Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 659 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-июлу № 288 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Өкмө-түнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишкеашыруу боюнча уюштуруу чаралары тууралуу" 2007-жылдын 16-мартындагы №96 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгөсалуу кызматы жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгөсалуу кызматынын башкаруу схемасы; 2. Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгөсалуу кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлеринин штаттык санынынчеги 78 штаттык бирдик менен белгиленсин (тейлөөчү персоналдан тышка-ры). 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-декабрындагы №551 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөлдөө жа-на отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому күчүн жо-готту деп табылсын. Премьер-министр А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-июлундагы № 288 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын БАШКАРУУ СХЕМАСЫ ------------------------------------------- |Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту| | көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы | ------------------------------------------- ------------------------------- | Борбордук аппарат | ------------------------------- | ------------------------------- | Аймактык бөлүмдөр | -------------------------------