрым учурларда Финансылык полициянын  кызматкери  кызматы  боюнчамилдетти аткаруучу болуп дайындалышы мүмкүн. Мында бош кызмат оруну бо-юнча милдеттерди аткаруунун үзгүлтүксүз мөөнөтү эки айдан,  ал эми  бошэмес кызмат оруну боюнча төрт айдан ашпоого тийиш     9. Финансылык  полицияга кызматка кабыл алууда кызматкерлер төмөн-күдөй ант беришет:     "Мен, (аты-жөнү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы-лык полицияга  кызматка кирип жатып Кыргыз Республикасынын элине берил-гендигиме ант  берем  Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана КыргызРеспубликасынын мыйзамдарын, адамдардын жана жарандардын укугун сактоо-го, начальниктин буйруктарын ак ниеттүүлүк менен аткарууга ант берем.     Чынчыл, эр жүрөк кызматкер болууга, Мекендин экономикалык таламда-рынын чегинде  кылдаттык  менен турууга, кызматтык сырды бекем сактоогоант берем.     Эгерде мен  антымды  бузсам  Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген жоопкерчиликти тартууга даярмын".     10. Финансылык  полициянын кызматкерин кызматы боюнча жылдыруу тө-мөнкүдөй жүргүзүлөт:     а) жогорку кызматка - кызматы боюнча жогорулатуу иретинде;     б) тењдеш кызматка - кызматкерди кыйла максатка ылайыктуу пайдала-нуу зарылдыгы  келип  чыкканда  же болбосо үй-бүлөлүк абалы, ден-соолукабалы же курагы боюнча алардын макулдугу менен;     в)төмөнкү кызматка:     - штаттар  кыскарганда  же  Финансылык полиция кайра уюштурулгандабул адамдарды  тењдеш  кызматка жылдырууга мүмкүндүк болбогондо-алардынмакулдугу менен;     - аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде ден-соолу-гунун абалы боюнча;     - аттестациялоо тартибинде кызматына дал келбегендиги боюнча;     - дисциплинардык жаза тартибинде;     - жеке өтүнүчү боюнча;     г) мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына командировкага жи-берүү тартибинде.     Финансылык полиция  кызматкерин  кызматы  боюнча  жылдыруу  бардыкучурларда жылдыруунун негизин көрсөтүү менен буйрук аркылуу таризделет.     Төмөнкү кызматка  жылдырылган  Финансылык полиция кызматкери кийинанын кызматтык  квалификациясын, иш тажрыйбасын, ишкер жана жеке сапат-тарын, ден-соолугунун абалын эске алуу менен кызматы боюнча жогору кыз-матка жылдырылышы мүмкүн.     11. Финансылык полициянын кызматкерлери Финансылык полицияны жоюу,кайра уюштуруу  же болбосо штаттык санын кыскартууга байланыштуу уюшту-руучулук-штаттык иш  чараларды жүргүзүүдө түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчи-синин сунушу менен же төмөнкү көрсөткүчкө оперативдүү кызматтык иштерде4 айдан  ашпаган мөөнөткө Финансылык полициянын кадрлар карамагына кир-гизилет. Өзгөчө учурларда кызматкерлердин жеке себептери менен берилгенрапорттун негизинде кадрлар карамагына киргизүүгө уруксат берилет.     Кадрлар карамагындагы  Финансылык  полиция кызматкерлерине акчалайүлүштөрдү төлөп  берүү кадрлар кызматына тапшырылган табелдин негизиндежүргүзүлөт:     - биринчи эки ай үчүн - акыркы ээлеген кызматы боюнча маянанын жа-на атайын наамы боюнча маянанын өлчөмүндө;     - андан  кийинки  эки  ай  үчүн  -  атайын  наамы  боюнча маянанынөлчөмүндө.     Кызматкердин кадрлар  карамагында  болгон  мөөнөткө убактылуу ишкежарамсыздыктын мөөнөтү,  кезектеги ар жылдык  жана  башка  отпускалардаболгон убакыт, кылмыштык жоопкерчиликке тартылгандыгына байланыштуу ка-макта болгон мөөнөт, кылмыш иши токтотулган учурда же болбосо сот тара-бынан  актоочу  өкүм  чыгарылган учурда - камакка алынган күндөн тартыпбошотулган күнүнө чейинки мөөнөттөр эсепке алынбайт.     Кадрлар карамагындагы  болгон  төрт  айлык  мөөнөт  өткөндөн кийинштаттык кызматтарга  дайындалбаган  кызматкерлер  кызматтан бошотулуугажатат.     Кадрлар карамагына өткөндүгү жөнүндө буйрук  менен  жазуу  түрүндөтааныштырууда кызматкер төрт айлык мөөнөт өткөндөн кийин Финансылык по-лициядан кызматтан бошотулууга жатаары тууралуу маалымдалат.     Финансылык полициянын  кызматкери төмөнкү учурларда ээлеген кызма-тынан убактылуу четтетилиши мүмкүн:     1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасы-нын укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан кызматтан  четтетүүжөнүндө токтом чыгарылганда - иш боюнча акыркы чечим чыкканга чейин;     2) кызматтык териштирүү жүргүзүүдө (териштирүү кызматкердин өзүнүнталабы  менен  дайындалган  учурдан тышкары) - териштирүүнү жүргүзүүнүнтолук мөөнөтүнө, анын ичинде кызматкердин кызматтык милдеттерин аткару-уга  мүмкүнчүлүк бербеген тартипти одоно түрдө бузган учурда,  кызматтаалкоголдук, бањгилик жана токсикалык мас абалында болгон учурларда.     Кызматкерди кызматтан  убактылуу четтетүүдө жогоруда аталган учур-ларда анын эмгек акысы сакталат. Башка учурларда эмгек акы сакталбайт.     12. Финансылык  полициянын  кызматкерин  башка  жерлерге которуугаанын өтүнүчү боюнча Финансылык полициянын тийиштүү органдарынын началь-никтеринин макулдугу боюнча жол берилет.     13. Финансылык полициянын кызматкерлерин кесиптик жактан  даярдоо,кайра  даярдоо  жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынынжана башка мамлекеттердин окуу жайларында жүргүзүлөт.     14. Финансылык полициянын катардагы, орто жана улук башкаруучу ку-рамынын адамдарын аттестациялоо алардын ээлеген кызматына шайкеш келүү-сүн жана кызматтык өсүү мүмкүнчүлүгүн аныктоого, алардын кесиптик даяр-дыгынын дењгээлине,  укуктук маданиятына баа берүүгө, адамдар менен иш-тей билүү жөндөмүн аныктоого, кызматкерлердин иштөө натыйжалуулугун жо-горулатууга, кадрларды тандоону, жайгаштырууну жана тарбиялоону жакшыр-тууга, алардын  квалификациясын,  демилгесин,  чыгармачыл активдүүлүгүнжана тапшырылган ишке жоопкерчилигинин жогорулашына түрткү берүү макса-тында жүргүзүлөт.     Аттестациялоодо баа  берүүнүн  негизги  критерийи  кызматкерлерлиналарга жүктөлгөн милдеттерин аткаруу болуп эсептелет.     Кызматкерлерди аттестациялоо  Финансылык полиция органдарында кыз-матта ар бир үч жыл өткөндөн кийин бир жолу жүргүзүлөт (бирок көрсөтүл-гөн мөөнөттөн 6 айдан кеч эмес).     Аттестациялык-конкурстук комиссия  Финансылык полициянын жетекчиситарабынан түзүлөт жана жобосу бекитилет.     Финансылык полициянын  кызматкерлерин аттестациялоого даярдоо жанаөткөзүү тартиби Финансылык полициянын башчысы тарабынан бекитилет.     Аттестациялык-конкурстук комиссия   аттестациялоону  аттестацияданөтүп жаткан кызматкердин катышуусу менен жүргүзөт.     Аттестациялык-конкурстук комиссиянын  заседаниесине  жөндүү  себепменен катышпаган кызматкерлер (отпуска, оору, командировка) аттестация-дан кызматка келгенден кийин өтүшөт.     Кызматкер аттестациялык конкурстук комиссиянын  заседаниесине  се-бепсиз  келбеген учурда комиссия болгон материалдардын негизинде аттес-тация өткөрүлгөндүгү жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.               II. Финансылык полициянын катардагы, кенже,                орто жана улук башкаруучу курамына атайын                 наамдарды ыйгаруу (ажыратуу) тартиби      15. "Аскердик  наамдарды,  класстык чиндерди, атайын класстык чин-дерди жана  атайын  наамдарды  белгилөө жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына ылайык финансылык полиция органдарынын кызматкерлеринин атай-ын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:     а) финансылык полициянын кенже атайын наамы - катардагыдан прапор-щикти кошо алганда, ага чейинки;     б) финансылык полициянын орто атайын наамы  -  кенже  лейтенанттанкапитанды кошо алганда, ага чейинки;     в) финансылык полициянын улук атайын наамы - майордон  полковниктикошо алганда, ага чейинки;     г) финансылык полициянын жогорку атайын  наамы  -  генерал-майордукошо алганда, ага чейинки.     Финансылык полициянын кызматкерлерине атайын наамдар ырааттуу, же-келик түрдө алардын квалификациясын,  билимин,  кызматка болгон мамиле-син, иштеген жылдарын жана ээлеген штаттык кызматын эске алуу менен ый-гарылат.     Ыйгаруунун ыраатына жараша атайын наамдар алгачкы  жана  кезектегиболуп бөлүнөт.     Башкаруучу курамдын кезектеги атайын  наамы  мурдагы  атайын  наа-мындагы белгиленген мөөнөтү бүткөнгө чейин мөөнөтүнөн мурда же  болбосоээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскычка жо-гору наам иштеги жогорку натыйжаларга жетишкендиги жана кызматтык  мил-деттерин  үлгүлүү  аткаргандыгы үчүн колдоого алуу катарында Финансылыкполициянын жетекчиси тарабынан ыйгарылышы мүмкүн.     Финансылык полициянын жогорку атайын наамдары Кыргыз Республикасы-нын Президенти тарабынан ыйгарылат     Улук жана  жогорку  башкаруучу курамдын жетектөөчү кызматына кабылалынган Финансылык полициянын кызматкерине алгачкы атайын наам финансы-лык полициянын  подполковнигинен жогору атайын наамдан жогору эмес, за-пас боюнча андан жогорку аскердик же атайын наамы болбогон учурда ыйга-рылышы мүмкүн.     Кезектеги атайын  наам  Финансылык полициянын кызматкерлерине ушулЖободо каралган учурлардан тышкары,  ордун алмаштыруучу штаттык  кызматбоюнча каралган алардын наамына ылайык ырааттуу түрдө жана мурдагы наа-мындагы жылдарынын белгиленген мөөнөтү бүткөндө ыйгарылат.     Финансылык полицияга  кызматка  алынган запастагы офицерлердин ас-кердик наамдарындагы иштеген жылдарынын мөөнөтү алардын Финансылык  по-лицияга  кызматка алынган убактысы менен дал келген учурда аларга штат-тык кызмат боюнча каралган наамынан жогору  болбогон  кезектеги  атайыннаамдар ыйгарылышы мүмкүн.     Мурдагы аскер кызматчыларына,  ички иштер жана улуттук  коопсуздукоргандарынын,  салык  жана  финансылык  полициянын жетекчилик курамынынадамдарына,  ошондой эле аскердик,  атайын наамдары же класстык чиндерибар Финансылык полицияга кызматка алынган Кыргыз Республикасынын мамле-кеттик башка органдарынын кызматкерлерине атайын наам  алардын  мурдагыаскердик, атайын наамдарын же класстык чиндерин эске алуу менен ыйгары-лат.     Атайын наам мөөнөтүнөн мурда мурунку атайын наамында иштөөнүн бел-гиленген мөөнөтүнүн  жарымынан көбү өткөндө жана ээлеген штаттык кызма-тында каралган наамга ыйгарылуучу атайын наам туура келгенде ыйгарылат.     Ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскыч-ка жогору  болгон  кезектеги  атайын наам мурдагы наамындагы жылдарынынбелгиленген мөөнөтүнүн кеминде экөө бүткөндө ыйгарылат. Ушул учурда ээ-леген штаттык кызматы боюнча каралган атайы наамдан бир баскычка жогоружана мөөнөтүнөн  мурда  атайын наам ыйгаруу Финансылык полицияда кызматөтөө жылдарынын мезгилинде бир гана жолу жүргүзүлөт.     Атайын наамдарда  иштеген жылдардын мөөнөтү бул наамды ыйгаруу жө-нүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып эсептелет.     Пенсия дайындоодо эске алынуучу 20 жылдык жана андан ашык иштеген,ыйгарылган наамында белгиленген мөөнөттө кызмат өтөгөн жана аттестация-дан жакшы өткөн офицердик курамдын адамдарына кезектеги атайын наам ээ-леген штаттык кызматы боюнча каралган наамга карабастан курагы же оору-су боюнча аларды кызматтан бир эле учурда бошотуу менен Финансы полици-ясынын жетекчиси тарабынан ыйгарылышы мүмкүн.     Кенже башкаруучу курамдын атайын наамы бар, орто башкаруучу курам-дагы кызматка дайындалган Финансылык полициянын кызматкерлери ошол наа-мында иштеген жылдарынын мөөнөтүнө карабастан орто башкаруучу  курамдыналгачкы атайын наамын ыйгарууга көрсөтүлөт.     Кезектеги атайын  наам  Финансылык полициянын кызматкерлерине кыз-матка дайындоого чейин тиешелүү түрдө кадрлар резервинде турган учурда,алып салына  элек дисциплинардык жазасы болгондо, кылмыш-жаза иши, реа-билитациялоочу негиз боюнча кызматтык иликтөө иши (бирок бир айдан ашыкэмес) бүтмөйүнчө ыйгарылбайт.     Финансылык полиция  бөлүмчөсүнүн  жетекчиси кызматкерине кезектегиатайын наамды  ыйгарууга  көрсөтүүнү негизсиз кечењдеткендиги үчүн дис-циплинардык жоопкерчилик тартат.     16. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто, улук жана жогор-ку башкаруучу  курамынын наамдарында иштеген жылдарынын төмөнкүдөй мөө-нөттөрү белгиленет:     финансылык полициянын кенже сержантынын наамында - бир жыл;     финансылык полициянын сержантынын наамында - бир жыл;     финансылык полициянын улук сержантынын наамында - эки жыл;     финансылык полициянын старшинасы наамында - төрт жыл;     финансылык полициянын прапорщиги наамында - беш жыл;     финансылык полициянын кенже лейтенанты наамында - бир жыл,     финансылык полициянын лейтенанты наамында - эки жыл;     финансылык полициянын улук лейтенанты наамында - үч жыл;     финансылык полициянын капитаны наамында - үч жыл;     финансылык полициянын майору наамында - үч жыл;     финансылык полициянын подполковниги наамында - төрт жыл.     Жогорку окуу  жайын аяктагандыгы боюнча финансылык полициянын лей-тенантынын алгачкы  атайын  наамы ыйгарылган финансылык полициянын кыз-маткерлери үчүн  финансылык  полициянын  лейтенантынын наамында иштегенжылдарынын мөөнөтү бир жылга белгиленет.     Финансылык полициянын катардагы, улук прапорщик, полковниги, гене-рал-майору атайын наамында иштөө жылдарынын мөөнөтү белгиленбейт.                III. Финансылык полицияда кызмат тартиби      17. Финансылык  полицияда  кызмат  тартиби  Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында, Антта,  ошондой  эле  Финансылык полициянын жетекчисининбуйруктарында жана  ушул  Жободо белгиленген нормаларды жана эрежелердикызматкерлеринин сакташын билдирет.     18. Финансылык  полиция  органынын  начальниги ага баш ийгендердинарасында кызмат тартибинин абалына жекече жоопкерчилик тартат.     Начальник:     - баш ийгендердин иши жана квалификациясын жогорулатуу үчүн  зарылболгон шарттарды түзөт;     - баш ийгендердин арасында өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерине жооп-керчилик сезимин тарбиялайт;     - баш ийгендердин кызматтык иштерине баа берүүдө ачык-айкындуулук-ту жана калыстыкты камсыз кылат;     - баш ийгендердин кадыр-баркын коргойт;     - жеке  курамдын  арасында  коррупция көрүнүштөрүнүн алдын алууга,Финансылык полициянын ишинде жекече мүнөздөгү себептер же кемчиликтеринсындоо боюнча баш ийгендердин артынан түшүүгө бөгөт коет.     19. Милдетин үлгүлүү аткаргандыгы жана кызматтык иштеринде жогоркунатыйжаларга жетишкендиктери үчүн Финансылык полициянын кызматкерлеринесыйлоонун төмөнкүдөй түрлөрү каралат:     а) алкыш жарыялоо;     б) акчалай сыйлыктарды берүү,     в) баалуу белектер менен сыйлоо;     г) ысымы жазылган курал-жарак менен сыйлоо;     д) Грамота же Ардак грамота менен сыйлоо;     е) атайын  наамында  кеминде  жарым мөөнөт иштесе мөөнөтүнөн мурдакезектеги атайын наам ыйгаруу;     ж) ээлеген штаттык кызматы боюнча  каралган  өзүнүн  наамынан  бирбаскычка жогору кезектеги атайын наам ыйгаруу;     з) Финансылык полициянын төш белгиси менен сыйлоо;     и) мурунку дисциплинардык жазасын алып салуу.     Финансылык полициянын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруу-да көрсөткөн  эрдиги  жана каармандыгы үчүн, мамлекетке сињирген өзгөчөэмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүлүшүмүмкүн.     Кызматтык милдетин  тиешелүү  аткарбагандыгы,  кызматтык  тартиптибузгандыгы үчүн  Финансылык  полициянын кызматкерлерине төмөнкүдөй жазачаралары колдонулушу мүмкүн.     а) эскертүү;     б) сөгүш;     в) катуу сөгүш;     г) кызматына толук ылайык келбегендиги тууралуу эскертүү;     д) атайын наамын төмөндөтүү;     е) кызматынан төмөндөтүү;     ж) Финансылык полициядан иштен кетирүү     Сыйлоолор жана  дисциплинардык жаза берүүлөр буйрук менен жарыяла-нат. Жазага дуушар болгон адамга кабыл алынган чечим үч күндүк мөөнөттө(кол койдуруу  менен) Финансылык полициянын кадрлар бөлүмчөсү тарабынанбилдирилет.     Сыйлоо тартиби  Финансылык  полициянын  жетекчиси тарабынан өзүнүнкомпетенциясынын чегинде аныкталат.     Кызматтык тартипти  бузгандыгы  үчүн Финансылык полициянын кызмат-керлерине дисциплинардык  жаза Финансылык полициянын жетекчиси бекиткенанын дисциплинардык уставына ылайык колдонулат.     20. Сыйлоо  жана дисциплинардык жаза колдонуу боюнча начальниктер-дин укуктары Финансылык полициянын жетекчиси тарабынан белгиленет.             IV. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн шарттары      21. Финансылык  полициянын  ички тартиби иштин өзгөчөлүктөрүн эскеалуу менен  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Финансылык поли-циянын жетекчиси тарабынан белгиленет.     Керектүү учурларда Финансылык полициянын кызматкерлери белгиленгенубакыттан тышкары,  ошондой эле түнкү убакта, дем алыш жана майрам күн-дөрү кызматтык милдеттерин аткарууга тартылышы мүмкүн.                  V. Финансылык полиция кызматкерлеринин                отпускалары жана социалдык гарантиялары      22. Финансылык  полиция кызматкерлерине отпусканын төмөнкүдөй түр-лөрү белгиленет:     ар жылдык;     кыска мөөнөттөгү (акы төлөнбөгөн);     кошумча (иштеген жылдары үчүн);     социалдык (оорусу  боюнча, төрөгөндүгүнө, бала бакканына байланыш-туу);     окуу (окуу жайлардын угуучуларына, сырттан окуган кызматкерлерге);     Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарында каралган отпускалардын башкатүрлөрү.     Кызматкерлердин кезектеги  ар  жылдык отпускасын пайдаланбай иштенбошоп кеткен  учурларын  кошпогондо  отпусканы акчалай компенсациялоогожол берилбейт.     Кыргыз Республикасынын  мыйзамдары менен иш эмес күн деп белгилен-ген жалпы мамлекеттик майрам күндөрү отпускалардын узактыгын  аныктоодоэске алынбайт.     Финансылык полициянын  кызматкерлерине ар жылдык отпуска 30 кален-дардык кун мөөнөтүнө берилет.     Кезектеги ар  жылдык (акы төлөнүүчү) отпуска ар жылдык отпускалар-дын графигине  ылайык  Финансылык полициянын ар бир кызматкерине кален-дардык жыл ичинде сөзсүз түрдө берилиши керек.     Ар жылдык  отпуска  (анын бөлүгү), отпуска мезгилинде кызматкердинубактылуу ишке  жараксыздыгы  болгон учурда башка мөөнөткө которулат жеузартылат, бирок  бул  учурда  акчалай үлүш отпускага дал келген күндөрүчү"н сакталат.     Кезектеги отпускадан  кызматкерлерди чакырып алууга Финансылык по-лициянын өз алдынча органынын жетекчисинин уруксаты менен кызматтык за-рылдык учурунда  жол  берилет. Кезектеги отпускадан чакырып алууда анынпайдаланылбаган бөлүгү учурдагы жылы берилет.     Узактыгы 45  күн  болгон кезектеги отпуска иштеген жылдарына кара-бастан бийик тоолуу жерлерде (бийиктиги 1500 метр  жана  андан  жогору)кызмат өтөгөн аттестацияланган курамдын адамдарына берилет.     Кызматы аттестацияланган  курамдагы жењилдетилген шарттарда пенсиячектөө үчүн  иштеген  жылдарына эсептеле турган жана узактыгы 45 күндүккезектеги отпуска  алууга укук берген климаты оор шарттардагы жерлердинтизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.     23. Кечиктирилгис   социалдык-тиричилик   маселелерин  чечүү үчүн,ошондой эле башка жүйөлүү себептер боюнча Финансылык полициянын кызмат-керине узактыгы 10 күнгө чейин кыска мөөнөттүү отпуска берилиши мүмкүн,ал кезектеги отпусканын эсебине эсептелбейт.     24. Финансылык полициянын кызматкерине оорусуна байланыштуу отпус-ка врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде берилиши мүмкүн. Көрсө-түлгөн отпусканын узактыгы оорунун мүнөзүнө жараша аныкталат.     Узакка ооруган  катардагы жана башкаруучу курамдын адамдары эгердеишке жарамсыздык күндөрү бир жылдын ичинде үзгүлтүксүз төрт айды же жыличинде үзгүлтүктөр  менен  беш айды түзсө Финансылык полициянын кадрларбөлүмчөсү тарабынан алардын андан ары кызмат өтөөгө жарактуулугун анык-тоо максатында  аскердик-врачтык  комиссиянын  медициналык текшерүүсүнөжиберилет.     Кызматтык милдеттерин аткарууда жаракат, контузия алганына же май-ыптыкка учурагандыгына  байланыштуу  кызматкерлердин дарыланууда жүргөнмезгили чектелбейт.  Көрсөтүлгөн адамдар медициналык текшерүүгө дарылообүткөндөн кийин же оорунун себеби аныкталганда жиберилет.     Оорусуна байланыштуу отпуска кезектеги ар жылдык отпусканын эсеби-не кошулбайт.     25. Кошумча ар жылдык жана социалдык отпуска.     Финансылык полициянын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн (кален-дардык эсептөөдө) акы төлөнө турган кошумча отпуска берилет:     а) 5тен 10 жылга чейин - жыл сайын 2 календардык күн мөөнөткө;     б) 10дон 15 жылга чейин - жыл сайын 5 календардык күн мөөнөткө;     в) 15тен 20 жылга чейин - жыл сайын 10 календардык күн мөөнөткө;     г) 20  жыл  жана  андан  жогору  -  жыл  сайын  15 календардык күнмөөнөткө.     Финансылык полиция  кызматкерлерине кош бойлуулук жана төрөт боюн-ча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бала асы-рап алгандыгы үчүн аялдарга (эркектерге) отпуска Кыргыз Республикасынынэмгек мыйзамдарына ылайык берилет.     Мындай отпускада жүргөн мезгили атайын наамында иштеген жылдарынынмөөнөтүн жана кызматтык маянасына коэффициент белгилөө үчүн стажын жанапенсия чектөөгө эсептелет.     Социалдык отпуска (окуу,  чыгармачыл ж.б.) Кыргыз  Республикасынынмыйзамдарында белгиленген узактыкта жана тартипте берилет.     Мындай отпускалардын узактыгы Финансылык полиция кызматкеринин ке-зектеги ар жылдык отпускасына кошулбайт.     26. Финансылык  полиция  кызматкерлеринин  акчалай  үлүшү  ээлегенштаттык кызматы боюнча маянаны, ыйгарылган атайын наамы боюнча маянаны,иштеген жылдары  үчүн проценттик үстөктү, иштин жашырын мүнөзү жана жа-шырын иш  кагаздарын жүргүзгөндүгү үчүн кызматтык маянасына 25 пайызды,кызматтык маянасынын  50 пайызына чейинки персоналдык үстөктү жана укуккоргоо органдарынын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рында каралган башка төлөмдөрдү камтыйт.     Финансылык полициянын кызматкерлерине жыл сайын эки айлык өлчөмүн-дө акчалай материалдык жардам көрсөтүлөт.     Финансылык полициянын кызматкерлерине Финансылык полициянын ишининжалпы натыйжасына алардын кошкон жеке салымына жана кызматтык милдетте-рин аткарууга мамилесине ылайык төрт айлык өлчөмүндө акчалай сыйлык тө-лөнөт.     Финансылык полициянын  кызматкерлерин  атайын  формалык кийим-кечеменен камсыз  кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген норма жанатартип боюнча жүргүзүлөт.     Иштеген жылдары  үчүн кызмат маяналарына үстөктөр иш стажысына жа-раша Финансылык  полициянын кызматкерлерине ай сайын Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарына ылайык төлөнөт.     27. Финансылык  полициянын  кызматкерлерин, ошондой эле Финансылыкполициянын пенсионерлерин медициналык жана санаториялык-курортту к тей-лөө Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзү-лөт.     Финансылык полициянын  кызматкерлерин  милдеттүү мамлекеттик, жекежана мүлктүк  камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкжүргүзүлөт.     Аттестацияланган курамдагы, иштеген жылдарынын саны боюнча пенсия-га чыгууга  укуктуу,  бирок  аны белгиленген тартипте тариздебеген жанаиштөөсүн улантып  жаткан адамдарга негизги акчалай маяна төлөнүп жатканучурга карата тийиштүү болгон пенсиясынын суммасынын 50 проценти өлчөм-дө кошумча төлөнөт.     (Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  2007-жылдын 20-июлундагы № 274токтомунун редакциясына ылайык)           VI. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн токтотулушу      28. Финансылык  полицияда кызмат өтөөнүн токтотулушунун негизи тө-мөнкүлөр болушу мүмкүн:     а) Финансылык полиция органдарынан кызматтан бошоо;     б) Финансылык полициянын кызматкерин мыйзамда белгиленген тартиптекабарсыз келбей койду жана сот тарабынан ишке жарамсыз деп табуу;     в) атайын наамынан ажыроо;     г) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушу;     д) Финансылык полиция кызматкеринин дүйнөдөн кайтышы.     29. Финансылык  полициянын кызматкерлери Финансылык полиция орган-дарындагы кызматтан төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн.     а) өз каалоосу боюнча;     б) ушул Жобонун 32-пунктунда белгиленген куракка жеткенде;     в) иштеген жылдарынын мөөнөтү пенсияга чыгуу убагына жеткенде;     г) штаттардын кыскарышы боюнча - Финансылык полиция органы  жоюлупже кайра түзүлүп, Финансылык полициянын кызматкерин кызматка пайдалануумүмкүнчүлүгү болбой калганда;     д) оорусу  боюнча - Финансылык полиция органдарында иштөөгө жарам-сыздыгы тууралуу медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде;     е) ден-соолугунун  абалы боюнча - иштөөгө жарамдуулугунун чектелүүэкендиги жөнүндө, ээлеген кызматына ылайык милдетин денсоолугуна байла-ныштуу аткарууга мүмкүн эместиги тууралуу медициналык комиссиянын кору-тундусунун негизинде жана кызматкер ден соолугунун абалын эске алуу ме-нен кызматтык милдеттерин аткара алуучу кызматка жибергенде кызматы бо-юнча башка жерлерге барып иштөөгө мүмкүнчүлүгү болбогондо;     ж) аттестациянын негизинде кызматына ылайык келбегенде;     з) кызмат тартибин одоно жана дайыма бузганда;     и) Финансылык  полициянын кызматкеринин жеке сапатына коюлуучу та-лаптарга коошпогон иштерди жасаганда;     к) соттун айып коюлган өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кыл-мышы үчүн кесилгендигине байланыштуу;     л) белгиленген тартипте башка мамлекеттик,  укук коргоо жана конт-ролдоочу органдарга которулгандыгына байланыштуу.     Финансылык полициянын кызматкерлерин ушул пункттун "б", "в" пункт-чаларында каралган  негиздер  боюнча иштен бошотуу кызматкердин өзүнүн,ошондой эле  Финансылык полициянын тиешелүү бөлүмчөлөрүнүн начальникте-ринин демилгеси боюнча да ишке ашырылышы мүмкүн.     30. Финансылык  полициянын  кызматкерлери аларга ыйгарылган атайыннаамдарына жараша Финансылык полицияда төмөнкүдөй куракка жеткенге  че-йин иштей алышат:     - Финансылык  полициянын катардагылары, сержанттары, улук сержант-тары, старшиналары,  прапорщиктери  жана  улук прапорщиктери - 45 жаштыкошо алганда, ага чейин;     - Финансылык  полициянын  кенже лейтенантынан полковнигине чейин -55 жашты кошо алганда, ага чейин;     - Финансылык полициянын генерал-майорлору - 60 жашты кошо алганда,ага чейин.     Белгиленген чектеги  куракка  жеткен Финансылык полициянын кызмат-керлери Финансылык полиция органдарында кызматтан кетүүгө тийиш.     Зарыл учурларда  Финансылык полициянын кызматкеринин макулдугу ме-нен жана  медициналык  каршы көрсөткүчтөрү жок болсо алардын иштеши Фи-нансылык полициянын  жетекчиси  тарабынан  5 жылдык мөөнөткө узартылышымүмкүн. Өзгөчө  учурларда Финансылык полициянын кызматкерлеринин кызматөтөшү ушундай  эле тартипте дагы 5 жылга узартылышы мүмкүн, мында алар-дын курагы 60 жаштан ашпоого тийиш.     Кызмат мөөнөтүн узартуу тууралуу чечим ушул Жободо каралган негиз-дер боюнча  Финансылык полициянын кызматкеринин иштен бошонуу мүмкүнчү-лүгүн жокко чыгарбайт.     Чектелген куракка  жете  элек  же болбосо кызмат өтөөнүн чектелгенкурагынан ашып, кызматта калтырылган Финансылык полициянын кызматкерле-ри иштен  запаска  (аскердик каттоого тургузуу менен) же кызмат өтөөнүнчектелген курагына жеткенге чейин отставкага же болбосо кызматта калты-рылган мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу бошотулушу мүмкүн.     31. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто, улук жана жогор-ку башкаруучу курамынын кызматында турган кызматкерлерди бошотуу Финан-сылык полициянын жетекчисинин буйругу менен ишке ашырылат.     Эгерде кызматтан бошотуу күнү буйрукта көрсөтүлбөсө, кызматтан бо-шотуу күнү болуп буйрукка кол коюлган күн эсептелет.     Финансылык полициянын кызматкерлери иштен бошотула тургандыгы туу-ралуу кеминде  бир  ай  мурда  өзүлөрүнүн түздөн-түз начальниктерине жеболбосо Финансылык полициянын кадрлар бөлүмчөлөрүнө жазуу түрүндө  бил-дирет.     Каза болгон (курман болгон), белгиленген тартипте кабарсыз жок дептабылган Финансылык полициянын кызматкерлери, ошондой эле атайын наамы-нан ажыраган кызматкерлер кызматкерлердин тизмесинен Финансылык полици-янын жетекчисинин буйругу менен чыгарылат.     32. Финансылык  полициянын  кызматкери  иштен бошогондугу тууралуубуйрукту алган күндөн тартып бул тууралуу сотко даттанууга укуктуу.     33. Финансылык полициянын кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу"Аскер кызматчыларын  пенсиялык камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамында каралган тартипте жана нормалар боюнча ишке ашырылат.     34. Пенсияга  чыгуу укугу менен кызматтан бошогон Финансылык поли-циянын кызматкерлерине бир жолку пособие, ал эми пенсияга чыгууга укугужок бошогондорго  - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган өл-чөмдөрдө иштен чыгуу пособиеси төлөнөт.     Кызмат өтөөдө  чектелген куракка жеткен, ден-соолугуна байланыштууже уюштуруу-штаттык  иш-чараларга  байланыштуу иштен бошогон Финансылыкполициянын кызматкерлерине  кызмат  өтөөнүн жалпы узактыгына жараша тө-мөнкүдөй бир жолку пособие төлөнөт:     5 жылдан 10 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 5 маянасы өлчөмүндө;     10 жылдан 15 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 10 маянасы өлчөмүндө;     15 жылдан 20 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 15 маянасы өлчөмүндө;     20 жылдан ашуун - акчалай күтүүнүн 20 маянасы өлчөмүндө.     Башка негиздер боюнча кызматтан бошогон Финансылык полициянын кыз-маткерине ушул пункттун экинчи бөлүмүндө көрсөтүлгөн бир жолку пособие-ни төлөө өлчөмдөрү жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мененаныкталат.               VII. Финансылык полициядагы кызматын, атайын                  наамдарын жана ишин калыбына келтирүү      35. Иштен мыйзамсыз же негизсиз жылдырылган, кызматтан бошотулган,же болбосо  төмөндөтүлгөн, атайын наамынан ажыратылган же атайын наамы-нан төмөндөтүлгөн,  ошондой эле Финансылык полиция органдарынан мыйзам-сыз бошотулган  деп табылган Финансылык полициянын кызматкерлери белги-ленген тартипте  Финансылык  полицияда  тиешелүү  түрдө кызматы, атайыннаамы, иши калыбына келтирилүүгө тийиш.     Финансылык полицияда кызматын, атайын наамын, ишин калыбына келти-рүү үчүн  соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген жана кызматтык теришти-рүүнүн натыйжалары боюнча корутунду негиз болуп саналат.     36. Кызматтан жылдыруу, бошотуу, кызматтан төмөндөтүү, атайын наа-мын төмөндөтүү,  Финансылык полициядан иштен кетирүү жөнүндө чечимдергеФинансылык полициянын  кызматкери макул болбосо кызматтан жылдыруу, бо-шотуу, кызматтан төмөндөтүү, атайын наамын төмөндөтүү, Финансылык поли-циядан иштен  кетирүү тууралуу буйруктун көчүрмөсү колуна тийген күндөнтартып же  болбосо  Финансылык  полицияда кызматын, атайын наамын, ишинкалыбына келтирүү жөнүндө баш тарткандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү бил-дирүүсү тапшырылган күндөн тартып сотко даттанууга укуктуу.     Финансылык полицияда кызматын, атайын наамын, ишин калыбына келти-рүү жөнүндө  соттун  чечими  эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык жогорку  инстанцияларга апелляциялык даттануулар берилбесе атка-рылууга тийиш.     Финансылык полицияда ишин калыбына келтирүү иштен бошогон Финансы-лык полициянын  кызматкерин мурдагысына тете ишке дайындоо аркылуу ишкеашырылат.     37. Финансылык  полицияда иши калыбына келтирилген кызматкерге ке-зектеги атайын  наамды ыйгаруу, проценттик үстөк төлөө жана пенсия чек-төө үчүн  иштеген жылдарын эсептөөдө үзгүлтүксүз стажысына кызматын ка-лыбына келтирүү  жөнүндө буйрукка кол коюлган күнгө чейинки алардын иш-тен бошогон учуру кошулат.                          VIII. Корутунду жоболор      38. Финансылык полициянын кызматкерлери ушул Жобонун жана Финансы-лык полицияда кызмат өтөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын баш-ка нормативдик-укуктук  актыларынын талаптарын сактоого жекече жоопкер-чилик тартышат.     Финансылык полициянын  улук  кызмат  адамдары тарабынан Финансылыкполициянын кызматкерине карата укукка жат иш-аракеттер кызматкерге кел-тирилген зыяндын  ордун  толтуруу  менен  кызматтык калыс териштирүүдөнөтүүгө тийиш,  ал  эми мындай тартип бузууларда күнөөлүү адамдар КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.     39. Финансылык  полицияга  кызматка  өткөн  Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Кор-гоо министрлигинин,  Кыргыз  Республикасынын Ички иштер министрлигинин,Кыргыз Республикасынын  Финансы  министрлигинин, Кыргыз Республикасынынсалыктар жана  жыйымдар  боюнча комитетинин жана Кыргыз Республикасынынбажы комитетинин, прокуратура жана сот органдарынын, Кыргыз Республика-сынын юстиция  органдарынын  аскер  кызматчыларына жана кызматкерлеринеалар тиешелүү кызматтарга дайындалгандан кийин аскердик, атайын наамда-рын жана класстык чиндерин эске алуу менен атайын наамдар ыйгарылат.     Көрсөтүлгөн кызматкерлерге  Финансылык  полицияда иштеген жылдары,анын ичинде жогоруда көрсөтүлгөн органдарда  алардын  иштеген  мөөнөтүнэске алуу менен пенсия дайындоо үчүн да,  Кыргыз Республикасынын норма-тивдик укуктук актыларына ылайык иштеген жылдары эсептелет.     Финансылык полиция  кызматкерлеринин  согуш  учурунда  жана өзгөчөкырдаал киргизилген аймактарда кызмат  өтөөсүнүн  өзгөчөлүктөрү  КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.     Башка мамлекеттик  органга которулганда финансылык полициянын кыз-маткерлеринин атайын  наамдары  сакталат,  алар  Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык  мамлекеттик органдын атайын наамына, атайын класс-тык чиндерине жана дипломатиялык ранггына тењелет.     40. Кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу курман болгон же кыз-мат  өтөп бүтүшкөндөн кийин кызмат ишин аткарууга байланыштуу алган жа-ракаттан,  контузиядан, оорудан улам каза болгон (өлгөн) Финансылык по-лициянын кызматкерлерин көмүү Финансылык полиция органдарынын каражаты-нын эсебинен жүргүзүлөт жана тийиштүү түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн начальник-тери тарабынан уюштурулат.     Кызматкер дүйнөдөн кайткан учурда анын өлгөн күнүнө чейин  алынба-ган  ар  айлык  кошумча  акчалай үлүшүнүн түрлөрү жана акчалай күтүүнүнкызматтын маянасы (анын ичинде кызматкер өлгөн ай үчүн толук) аны мененчогуу  жашаган  үй-бүлө мүчөлөрүнө же ишке жарамсыздыгынын айынан өлгөнкызматкердин багуусундагы адамга төлөнүп берилет.     Мындан тышкары,  аларга  өлгөн  кызматкердин көзү бар учурда укугупайда болгон бир жолу төлөнүүчү акчалай үлүш төлөнүп берилет.     Үй-бүлө мүчөлөрүнө  Финансылык полициянын кызматкери пайдаланбаганотпуска үчүн компенсация да төлөнөт.     Финансылык полициянын  каза  болгон кызматкерин көмүү расымдарынынтартиби Финансылык полициянын жетекчиси тарабынан аныкталат.