Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 25-июлу № 291 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз " Республикасынын аткаруучу бийлик органдарындагы түзүмдүккайра түзүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-лат: 1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк соода уюму-нун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374
токтомуна төмөн-күдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дүйнөлүк соода уюму ме-нен макулдашууларды жана Кыргыз Республикасынын ДСУнун алдындагы мил-деттенмелерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтеринин,мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун жооп-керчиликтерин бөлүштүрүү жөнүндө
жобо ушул токтомдун № 2 тиркемесинеылайык редакцияда берилсин; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча ведомстволораралык комиссия жөнүндө
жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизилсин: 2-пунктта: биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана ту-ризм министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүк-түрүү жана соода министри" деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана ту-ризм министрлигинин ДСУ, бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуубашкармалыгы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктү-рүү жана соода министрлигинин эл аралык соода саясаты башкармалыгы" де-ген сөздөргө алмаштырылсын; 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-трлигинин Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча Женева шаарындагы,Швейцария Конфедерациясындагы өкүлү жөнүндө жобону бекитет."; 12-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризмминистрлигинин ДСУ, бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу баш-кармалыгы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүүжана соода министрлигинин эл аралык соода саясаты башкармалыгы" дегенсөздөргө алмаштырылсын.
(Кр Министрлер Кабинетинин 2022-Жылдын 24-Июнундагы № 335Токтомунун Редакциясына Ылайык)2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк соода уюмунунмаселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374
токтомуна өзгөртүү-лөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы N 607 токтомунун тиркемеси; - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк соода уюмунун масе-лелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүү-лөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн 2004-жылдын 11-сентябрындагы № 677 токтомунун № 2 тиркемеси. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгына жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А. Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы № 291 токтомуна № 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри,комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-рлигинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигининстатс-катчысы; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрининорун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары -Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы санитардык врачы; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынынбиринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика-лык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ДСУ маселелеринтескөөчү эксперти; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын директору(макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуукызматынын директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынынорун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алууларжана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунунорун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясатжана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору-нун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунунорун басары; Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология боюнча улуттукинститутунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дар-мек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаментинин башкыдиректору; Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттиккомитетинин мыйзам чыгаруу жана методологиялык иштер башкармалыгынынначальниги; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-кеттик комитетинин тармактык саясатты иштеп чыгуу башкы башкармалыгынынначальниги; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюта башкармалыгынын на-чальниги (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын укук башкар-малыгынын начальниги (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология боюнча улуттукинститутунун стандартташтыруу башкармалыгынын начальниги (макулдашуубоюнча); Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-лигинин эл аралык соода саясаты башкармалыгынын начальниги, комиссиянынжооптуу катчысы; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти(макулдашуу боюнча); Бизнес-ассоциациялар конгрессинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Ишкерлер союзунун президенти (макулдашуубоюнча); "Кыргызстандын директорлор гильдиясы" коомдук бирикмесинин атка-руучу директору (макулдашуу боюнча). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы № 291 токтомуна № 2 тиркеме Дүйнөлүк соода уюму менен макулдашууларды жана Кыргыз Республикасынын ДСУнун алдындагы милдеттенмелерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун жоопкерчиликтерин бөлүштүрүү жөнүндө ЖОБО Бул Жобо Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик ко-митеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун ДСУ менен макулда-шууларды жана Кыргыз Республикасынын ДСУнун алдындагы милдеттенмелеринаткаруу боюнча жоопкерчиликтерин аныктайт. Кыргыз Республикасынын ДСУ менен Макулдашуулардын аткарылышы үчүнжооптуу министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администра-циялык ведомстволорунун ыйгарым укуктары төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт: 1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-трлиги, тышкы экономикалык мамиле, соода жана ДСУга мүчө өлкөлөр менеништөө тармагындагы координациялоочу орган катары республиканын министр-ликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомство-лорунун ДСУнун Секретариаты менен өз ара байланышта иштөөсүн камсыз-дайт, алар үчүн ДСУ маселелери боюнча нускамаларды жана сунуштарды иш-теп чыгат, аларды ДСУнун иши жөнүндө маалымат менен камсыздайт жана тө-мөнкүлөр үчүн жоопкерчиликте болот, алар: - ДСУ менен Макулдашууларга жана Кыргыз Республикасынын ДСУнун ал-дындагы милдеттенмелерине ылайык, улуттук режимди жана айрыкча ыњгай-луулук режимин камтуу менен, бирок алар менен чектелбестен мамлекеттиксоода саясатынын аткарылышын камсыздоо; - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-рлигинин ДСУ маселелери боюнча Женева шаарындагы (Швейцария Конфедера-циясы) өкүлү жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана аны Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк ДСУ маселелери боюнча ведомстволор аралыккомиссиянын бекитүүсүнө киргизүү; - ДСУ маселелери боюнча улуттук маалыматтык-сурап алуу кызматыныништешин камсыз кылуу; - ДСУну уюштуруу жөнүндө Марракеш Макулдашуусуна Кыргыз Республи-касынын кошулуусу жөнүндө Протоколдун тиркемелери болуп эсептелген то-варларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бажы тарифтери боюнча милдеттенме-лердин аткарылышы; - Импортту лицензиялоо жол-жоболору боюнча макулдашуунун аткарылы-шы, анын ичинде ушул Макулдашууга, атап айтканда Макулдашуунун 5-стать-ясында айтылган кабарлоо жол-жоболоруна толук ылайык келген жоболордубекитүү; - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Рес-публикасынын башка министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана адми-нистрациялык ведомстволору менен бирдикте ДСУну уюштуруу жөнүндө Марра-кеш Макулдашуусунун Тиркемесинде белгиленген соодалык саясатка серепсалууну аткаруу; - Тарифтер жана соода боюнча Башкы макулдашуунун (1994-жылдагыГАТТ) жана Соода жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча Башкы макулдашуунун(ГАТС) жоболорунун Кыргыз Республикасы региондук соодалык макулдашуу-ларга катышуусу жагынан аткарылышы (Кыргыз Республикасынын ДСУга киришибоюнча ДСУнун Жумушчу тобунун отчетунун(*) 172-параграфы); (Кыргыз Республикасынын ДСУга кириши боюнча ДСУнун Жумушчу тобунунотчету(*) 1998-жылдын 20-декабрына күчүнө кирген Дүйнөлүк соода уюмунуюштуруу жөнүндө Марракеш Макулдашуусуна ("Дүйнөлүк соода уюмун уюшту-руу жөнүндө Марракеш Макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусужөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын1998-жылдын 17-ноябрындагы № 146 Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын кошу-луусу жөнүндө протоколдун ажырагыз бөлүгү болуп эсептелет); - Соодага байланыштуу инвестициялык чаралар боюнча макулдашууга(ТРИМС) ылайык Кыргыз Республикасынын башка министрликтери, мамлекеттиккомитеттери жана администрациялык ведомстволору менен бирдикте КыргызРеспубликасынын милдеттенмелерин аткаруу; - ыйгарым укуктуу орган катары Соодадагы техникалык тоскоолдуктарбоюнча макулдашууга (СТТ) ылайык Кыргыз Республикасынын техникалык жен-гө салуу боюнча милдеттенмелерин аткаруу; - СТТ боюнча макулдашуунун талаптарына жана анын тиркемелерине(2.9; 2.10; 3.2; 5.6; 5.7; 7.2; 10.1.1; 10.1.3; 10.3.2; 10.3.3;10.7-ст.) ылайык, ошондой эле техникалык регламенттерди жана шайкешти-гин баалоо жол-жобосун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүлөрдү даярдоожол-жоболору боюнча (негиздеме: "Кыргыз Республикасындагы техникалыкжөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын4-статьясы) СТТнын Маалымат алуу кызматынын иштешин камсыз кылуу; - 1994-жылдагы ГАТТтын VIII, XVII статьяларынын жоболорун мамле-кеттик соода ишканаларынын иштерин жөнгө салуу жагында аткаруу; - Кыргыз Республикасынын ДСУга кириши боюнча ДСУнун Жумушчу тобу-нун отчетунун 14, 21, 26, 28, 30, 34, 37, 44, 48, 53, 60, 70, 94, 113,163 жана 168-параграфтарына ылайык милдеттенмелердин аткарылышын кам-сыздоо; - Коргоо чаралары боюнча макулдашуунун, анын ичинде билдирүүлөрдүдаярдоо боюнча аткарылышын камсыздоо жана андай чараларды колдонуу жө-нүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү.Мындай сунуштар Коргоо чаралары жөнүндө макулдашууга, анын ичинде Ма-кулдашууда эскертилген орчундуу эрежелерге толук ылайык келүүгө тийиш,алар жөнүндө ДСУга ушул Макулдашуунун 12 (6) статьясына ылайык билдири-лиши керек; - Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө макулдашуунун,анын ичинде билдирүүлөрдү даярдоо боюнча да аткарылышын камсыздоо; - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте1994-жылдагы ГАТТтын ("Антидемпинг жөнүндө макулдашуунун") VI статьясынаткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин, анын ичиндеушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык билдирүүлөрдү даярдоо боюнча атка-руу; - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги менен кењешүү боюнча Айыл чарбасы боюнча макулдашуугаылайык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо; - министрликтердин жана башка уюмдардын ДСУ менен Макулдашууларгаылайык маалыматтык кызматтарга маалымат, билдирүүлөрдү берүүсүнүн тар-тибин аныктоо; - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасы-нын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз РеспубликасынынСаламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жанаилим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоожана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттикагенттик, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка тиешелүү ве-домстволор менен бирдикте ГАТСтын билдирүүлөрдү даярдоо боюнча жоболо-рун аткаруу. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-лиги бул максатта: 1) ГАТСтын жол-жоболук талаптарына толук ылайык келүүчү жоболордубекитет. Андай жоболор ГАТСтын III статьясынын ачыктык талаптарын атка-рууга тийиш; 2) лицензиялоого талаптардын жана Кыргыз Республикасынын министр-ликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволорусунуш кылган башка жоболордун ГАТСтын нормаларына ылайыктыгын карайт. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-касынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги мененбирдикте ДСУдагы байкоочу өлкөлөр менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүр-гүзүүгө, ДСУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү, ДСУнун Секретари-аты жана комитеттери менен консультациялык жолугушууларга катышат. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - ДСУга мүчөлүк акыларды төлөө үчүн каражат бөлүүнү камсыздайт; - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттиккомитети менен бирдикте Кыргыз Республикасынын ДСУга кириши боюнча ДСУ-нун Жумушчу тобунун отчетунун 48, 53, 83, 84, 106, 115 жана 168-параг-рафтарына ылайык милдеттенмелерди аткарат; - ГАТСтын VII статьясына ылайык билдирүүлөрдү даярдоону камсыз кы-лат. 4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети: - 1994-жылдагы ГАТТтын VII статьясын чечмелөө боюнча макулдашууга("Бажылык баалоо боюнча макулдашуу") ылайык Кыргыз Республикасынын мил-деттенмелерин, анын ичинде аталган Макулдашууга ылайык билдирүүлөрдүдаярдоо боюнча милдеттенмелерин аткарат; - Товарлардын чыккан жеринин эрежелери боюнча макулдашуунун атка-рылышын, анын ичинде тийиштүү билдирүүлөрдү даярдоону камсыздайт; - Жүктөө алдындагы инспекциялоо боюнча макулдашууга ылайык КыргызРеспубликасынын милдеттенмелерин аткарат. Кыргыз Республикасына импорт-ту жүктөө алдындагы инспекциялоонун кандайдыр бир милдеттүү программасыаткарылганга чейин андай программаларды жөнгө салуучу жоболорду беки-тет, алар Жүктөө алдындагы инспекция боюнча макулдашууга толук ылайыккелет, жана Макулдашуунун 5-статьясына ылайык андай жоболор жөнүндөДСУга билдирет; - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы менен бирдиктеИнтеллектуалдык менчикке укуктардын соодалык жактары боюнча макулдашуу-га (ТРИПС) ылайык чектеш чаралардын аткарылышын камсыздайт; - Кыргыз Республикасынын ДСУга кириши боюнча ДСУнун Жумушчу тобу-нун отчетунун 63, 66, 67 жана 168-параграфтарына ылайык милдеттенмелер-дин аткарылышын камсыздайт. 5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги: - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-рлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен кењешүүбоюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин аткарылышын жанаДүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш Макулдашуусунун жобосун-да белгиленген Талаштарды чечүү боюнча эрежелерди жана жол-жоболоргочечмелөөгө толук катышууну камсыздайт; - Кыргыз Республикасынын ДСУга кириши боюнча ДСУнун Жумушчу тобу-нун отчетунун 26, 28 жана 30-параграфтарына ылайык милдеттенмелердинаткарылышын камсыздайт. 6. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги: - Айыл чарбасы боюнча макулдашууга жана Кыргыз РеспубликасынынДСУга кириши боюнча ДСУнун Жумушчу тобунун отчетунун 103-параграфынаылайык милдеттенмелердин аткарылышын, анын ичинде билдирүүлөрдү даярдообоюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздайт; - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бир-дикте Санитардык жана фитосанитардык чаралар жөнүндө макулдашууга ыла-йык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин, анын ичинде билдирүүлөрдүдаярдоо боюнча милдеттенмелерин аткарууну камсыздайт; - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бир-дикте Санитардык жана фитосанитардык чаралар жөнүндө макулдашуунун жо-болоруна ылайык Маалымдама кызматты түзөт жана анын иштешин камсыздайт. 7. Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология боюнча улут-тук институту: - Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуунун жанаанын стандарттар бөлүгүндөгү тиркемелеринин, анын ичинде улуттук стан-дарттар (10.1.2; 10.3.1-ст.; 3-тиркеменин С параграфы, J параграфы) бо-юнча билдирүүлөрдү даярдоого карата аткарылышын камсыздайт; - стандарттар бөлүгүндө СТТнын Маалымдама кызматынын ишин камсыз-дайт; - Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашууга ылайыкулуттук стандарттарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана колдонуу боюнча иштиуюштурат. 8. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы: - ТРИПС макулдашуусунун аткарылышын, анын ичинде билдирүүлөрдү да-ярдоону камсыздайт; - зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги,Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жана Кыргыз Республи-касынын тиешелүү министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана админист-рациялык ведомстволору менен кењешүү боюнча Кыргыз Республикасынын мый-замдарын ТРИПС макулдашуусунун III жана IV бөлүмдөрүнүн талаптарынаылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизет. 9. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети Кыргыз Республикасынын ДСУга кириши боюнча ДСУнун Жу-мушчу тобунун отчетунун 14 жана 168-параграфтарын аткаруу үчүн менчик-тештирүү программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктү-рүү жана соода министрлигине маалымат берет. 10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатыпалуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик: - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-рлиги менен бирдикте Мамлекеттик сатып алуулар боюнча көп тараптуу ма-кулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөр процес-сине катышат; - Кыргыз Республикасынын ДСУдагы өкүлүнүн Мамлекеттик сатып алуу-лар боюнча комитеттин заседаниелерине катышуусу үчүн нускамаларды даяр-доо боюнча ишти камсыздайт; - Мамлекеттик сатып алуулар боюнча макулдашууга ылайык Кыргыз Рес-публикасынын милдеттенмелери аткарылышын камсыздайт. 11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы: - ГАТСтын жоболору банктык кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде билди-рүүлөрдү даярдоо жагында аткарылышын камсыздайт; - ГАТТын XV статьясынын жоболорун аткарат. 12. Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгөсалуу кызматы: - финансылык жана камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү жагында ГАТ-Стын жоболорун, анын ичинде билдирүүлөрдү даярдоону аткарат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов