Бишкек шаары, Өкмөт үйү2007-жылдын 24-июлу № 289 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 52806-аскер бөлүгүнүн суу топтоочу курулмасын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын 5 жана 6-статьяларына ылайык, жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын толук иштешин камсыз кылуу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети Чүй облусу, Токмок шаары, Гагарина-Парковаякөчөсү дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Коргооминистрлигинин 52806-аскер бөлүгүнүн суу топтоочу курул.масын КыргызРеспубликасынын Коргоо министрлигинин балансынан КыргызРеспубликасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын муниципалдык менчигинебелгиленген тартипте өткөрүп берсин. 2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Токмок шаарынынмэриясы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин52806-аскер бөлүгүнүн жана аталган аскер бөлүгүнүн аскердикшаарчасынын аймагында жашаган калктын суу пайдаланганы үчүн акытөлөө маселесин чечсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккөболгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик Токмок шаарынынмуниципалдык менчигине өткөрүп берилүүчү кыймылсыз мүлккө менчикукугуна мамлекеттик каттоо жүргүзсүн. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жанаКыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынчабашкаруу иштери боюнчаулуттук агенттигине (макулдашуу боюнча)жүктөлсүн. Премьер-министр А. Атамбаев