Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 27-июлундагы № 295
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын
4-июлундагы "Кыргыз Республикасында администрациялык-
аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык
мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы №
333 "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш
системасын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө"
Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-
июлундагы № 333 "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык
түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу
жөнүндө" Жарлыгынын 5-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка бардык
мамлекеттик органдар:
- мамлекеттик башкаруу органдарынын 2007-жылдын 15-сентябрынан
тартып жоюлуучу облустук дењгээлдеги аймактык подразделениелеринин
тизмесин 2007-жылдын 5-августуна карата Кыргыз Республикасынын
Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине тапшырышсын;
- облустардын мамлекеттик администрациялары менен бирдикте
мамлекеттик органдардын жоюлууга тийиш болгон аймактык
подразделениелеринде аткарылчу функцияларга ревизия жүргүзүп,
кайсы функциялар облустардын мамлекеттик администрацияларына
өткөрүп берилерин, кайсы функциялар мамлекеттик органдарга
калтырыларын аныкташсын;
- 2007-жылдын 1-сентябрына карата мамлекеттик органдардын
жоюлуучу аймактык подразделениелеринин структураларындагы
өзгөртүүлөрдү жана функцияларынын бөлүштүрүлүшүн эске алуу менен
мамлекеттик органдардын башкаруу схемаларын жана жоболорун иштеп
чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө
киргизишсин;
- мамлекеттик органдардын аймактык подразделениелеринин
жоюлушуна, кызматтык автотранспортту, имараттарды,жабдууларды жана
башка негизги каражаттарды инвентаризациялоого жана андан аркы
пайдаланууга байланыштуу маселелерди чечүү үчүн облустардын
мамлекеттик администрацияларынын өкүлдөрүн катыштыруу менен
комиссияларды түзүшсүн;
- 2007-жылдын 1-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жана
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өздөрүнүн
корутундуларын жана өткөрүү-кабыл алуу боюнча ишти уюштуруу үчүн
негизги фонддордун тизмелерин тапшырышсын;
- облустардын мамлекеттик администрациялары менен бирдикте
бошогон кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
ишке орноштуруу боюнча чара көрүшсүн, зарыл учурда аларды башка
тармактарда иштөө үчүн окутууну уюштурушсун.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода
министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен
бирдикте мамлекеттик органдардын аймактык подразделениелерин жоюу
боюнча токтомдун долбоорун даярдасын жана 2007-жылдын 1-сентябрына
чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Облустардын мамлекеттик администрацияларынын башчылары
губернаторлору облустук дењгээлдеги милдеттерди жана башкаруу
функцияларын өзгөртүп уюштуруунун, мамлекеттик жана муниципалдык
кызмат көрсөтүүлөрдү бөлүштүрүүнүн негизинде облустук мамлекеттик
администрациялардын структураларынын жана штаттык санынын
долбоорлорун 2007-жылдын 15-августуна чейин иштеп чыгышсын жана
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине киргизишсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- облустук мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын
структурасын жана штаттык санын бекитүү боюнча токтомдун долбоорун
2007-жылдын 10-сентябрына карата даярдасын жана аныкталган
тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- 2007-жылдын 1-сентябрына карата төмөнкүлөрдү Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө аныкталган тартипте киргизсин:
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги
принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык
негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоорун;
"Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун бюджеттер
аралык мамиленин үч денгээлдүү системасын жана облустук
мамлекеттик администрация башчыларынын - губернаторлордун
резервдик фонддорун түзүүнү эске алуу менен;
- 2007-жылдын 1-ноябрына карата - Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2008-жылдын 1-январынан баштап мамлекеттик жана
муниципалдык кызматчылардын, биринчи кезекте облустук жана
райондук звенолордогу кызматчылардын эмгек акысын жогорулатуу
жөнүндө Жарлыгынын долбоорун.
5. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери функциялык талдоонун
негизинде 2007-жылдын 1-сентябрына карата бул шаарлардагы башкаруу
системасын өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизишсин.
6. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
иштери боюнча улуттук агенттиги (макулдашуу боюнча) облустардын
мамлекеттик администрациялары менен бирдикте "Жергиликтүү өз
алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүүнү караштырган мыйзам долбоорун эки айлык
мөөнөттө даярдасын жана киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу
академиясына бир айлык мөөнөттө облустук мамлекеттик
администрациялардын кызматкерлерин башкаруунун жањы
технологияларына окутуу маселеси боюнча атайын программаны иштеп
чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө окутуучу семинарлардын
формасы жана өткөрүү мөөнөттөрү боюнча сунуштарды киргизүү
сунушталсын.
8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги кызыкдар
мамлекеттик органдар менен бирдикте мурда кабыл алынган Кыргыз
Республикасынын Президентинин актыларына жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине Кыргыз Республикасынын
Президентинин жогоруда айтылган Жарлыгынан жана ушул токтомдон
келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
сунуштарды эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө
киргизсин.
9. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирдикте
2007-жылдын 1-декабрына чейин мамлекеттик органдардын жоюлчу
аймактык подразделениелеринин негизги фонддорун өткөрүү-кабыл
алууну аныкталган тартипте ишке ашырсын, алардын сакталышын
камсыздасын жана андан аркы пайдалануу боюнча сунуштарды
аныкталган тартипте киргизсин.
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы
тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирдикте 2007-жылдын 1-
декабрына чейин мамлекеттик органдардын жоюлчу аймактык
подразделениелеринин кызматтык автотранспортун өткөрүү-кабыл
алууну ишке ашырсын жана аларды андан аркы пайдалануу боюнча
сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө аныкталган тартипте
кирсизсин.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 26-
мартындагы № 62 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
администрациялык-аймактык түзүлүшүн оптималдаштыруу боюнча сунушту
иштеп чыгуу боюнча комиссия администрациялык-аймактык реформанын
II жана Ш этаптарын ишке ашыруу чараларын даярдоо боюнча ишти
улантсын жана 2008-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын
администрациялык-аймактык түзүлүшүн андан ары өркүндөтүү боюнча
сунуштарды киргизсин.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын басма сөз
кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтомун ишке
ашыруунун жүрүшүн жалпыга маалымдоо каражаттарында такай
чагылдырсын.
13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Атамбаев