КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-июлу № 287 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Чалдовар айылынан Чүй суусуна чейин участкада магистралдык газ түтүгүн демонтаждоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 650 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу "Ренжит" каналын курууда Жалалабат облусунун Аксы районунун тур-гундарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. "Чалдовар айылынан Чүй суусуна чейин участкада магистралдык газтүтүгүн демонтаждоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жыл-дын 16-октябрындагы № 650 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-тоо киргизилсин: - 1-пункттун жетинчи абзацында "жана ташуу" деген сөздөр алып са-лынсын; - төмөнкүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын: "2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин Суу чарба департаменти 2007-жылдын 1-мартындагы абалбоюнча демонтаждалган жана алынып кетпеген, ушул токтомдун 1-пунктунунжетинчи абзацында көрсөтүлгөн газ түтүктөрүн Жалалабат облусунун Аксырайонуна жеткирүүнү камсыз кылсын. Жеткирүү Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүөнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментине 2007-жылга каралганбюджеттик ассигнованиелердин эсебинен ишке ашырылсын."; - токтомдун 2 жана 3-пункттары тийиштүү түрдө 3 жана 4-пункттардеп эсептелсин. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев