Душанбе шаары,2004-жылдын 26-майы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда аба катнашы жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Макулдашуучу Тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Тажикистан Республикасынын Өкмөтү, деп аталуучу, 1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол кою үчүн ачылган Эл аралыкжарандык авиация жөнүндө конвенциянын катышуучулары болуу менен, жана өздөрүнүн тийиштүү аймактарынын ортосунда жана алардын чегинентышкары аба катнашынын орнотуу максатында Макулдашуу түзүүнү каалашып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Аныктамалар Эгерде контекстте башкача көрсөтүлбөсө, бул Макулдашуу үчүнтөмөндөгүдөй аныктамалар колдонулат: а) "Конвенция" деген термин 1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо колкою үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияны билди-рет, ага ушул Конвенциянын 90-статьясына жана 94-статьясына ылайык Тир-кемелерге же Конвенцияга ар кандай түзөтүүлөр камтылат, эгерде бул Тир-кемелер жана түзүтүүлөр Макулдашуучу эки Тарапка карата колдонулса; б) "авиациялык бийликтер" деген термин Кыргыз Республикасына кара-та Транспорт жана коммуникациялар министирлигин жана Тажикистан Респуб-ликасына карата Транспорт министирлигин Макулдашуучу же эки Тарапка ка-рата жогоруда айтылган бийликтер тарабынан азыркы учурда аткарылып жат-кан милдеттерди аткарууга юридикалык укугу болгон каалаган башка орган-ды билдирет; в) "дайындалган авиакомпания" деген термин биринчи МакулдашуучуТарап экинчи Макулдашуучу Тарапка жазуу жүзүндө билдирип, дайындаганжана ушул Макулдашуунун 2-статьясынын (1) пунктуна ылайык аныкталганмаршруттар боюнча келишимдик катнаштарды аткарууга бул Макулдашуунун3-статьясына ылайык ыйгарым укуктуу болгон каалаган авиакомпанияны бил-дирет; г) "аймак", "аба катнашы", "эл аралык аба катнашы", "авиакомпания"жана "коммерциялык эмес максаттарда токтоо" деген терминдер Конвенция-нын 2-жана 96-статьяларында берилген мааниге ээ; д) "сыйымдуулук" деген термин аныкталган аба катнашына каратамаршрут же маршруттун бөлүгү боюнча белгилүү-бир мөөнөттүн ичинде мын-дай самолеттор менен учууларды жүргүзүүнүн тездигине көбөйтүлгөн, ушун-дай катнашты аткаруу үчүн колдонулган самолеттогу орундуктардын санынбилдирет; е) мындан ары колдонула турган "тариф" деген термин жүргүнчүлөрдү,багажды жана жүктөрдү ташуу үчүн алынуучу акыларды же жыйымдарды (поч-таны ташуу акысынан жана шарттарынан тышкары), ошондой эле бул акыларменен жыйымдарды колдонуу шарттарын билдирет, ал агенттик кызматкөрсөтүүлөр үчүн комиссиялык жыйымдарды, авиакомпанияларга сунуш кылын-ган ар кандай кошумча кызмат көрсөтүүлөргө тийиштүү жыйымдарды жанашарттарды камтыйт, ошондой эле өзүнө ташууга байланышкан ар кандайолуттуу жењилдиктерди камтыйт; ж) "Тиркеме" деген термин ушул Макулдашуунун Тиркемесин же ушулМакулдашуунун 21-статьясынын жоболоруна ылайык анын түзөтүүлөрүн билди-рет. Тиркеме ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана баш-ка бир нерсе өзгөчө эскерилбеген учурларды кошпогондо, Макулдашууга жа-салган бардык шилтемелерди Тиркемеге өзүнө камтууга тийиш. 2-статья. Ташууга укук берүү (1) Ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тарапка Тиркеме-нин тийиштүү бөлүгүндө аныкталган маршруттар боюнча дайындалган авиа-компания же авиакомпаниялар тарабынан эл аралык аба катнаштарын бел-гилөө жана колдонуу максатында ушул Макулдашууда каралган укуктарды бе-рет. Мындай аба катнаштары менен маршруттар мындан ары "келишимдик кат-наштар" жана "аныкталган маршруттар" деп аталат. (2) Ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык ар бир Макулдашып жатканТараптын дайындалган авиакомпаниясына же авиакомпанияларына белгиленгенмаршруттар боюнча келишимдик катнаштарды аткарууда төмөндөгү укуктарберилүүгө тийиш: а) экинчи Макулдашып жаткан Тараптын аймагынын үстүнөн конуусузучуп өтүүгө; б) экинчи Макулдашып жаткан Тараптын аймагына коммерциялык эмесмаксаттар менен конууга; в) биринчи Макулдашуучу Тараптын аймагында жайгашкан пункттан(пункттардан) чыгып жаткан же пунктка (пункттарга) келип жатканжүргүнчүлөрдү экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында Тиркемедекөрсөтүлгөн пункттарда өзүнчө же чоогу салуу жана түшүрүүгө, багаждыжана жүктү, анын ичинде почтаны жүктөө жана түшүрүү; жана г) экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагындагы Тиркемеде көрсөтүлгөнпункттарга чыгып жаткан же пункттарга келип жаткан жүргүнчүлөрдү үчүнчүөлкөлөрдүн аймагында Тиркемеде көрсөтүлгөн пункттарда өзүнчө же чоогусалуу жана түшүрүүгө, багажды жана жүктү, анын ичинде почтаны жүктөөжана түшүрүү. (3) Макулдашып жаткан Тараптардын авиациялык бийликтеринин орто-сундагы келишим боюнча ушул Макулдашуунун 3-статьясына ылайык дайындал-баган ар бир Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниясына, ошондой эле ушулСтатьянын 2 а) жана б) пункттарында көрсөтүлгөн укуктар берилет. (4) Ушул Статьянын 2-пунктунда эч нерсе экинчи Макулдашуучу Тарап-тын аймагында жүргүнчүлөрдү салууга, багаж менен жүктү, анын ичиндепочтаны жүктөөгө, эгерде алар экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагындагыбашка пунктка акы төлөп же жалдап ташылып жатса, биринчи МакулдашуучуТараптын дайындалган авиакомпаниясына (авиакомпанияларына) артыкчылык-тарды берүү катары каралбоого тийиш. 3-статья. Дайындоо жана эксплуатациялык ыйгарым укуктар (1) Ар бир Макулдашуучу Тарап ушул Макулдашуучу Тарап үчүн кели-шимдик катнаштарды аткаруу максатында авиакомпанияны же авиакомпания-ларды дайындоого жана ар кандай авиакомпаниянын дайындалышын жокко чы-гарууга же мурда дайындалгандын ордуна башка авиакомпанияны дайындоогоукуктуу. Мындай дайындоо эки Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликте-ринин ортосунда жазуу жүзүндөгү билдирүүлөр берилгенден кийин күчүнөкирет. (2) Дайындоо тууралуу билдирүү алган авиациялык бийликтер ушулстатьянын 3 жана 4-пункттарынын жоболоруна ылайык экинчи МакулдашуучуТараптын дайындалган авиакомпаниясына зарыл эксплуатациялык ыйгарымукуктарын тез арада берүүгө тийиш. (3) Биринчи Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтери экинчи Ма-кулдашуучу Тарап дайындаган авиакомпаниядан Конвенциянын жоболорунаылайык эл аралык аба катнаштарын жүзөгө ашырууда бул бийликтер колдонотурган мыйзамдарда жана эрежелерде каралган шарттарды аткаруугажөндөмдүү экендигин далилдешин талап кыла алат. (4) Ар бир Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтери авиакомпа-ниянын дайындалышын кабыл алуудан баш тартууга жана ушул статьянын2-пунктунда көрсөтүлгөн эксплуатациялык ыйгарым укуктарын берүүдөн баштартууга же Макулдашуучу Тарап бул авиакомпанияга ээ болуунун артыкчаукугу жана анын үстүнөн чыныгы контролдоо Макулдашуучу Тарапка же анынжарандарына таандык экендигин далилдей албаган ар кандай учурда, ушулМакулдашуунун 2-статьясында көрсөтүлгөн укуктарды колдонуу үчүн зарылдеп эсептеген шарттарды коюуга укуктуу. (5) Ушул статьяга ылайык дайындалган жана ыйгарым укуктуу болгонавиакомпания ушул Макулдашуунун 13 жана 16-статьяларынын жоболорунаылайык белгиленген тарифтер жана расписаниелер бул катнаштарга каратажарактуу болгон шартта, өзү аларды аткаруу үчүн дайындалган келишимдиккатнаштарды толугу менен же жарым-жартылай аткара алат. 4-статья. Эксплуатациялык уруксатты жокко чыгаруу же колдонулушун убактылуу токтото туруу (1) Ар бир Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтери эксплуата-циялык ыйгарым укуктарын жокко чыгарууга же экинчи Макулдашуучу Тарапдайындаган авиакомпанияга берилген ушул Макулдашуунун 2-статьясындакөрсөтүлгөн укуктарды колдонууну токтото турууга же бул укуктарды пай-далануу үчүн ал зарыл деп эсептеген убактылуу же туруктуу шарттарды ко-юуга төмөнкү учурларда укуктуу болот, эгерде аталган авиакомпания: а) мындай укуктарды берген Макулдашуучу Тараптын авиациялык бий-ликтерине Конвенциянын жоболоруна ылайык аталган бийликтер колдонупжаткан мыйзамдар менен эрежелерде коюлган шарттарды аткарууга өзүнүнжөндөмдүү экендигин далилдей албаса; же б) ээлик кылуунун көпчүлүк үлүшү жана чыныгы контролдоо ушул авиа-компанияны дайындаган Макулдашуучу Тарапка же анын жарандарына тийиштүүэкендигин далилдей албаса; же с) ушул Макулдашуунун алкагында каралган шарттарга ылайык келишим-дик катнаштарды башка бир себептер боюнча аткара албаса. (2) Жогоруда аталган мыйзамдарды жана эрежелерди мындан ары бузбо-ого багытталган шашылыш иш-чараларды аткаруу керек болгон учурларды эс-ке албаганда, ушул статьянын 1-пунктунда каралган укуктар экинчи Макул-дашуучу Тараптын авиациялык бийликтери менен консультация жүргүзгөндөнкийин гана колдонулат. Эгерде авиациялык бийликтердин ортосунда башкачаэскертилбесе, Макулдашуучу эки Тараптын авиациялык бийликтеринин орто-сундагы консультациялар авиациялык бийликтердин биринен суроо-талапалынган күндөн тартып алтымыш (60) күндүн ичинде башталууга тийиш. 5-статья. Мыйзамдарды, эрежелерди жана жол-жоболорду колдонуу (1) Биринчи Макулдашуучу Тараптын аймагына келүүдө, анда болуудаже кетүүдө аба кемелерин эксплуатациялоо жана навигациялоо боюнча анынмыйзамдарын, эрежелерин жана жолжоболорун экинчи Макулдашуучу Тараптынавиакомпаниялары сактоого тийиш. (2) Жүргүнчүлөрдү, экипаждарды, жүктү жана почтаны өзүнүн аймаганаалып келүүнү, анда болтурууну жана жөнөтүүнү жөнгө салуучу биринчи Ма-кулдашуучу Тараптын мыйзамдары, эрежелери, анын ичинде паспорттук, ба-жылык, валюталык жана санитардык эрежелерге тийиштүү формалдуулуктарэкинчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпанияларынын аба кеме-лери аталган аймакта болгон убакта алардын жүргүнчүлөрүнө, экипажына,жүгүнө жана почтасына колдонулат. (3) Бир дагы Макулдашуучу Тарап өзүнүн бажылык, карантиндик жанаушул сыяктуу эрежелерин колдонууда өз авиакомпаниясын же каалаган башкаавиакомпанияны мындай эл аралык аба катнашын аткарган экинчи Макулдашу-учу Тараптын авиакомпаниясынан артык көрбөөгө тийиш. 6-статья. Авиациялык коопсуздук (1) Эл аралык укук боюнча өз укуктары менен милдеттерине ылайыкМакулдашуучу Тараптар бири-бирине карата алардын мыйзамсыз кийлигишүүактыларынан жарандык авиациянын коопсуздугун сактоо тиешелүү милдеттен-мелери ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болоорун ырасташат. (2) Макулдашуучу Тараптар, айрым алганда, 1963-жылдын 14-сентяб-рында Токио шаарында кол коюлган Аба кемесинин бортунда жасалган кыл-мыштар жана кээ-бир башка актылар тууралуу Конвенциянын, 1970-жылдын16-декабрында Гаагада кол коюлган Аба кемесин мыйзамсыз ээлеп алуунуменен күрөшүү тууралуу Конвенциянын, 1971-жылдын 23-сентябрында Монре-алда кол коюлган Жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы мыйзамсыз ак-тылар менен күрөшүү тууралуу Конвенциянын, жана 1988-жылдын 24-февра-лында Монреалда кол коюлган Эл аралык жарандык авиацияны тейлеген аэро-порттордо мыйзамсыз зомбулук актылары менен күрөшүү тууралуу Протокол-дун жоболоруна, ошондой эле авиациялык коопсуздукту жөнгө салуучу жанаМакулдашуучу эки Тарапка карата колдонулуучу башка көп тараптуу макул-дашууларга ылайык иштөөгө тийиш. (3) Макулдашуучу Тараптар жарандык аба кемесин мыйзамсыз ээлепалуу актысынын болтурбоо жана аба кемелеринин, алардын бортундагыжүргүнчүлөрүнүн жана экипажынын, аэропорттордун жана аэронавигация ка-ражаттарынын коопсуздугуна каршы багытталган башка мыйзамсыз актылар-дын, ошондой эле жарандык авиациянын коопсуздугуна карата ар кандайбашка коркунучтардын алдын алуу максатында өтүнүч боюнча бири-биринебардык керектүү жардамды көрсөтүүгө тийиш. (4) Макулдашуучу Тараптар өздөрүнүн өз-ара карым-катнаштарында Эларалык жарандык авиация уюму тарабынан аныкталган жана бул жоболор Ма-кулдашуучу Тараптарга колдонулган дењгээлде Конвенциянын Тиркемеси ка-тары аталган авиациялык коопсуздук жөнүндө жоболорго ылайык аракет-тенүүгө тийиш; алар өздөрүнүн аймагында катталган аба кемелеринин пай-далануучуларынын же негизги иштеген жана болгон дайыма келүүчү ордуалардын аймагында жайгашкан аба кемелеринин пайдалануучуларынын, ошон-дой эле алардын аймагандагы аэропортторду пайдалануучулардын иш-аракет-тери авиациялык коопсуздук жөнүндө мындай жоболорго ылайык жүргүзүлүшүнталап кылууга тийиш. (5) Ар бир Макулдашуучу Тарап аба кемелеринин мындай пайдалануучу-лары экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагына келүүгө, кетүүгө же анда бо-лууга карата 4-пунктта берилген авиациялык коопсуздук жөнүндө жоболоргосактоону талап кылуучу макул болот. (6) Ар бир Макулдашуучу Тарап өзүнүн аймагында аба кемесин коргоожана аба кемесинин жүргүнчүлөрүн, экипажын, колундагы жүгүн, багажын,жүктөрүн жана борттогу азыктарын жүктөөнүн же түшүрүүнүн алдында жанаанын учурунда текшерүү боюнча тийиштүү чаралардын колдонулушун камсызкылууга тийиш. (7) Ар бир Макулдашып жаткан Тарап белгилүү-бир коркунучка байла-ныштуу коопсуздук чараларын камсыз кылууга карата экинчи МакулдашуучуТараптын ар кандай өтүнүчүнө түшүнүү менен мамиле кылууга тийиш. (8) Жарандык аба кемесин мыйзамсыз ээлеп алуу инциденти же корку-нучу же мындай аба кемесинин, анын бортундагы жүргүнчүлөрүнүн, экипажы-нын, аэропорттордун же аэронавигация каражаттарынын коопсуздугуна каршыбашка мыйзамсыз аракеттер болгон учурда, Макулдашуучу Тараптар мындайинцидентти же анын коркунучун тезинен жана коопсуз тыюу максатында бай-ланыштарды камсыз кылуу жана башка тийиштүү чараларды көрүү аркылуу би-ри-бирине жардам берүүгө тйииш. (9) Эгерде Макулдашуучу Тараптардын бири бул Статьяда көрсөтүлгөнавиациялык коопсуздук жөнүндө жоболорду экинчи Макулдашуучу Тарап ат-карган жок деп эсептөөгө жетишээрлик негизи болсо, анда бул Макулдашуу-чу Тараптын авиациялык бийликтери менен тезинен консультация өткөрүүнүталап кыла алышат. Мындай суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып бир(1) айдын ичинде зарыл макулдашууга жетишилбесе, ушул Макулдашуунун4-статьясынын жоболору күчүнө кирет. Олуттуу кырдаал келип чыккан учур-да Макулдашуучу Тараптардын бири айлык мөөнөт бүткөнгө чейин убактылууиш-аракеттерди жүргүзө алат. 7-статья. Күбөлүктөрдү, сертификаттарды жана ырастамаларды таануу (1) Биринчи Макулдашуучу Тарап берген же жарактуу деп тааныган жа-на күчүндө болгон учууга жарамдуулугу жөнүндө сертификаттарды, квалифи-кациясы жөнүндө күбөлүктөрдү жана ырастамаларды экинчи Макулдашуучу Та-рап келишимдик катнаштарды ишке ашыруу максатында күчүндө болгон катарытаанууга тийиш, мында бул сертификаттар же күбөлүктөр Конвенцияга ыла-йык аныкталган төмөнкү стандарттарга дал келген же алардан ашкан шартэске алынат. (2) Бирок ар бир Макулдашуучу Тарап өз аймагынын үстүнөн учуулардыжүргүзүп жатканда экинчи Макулдашуучу Тарап анын жарандарына бергенквалификациясы жөнүндө күбөлүктөрүн жана ырастамаларын таануудан баштартууга укуктуу болот. 8-статья. Учуулардын коопсуздугу (1) Ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тарап кабыл ал-ган экипаждарга, аба кемелерине же аларды пайдаланууга тийиштүү бардыктармакта учуулардын коопсуздук стандарттары боюнча консультациялардыөткөрүүнү каалаган убакта талап кыла алат. Мындай консультациялар булсуроо-талап алынган күндөн тартып отуз (30) күндүн ичинде өткөрүлүүгөтийиш. (2) Эгерде мындай консультациялардын натыйжасында Макулдашуучу Та-раптардын бири экинчи Макулдашуучу Тарап жок дегенде ошол учурда Кон-венцияга ылайык белгиленген минималдык стандарттарга дал келген мындайтармактардын биринде учуулардын коопсуздугу боюнча стандарттарды тие-шелүү түрдө сактаган жок же колдонгон жок деп эсептесе, анда биринчиМакулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тарапка мындай жыйынтыктар жанаошол минималдык стандарттарга дал келтирүү максатында аткарышы керекболгон иш-аракеттер жөнүндө жана экинчи Макулдашуучу Тарап тиешелүү ча-раларды колдонууга тийиш экендиги жөнүндө билдирүүгө тийиш. Эгердеэкинчи Макулдашуучу Тарап он беш (15) күндүн ичинде же эскериле турганузагыраак мөөнөттө тийиштүү чараларды колдонбосо, бул Макулдашуунун4-статьясын колдонуу зарылчылыгы келип чыгат. (3) Конвенциянын 33-статьясында көрсөтүлгөн абалдарга карабастан,Макулдашуучу экинчи Тараптын аймагына же аймагынан учууларды аткарууүчүн биринчи Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниясынын же авиакомпанияла-рынын атынан пайдаланылган же ижарага алынган бардык аба кемеси экинчиМакулдашуучу Тараптын аймагында болгондо, рейсти себепсиз кармабастан,бул Макулдашуучу Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан борт доку-менттеринин жарамдуулугун жана экипажды, самолеттун жана анын шайманда-рынын абалын (бул статьяда "перрондук инспектирлөө" деп аталат) тек-шерүү максатында аба кемесинин бортунда же анын жанында текшерилет. (4) Эгерде мындай инспектирлөө же бир топ башка инспектирлөөлөр: а) аба кемеси же аба кемесин пайдалануу Конвенцияга ылайык ошолучурда аныкталган минималдык стандарттарга ылайык келбеши жөнүндө олут-туу кабатырланууга, же б) техникалык жактан жетиштүү тейленбегендиги жана Конвенциягаылайык ошол учурда белгиленген стандарттарды аткарбагандыгы жөнүндөолуттуу кабатырланууга алып келсе, анда инспектирлөөнү жүргүзүп жатканМакулдашуучу Тарап Конвенциянын 33-статьясына ылайык аба кемесине жебул кеменин экипажына берилген же жарактуу деп таанылган сертификаттарже ырастамалар же бул аба кемесин пайдалануу талаптары Конвенцияга ьша-йык белгиленген минималдык стандарттарга ылайык келбеши жөнүндө бүтүмчыгарууга укуктуу болот. (5) 3-пунктка ылайык Макулдашуучу Тараптардын биринин авиакомпани-ясы тарабынан же авиакомпаниясынын атынан пайдаланылган аба кемесинперрондо инспектирлөө максатында кирүүгө бул авиакомпаниянын же авиа-компанияларынын өкүлдөрү тыюу салса, башка Макулдашып жаткан Тарап жо-горуда 4-пунктта көрсөтүлгөн олуттуу кемчиликтер бар деп болжолдоогожана бул пунктка ылайык бүтүм чыгарууга укуктуу болот. (6) Эгерде биринчи Макулдашуучу Тарап инспектирлөөнүн, бир топинспектирлөөлөрдүн, инспектирлөөнү жүргүзүүдө кирүү уруксатын берүүдөнбаш тартуунун, консультациялардын натыйжасында жана башка себеп боюнчаавиакомпаниялардын учууларды коопсуздукта аткарышы үчүн маанилүү болгоншашылыш чараларды колдонуу зарылчылыгы жөнүндө бүтүм чыгарса, ар бирМакулдашучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниясына же ави-акомпанияларына берилген пайдалануу уруксатын тезинен токтото туруугаже өзгөртүүгө укуктуу болот. (7) Жогорудагы 2-жана 6-пункттарга ылайык Макулдашуучу Тараптардынбири тарабынан жасалган бардык иш-аракеттер мындай иш-аракеттерди атка-руунун себеби жоголоор замат токтотулууга тийиш болот. 9-статья. Бажылык эрежелер (1) Ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тараптын дайын-далган авиакомпаниясына аба кемесине, отунга, майлоочу материалдаргажана техникалык бөлүкчөлөргө, запастык бөлүкчөлөргө, анын ичинде кый-мылдаткычтарга, борттук жабдууларга, борттук тамак-ашка (анын ичиндеспирттик ичимдиктерге, тамеки заттарына, суусундуктарга жана учуу учу-рунда чектелген санда жүргүнчүлөргө сатылуучу продуктыларга) жана кели-шимдик катнаштарды аткарып жаткан мындай Макулдашуучу Тараптын дайын-далган авиакомпаниясынын аба кемесин пайдаланууга же тейлөөгө байланыш-туу колдонулуучу башка предметтерге, ошондой эле басылып чыккан билет-тердин запасына, жүктүн коштомо кагаздарына, компаниянын фирмалык бел-гиси коюлган бардык басма материалына, ошондой эле бул дайындалган ави-акомпания акысыз таркатуучу кадимки жарнама материалдарына импорттукчектөөлөрдү койбоого жана бажылык пошлиналарды, текшергенге чейинки жы-йымдарын жана башка мамлекеттик жана жергиликтүү төлөмдөрдү жана жыйым-дарды салбоого тийиш. (2) Бул статьяда көрсөтүлгөн бошотуулар ушул статьянын 1-пунктундакөрсөтүлгөн төмөнкү предметтерге карата колдонулууга тийиш: а) биринчи Макулдашуучу Тараптын аймагына экинчи Макулдашуучу Та-раптын дайындалган авиакомпаниясынын тарабынан же анын атынан алыныпкелинүүчү; б) экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагына келгенден кийин жана ан-дан учуп кеткенге чейин биринчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиа-компаниясы аба кемесинин бортунда калтыруучу; жана в) экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында биринчи Макулдашуучу Та-раптын дайындалган авиакомпаниясынын аба кемесинин бортуна алынуучу жа-на бошотууларды берип жаткан Макулдашуучу Тараптын аймагында бул пред-меттер кемсинтилбеген шартта, аталган Макулдашуучу Тараптын аймагындаушул предметтер толугу менен же жарым-жартылай колдонулуп же сарпталыпжатабы же жокпу, ага карабастан, келишимдик катнаштарды аткарууда кол-донулуучу. (3) Макулдашуучу бардык Тараптын дайындалган авиакомпаниясынын абакемесинин бортунда демейде сактала турган борт шаймандары, ошондой элематериалдар, жабдуу буюмдары жана борт азыктары Макулдашуучу экинчи Та-раптын аймагына ушул аймактын бажылык органдарынын макулдугу менен ганатүшүрүлүшү мүмкүн. Бул учурда алар кайрадан экспорттолуп кетмейинче жебажылык эрежелерге ылайык башкача түрдө алынып кетмейинче жогорудааталган органдардын көзөмөлүнө берилиши мүмкүн. (4) Каалаган Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясы баш-ка авиакомпаниялар менен экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында убакты-луу колдонуу же берүү тууралуу макулдашкан учурларда, мындай авиакомпа-ниялар бул Макулдашуучу Тараптан ушуга окшош бошотууларды алган шартта,ушул статьяга ылайык берилүүчү бошотуулар техникалык запастарга, запас-тык бөлүкчөлөргө, анын ичинде кыймылдаткычтарга, кадимки борт шайманда-рына карата дагы колдонулууга тийиш. 10-статья. Аэропортторду жана авиациялык жабдууларды колдонуу (1) Биринчи Макулдашуучу Тараптын аймагында аэропортторду, аэрона-вигациялык жана башка жабдууларды колдонгондугу үчүн экинчи Макулдашуу-чу Тараптын дайындалган авиакомпаниясынан алынуучу жыйымдар ушундай эларалык катнаштарды аткарып жаткан ошол эле класстагы улуттук аба кеме-леринен алынуучу жыйымдардан ашпоого тийиш. (2) Өзүнүн контролунун астында болгон аэропортторду, аба трассала-рын, аба кыймылын тейлөө жана аларга байланышкан жабдууларды колдонуудабир дагы Макулдашуучу Тарап ушундай эле эл аралык аба катнаштарын атка-рып жаткан экинчи Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниясына карагандаөзүнүн же бардык башка авиакомпанияга артыкча укук берүүгө тийиш эмес. (3) Ар бир Макулдашуучу Тарап жыйымдар үчүн жооптуу болгон өзүнүнкомпетенттүү органдары менен бул жыйымдар боюнча органдардын кызматта-рын жана каражаттарын колдонуучу авиакомпаниялардын ортосунда бул авиа-компаниялардын өкүлчүлүктөрү аркылуу мүмкүн болгон жерде консультация-ларды өткөрүүгө көмөктөшүүгө тийиш. Мындай жыйымдарды өзгөртүү боюнчабардык сунуштар жөнүндө билдирүү колдонуучу тарабынан берилүүгө тийиш;бул өзгөртүүлөр жасалганга чейин алардын өз оюн билдирүүгө мүмкүндүкберет. Ар бир Макулдашуучу Тарап жыйымдар үчүн жооптуу болгон өзүнүнкомпетенттүү органдарынын жана колдонуучулардын ортосунда мындай жыйым-дар жөнүндө тийиштүү маалыматтар менен алмашууга колдоо көрсөтүүгө ти-йиш. 11-статья. Транзиттик ташуулар Макулдашып жаткан бир Тараптын аймагы аркылуу түз транзит мененбараткан жана ушул максатта колдонулуучу аэропорттун аймагынан чыгыпкетпеген жүргүнчүлөр ушул Макулдашуунун 6-статьясында көрсөтүлгөн кооп-суздук эрежелери колдонулган учурлардан тышкары, ошондой эле бањгиликжана ањ-сезимге таасир берүүчү заттарды алып келүүгө тыюу салуу макса-тында жөнөкөйлөтүлгөн контролдон өтүүгө тийиш. Түз транзит менен баражаткан багаж менен жүк бажылык пошлиналардан жана башка жыйымдардан бо-шотулууга тийиш. 12-статья. Кызмат көрсөтүүлөөлөрдү сатуу жана акча каражаттарын которуу (1) Биринчи Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтерине табышта-ма берилгенден кийин жана биринчи Макулдашуучу Тараптын тийиштүү мамле-кеттик мыйзамдары менен эрежелерине ылайык керектүү коммерциялык катто-ого карата экинчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясы жеавиакомпаниялары биринчи Макулдашуучу Тараптын аймагында өзүнүн аба ар-кылуу ташууларын өзү же өзүнүн каалоосу боюнча агенттер аркылуу эркинсатууга укуктуу болууга жана бардык жак бул аймакта иштеп жаткан банк-тарда ошол учурда иштетилип жаткан эркин жүгүртүлүүчү валютада же жер-гиликтүү акча бирдигинде мындай транспорттук тейлөөлөрдү сатып алуугаукуктуу болууга тийиш. (2) Ар бир Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясы экинчиМакулдашуучу Тараптын аймагында авиакомпания эркин жүгүртүлүүчү валюта-да алган акча каражаттарын конвертирлөөгө жана өз аймагына которуугаукуктуу болууга тийиш. Конвертирлөө же которуу акча которулган күндөколдонулуп жаткан алмашуу курсу боюнча чектелбестен жүргүзүлүүгө тийиш.Эгерде мындай иштеп жаткан рыноктук курс системасы болбосо, конвер-тирлөө жана которуу ал жасалган күндө колдонулуп жаткан расмий алмашуукурсу боюнча чектөөсүз аткарылууга тийиш. Которуунун өзү кармалуусузаткарылууга тийиш жана мындай операциялар үчүн банктар алган кадимкижыйымдардан тышкары, жыйымдар алынбайт. (3) Эгерде Макулдашуучу Тараптардын ортосунда мындай акча каражат-тарына карата атайын келишим болсо, анда ал келишим колдонулат. 13-статья. Тарифтер (1) Экинчи Макулдашуучу Тараптын аймаганан же аймагына ташууларүчүн бардык Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясы тарабынаналынуучу тарифтер бардык маанилүү факторлорду, анын ичинде пайдалануучыгымдарын, негизделген пайданы жана аткаруу ылдамдыгы жана орундукта-ры, комиссиялык акылар, башка авиакомпаниялардын тарифтери жана башкакоммерциялык шарттар сыяктуу тейлөө мүнөздөмөсүн эске алып, кабыл алгы-лыктуу дењгелде, Макулдашуучу Тараптардын улуттук мыйзамдарына аныктал-ган тартипте белгиленүүгө тийиш. (2) Эки Макулдашуучу Тараптын тењ авиациялык бийликтери негизсиздискриминациялоочу, өктөмдүк абалдын астында өтө эле жогору же чектел-ген ылайыксыз тарифтерди же түз же кыйыр дотациялоо же колдоо аркылуужасалма түрдөгү же бааларды азайтуучу төмөн тарифтерди карап чыгуугажана чечимдерди кабыл алууга тийиш. (3) Бул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн тарифтер Макулдашуучуэки Тараптын тењ дайындалган авиакомпанияларынын ортосунда мүмкүн болу-шунча макулдашылууга тийиш. (4) Эгерде мүмкүн болсо, жогорудагы 3-пунктка ылайык макулдашуугаЭл аралык аба транспорту ассоциациясынын (ИАТА) тарифтерин аныктоо ме-ханизми аркылуу жетишүүгө болот. (5) Мындайча макулдашылган тарифтер аларды киргизүүнүн болжолдуукүнүнө чейин кеминде отуз (30) күн мурда Макулдашуучу. Тараптардын ави-ациялык бийликтеринин бекитүүсүнө берилүүгө тийиш; өзгөчө учурлардамындай мөөнөт аталган бийликтердин макулдугу менен азайтылышы мүмкүн. (6) Эгерде дайындалган авиакомпаниялар бул тарифтерге макул болбо-со, же башка себептер боюнча тарифтер бул статьянын 3-пунктуна ылайыканыкталбаса, же Макулдашуучу биринчи Тараптын авиациялык бийликтери булстатьянын 3-пунктунун жоболоруна ылайык макулдашылган бардык тарифкеөзүнүн макул эместиги жөнүндө Макулдашуучу экинчи Тараптын авиациялыкбийликтерине билдирүү жөнөтсө, Макулдашуучу Тараптардын авиациялык бий-ликтери тарифтерди макулдашууга аракет жасоого тийиш. (7) Эгерде авиациялык бийликтер жогорудагы 5-пунктка ылайык анык-талган кандайдыр-бир тарифти бекитүүгө же 6-пунктка ылайык кандай-дыр-бир тарифти аныктоого макул болбосо, анда Макулдашуучу Тараптар та-рифтерди макулдашуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого тийиш. (8) Макулдашуучу эки Тараптын тењ авиациялык бийликтери бекитме-йинче, бир дагы тариф күчүнө кирбейт. (9) Бул Статьянын жоболоруна ылайык аныкталган тарифтер бул Стать-янын жоболоруна ылайык жањы тарифтер аныкталмайынча күчүндө калаберүүгө тийиш. (10) Макулдашуучу эки Тараптын тењ авиациялык бийликтери Макулда-шуучу Тараптардын аймактарында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдүташуу үчүн өздөрүнүн тарифтерин бекитишине табыштама берүүнү талап кыл-боого тийиш; Бирок дайындалган авиакомпаниялар ушул статьянын 2-пункту-на ылайык баа берүү үчүн Макулдашуучу эки Тараптын тењ авиациялык бий-ликтерине аларды киргизүүнүн божомолдонгон күнүнө чейин жок дегенде онтөрт (14) күн мурда бул жөнүндө билдирүүгө тийиш. Эгерде дайындалганкызыкдар авиакомпания Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтериненжогоруда аталган жүктөрдүн тарифтерин жактырбоо тууралуу билдирүүнүкатталган күндөн тартып 8 күндүн ичинде албаса, анда мындай катталганжүктөрдүн тарифи ишке киргизилген күнү күчүнө кирет. 14-статья. Сыйымдуулук (1) Макулдашуучу эки Тараптын тењ дайындалган авиакомпанияларыушул Макулдашуунун Тиркемесинде аныкталган бардык маршрут боюнча абакатнашын аткарууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга тийиш. (2) Келишимдик катнаштарды аткарууда ар бир Макулдашуучу Тараптындайындалган авиакомпаниялары Макулдашуучу экинчи Тараптын дайындалганавиакомпаниялары ошол эле маршруттар же алардын участоктору боюнча ишкеашырып жаткан аба катнашына тескери таасир тийгизбеш үчүн алардын кы-зыкчылыгын эске алууга тийиш. (3) Макулдашуучу Тараптардын дайындалган авиакомпаниялары аткарыпжаткан келишимдик катнаштарда белгилүү-бир маршруттарда ташуулар боюнчакоомчулуктун талаптары эске алынууга жана авиакомпанияны дайындаган Ма-кулдашуучу Тараптын аймагынан чыккан же аймагына жөнөгөн жүргүнчүлөрдүжана/же жүктөрдү, анын ичинде почтаны ташуу боюнча бар болгон жанакүтүлгөн талаптарды аткаруу үчүн тийиштүү коэффициенттеги жетиштүүжүктөөнү, сыйымдуулукту камсыз кылууга тийиш. Үчүнчү мамлекеттердин ай-магында эскерилген маршруттардагы пункттарда бортко алынган жанатүшүрүлгөн жүргүнчүлөрдү жана/же жүктөрдү, анын ичинде почтаны ташуужалпы принциптерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш; мында сыйымдуулуктөмөнкүлөргө жараша болот: а) авиакомпанияны дайындаган Макулдашуучу Тараптын аймагына же ай-магынан чыккан аба кыймылынын талаптарына; б) бул регионго кирген мамлекеттердин авиакомпаниялары түзгөн баш-ка транспорттук катнаштарды эске алып, келишимдик катнаш өтүп жатканрегиондогу аба кыймылынын талаптарына; в) авиакомпаниянын түз аба катнашынын талаптарына. 15-статья. Коддорду чогуу колдонуу (1) Эскерилген маршруттар боюнча аба катнаштарын аткарууда биринчиМакулдашуучу Тараптын бардык дайындалган авиакомпаниясы төмөнкүлөр ме-нен жерлерди блокадалоо жана коддорду чогуу колдонуу тууралуу келишимдитүзө алат: а) бардык Макулдашуучу Тараптардын авиакомпаниялары же авиакомпа-ниялары менен; б) үчүнчү Тараптын авиакомпаниясы же авиакомпаниялары менен. Эгер-де мындай үчүнчү Тарап экинчи Макулдашуучу Тараптын авиакомпанияларыменен башка авиакомпаниялардын ортосунда мындай үчүнчү өлкөнүн аймагы-на, аймагынан жана аймагы аркылуу катнаштарды аткарууда салыштыруугамүмкүн болгон келишимдерди тааныбаса, Макулдашуучу Тарап мындай кели-шимди кабыл албай коюуга укуктуу. (2) Бирок жогоруда аталган жоболор бардык авиакомпаниялар мындаймакулдашуулардын алкагында: а) алардын негизинде ушул Макулдашууда эскерилген ташуу укуктарынжана принциптерин сактаарын; жана б) Макулдашуучу эки Тараптын тењ авиациялык бийликтеринин мындаймакулдашууларга карата колдонуучу талаптарын аткараарын эске алууга ти-йиш. (3) Коддорду чогуу колдонуучу авикомпаниялар коддорду чогуу колдо-нуу жана жерлерди блокадалоо тууралуу сунуш кылынган макулдашуулардыишке божомолдуу киргизгенге чейин жок дегенде кырк беш (45) күн мурдаМакулдашуучу эки Тараптын авиациялык бийликтерине берүүгө тийиш. Код-дорду чогуу колдонуу жана жерлерди блокадалоо тууралуу мындай макулда-шуулар Макулдашуучу эки Тараптын авиациялык бийликтери тарабынан жакты-рылууга тийиш. 16-статья. Учуулардын расписаниеси (1) Биринчи Макулдашуучу Тарап дайындаган авиакомпания аба кемеси-нин ылдамдыгын, тибин, убактысын, түзүлүшүн жана орундуктарынын санын,ошондой эле расписаниенин колдонуу мөөнөтүн көрсөтүп, жок дегенде кыркбеш (45) күн мурда өзүнүн божомолдонгон катнаштарынын расписаниесинэкинчи Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтерине бекитүүгө берүүгөтийиш. Ушундай эле процедура мындай расписаниени бардык өзгөртүүдө кол-донулат. (2) Эгерде дайындалган авиакомпания расписаниеде көрсөтүлгөндөрдөнтышкары кошумча рейстерди жасоону кааласа, ал экинчи Макулдашуучу Та-раптын авиациялык бийликтеринен уруксат суроого тийиш. Мындай суроо-та-лап ушундай рейстерди жасоого чейин жок дегенде эки (2) жумуш күнү му-рун берилүүгө тийиш. 17-статья. Авиакомпаниялардын өкүлчүлүгү (1) Биринчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясы кели-шимдик катнаштарды аткаруу үчүн өз ара негизде экинчи Макулдашуучу Та-раптын аймагына өзүнүн өкүлдөрүн, коммерциялык, техникалык жана башкакызматкерлерин алып келүүгө жана анда кармоого укуктуу болот. (2) Өкүл жана кызматкерлер экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагындаколдонулуп жаткан мыйзамдарды жана эрежелерди сактоого тийиш. (3) Тийиштүү аймакта колдонулуп жаткан мыйзамдарга жана эрежелергеылайык эки Макулдашуучу Тараптын тењ дайындалган авиакомпаниялары абакатнаштарын аткарууга көмөктөшүү жана аба аркылуу ташууларды сатуу үчүнэкинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында офисти же офистерди ачууга укук-туу. 18-статья. Жердеги тейлөө (1) Тењ укуктуу негизде ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулда-шуучу Тараптын ар бир дайындалган авиакомпаниясына жарым-жартылай жетолугу менен жерде тейлөөнү камсыз кылуу үчүн экинчи Макулдашуучу Та-раптын аймагында мындай тейлөөлөрдү көрсөтүүгө экинчи Макулдашуучу Та-раптын компетенттүү бийликтери тарабынан ыйгарым укук берилген атаандашагенттердин кимиси болбосун тандоо укугун берет. (2) Ушул статьянын (1) пунктуна толуктоо катары ар бир дайындалганавиакомпания жүргүнчүлөрдү каттоо боюнча өзүнүн жерде тейлөө иштеринжүргүзө алат. Бул укук учуулар коопсуздугунун жана авиациялык коопсуз-дук талаптарынан келип чыккан чектөөлөрдү камтууга тийиш жана учуу аян-тында жердеги тейлөө кызматын камтыйт. Эгерде учуулардын коопсуздугунунжана авиациялык коопсуздуктун кызыкчылыктары үчүн ушул пункттакөрсөтүлгөн өзүнүн жерде тейлөө кызматы керек болбосо, анда мындай жер-де тейлөө ушундай эл аралык аба катнаштарын жасап жаткан бардык авиа-компанияга артыкчылыксыз же дискриминациялоосуз көрсөтүлүүгө тийиш. (3) Биринчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясы экин-чи Макулдашуучу Тараптын аймагындагы ошол эле аэропортту колдонуп жат-кан башка авиакомпанияларга толугу менен же жарым-жартылай ушул стать-янын (2) пунктуна ылайык жерде тейлөө кызматын көрсөтө алат. 19-статья. Маалымат берүү Ар бир Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтери экинчи Макулда-шуучу Тараптын авиациялык бийликтерине, алардын суроо-талабы боюнча,мезгил-мезгили менен чыгуучу статистикалык маалыматтарды же келишимдиккатнаштарды аткаруу үчүн жүйөлүү керек болгон ушул Макулдашууда анык-талган маршруттар боюнча дайындалган авиакомпания жасаган ташууларжөнүндө бардык башка ушул сыяктуу маалыматты берүүгө же өзүнүн дайын-далган авиакомпаниялары тарабынан беришин талап кылууга тийиш. 20-статья. Консультациялар (1) Тыгыз кызматташуу маанайында Макулдашуучу Тараптардын авиация-лык бийликтери ушул Макулдашууну ишке ашырууга таасирин тийгизүүчү бар-дык маселелер боюнча тыгыз кызматташууну камсыз кылуу максатында мез-гил-мезгили менен бири-бири менен консультацияларды өткөрүү же кат алы-шуу аркылуу кызматташууга тийиш. (2) Бардык Макулдашуучу Тарап каалаган убакта ушул Макулдашуугабайланышкан бардык маселе боюнча консультацияларды өткөрүүнү талап кылаалат. Эгерде Макулдашуучу Тараптар башкача макулдашбаса, мындай кон-сультациялар экинчи Макулдашуучу Тарап суроо-талап берген күндөн тартыпалтымыш (60) күндүн ичинде башталууга тийиш. 21-статья. Түзөтүүлөр (1) Эгерде бардык Макулдашуучу Тараптар ушул Макулдашуунун кандай-дыр-бир жоболоруна түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл деп эсептесе, мындайтүзөтүүлөр, эгерде алар Макулдашуучу Тараптардын ортосунда макулдашыл-са, дипломатиялык ноталар менен алмашуу жолу менен ырасталгандан кийинкүчүнө кирет. Ноталар менен алмашкан күн болуп ушул эки нотанын акыркы-сы алынган күн саналат. (2) Ушул Макулдашуунун Тиркемесине түзөтүүлөр Макулдашуучу Тарап-тардын авиациялык бийликтеринин ортосунда түздөн-түз макулдашылат. Алараталган бийликтер тарабынан бекитилген күндөн тартып убактылуу колдону-лууга жана дипломатиялык ноталарды алмашуу жолу менен ырасталгандан ки-йин күчүнө кирүүгө тийиш. 22-статья. Чатактарды чечүү (1) Макулдашуучу Тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну чеч-мелөөгө же колдонууга байланыштуу чатак маселелер келип чыккан учурда,Макулдашуучу Тараптардын авиациялык бийликтери аларды биринчи кезектесүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракеттенишет. (2) Эгерде авиациялык бишшктер макулдашууга жетишпесе, чатак Ма-кулдашуучу Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен чечилүгө тийиш. (3) Эгерде Макулдашучу Тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чатакты че-че алышпаса, чатак Макулдашуучу Тараптардын чыгарган чечимине жарашаконсультанттын пикирин же милдеттүү чечимин алуу үчүн алар макулдашаала турган жеке адамдын же юридикалык жактын кароосуна берилет; же бар-дык Макулдашуучу Тараптын биринин өтүнүчү боюнча чатак үч арбитрдин со-туна берилиши мүмкүн. (4) Мындай арбитрлар соту төмөндөгүдөй түзүлөт: ар бир Макулдашуу-чу Тарап бирден арбитрды дайындайт жана бул эки арбитр үчүнчү Мамлекет-тин гражданын төрага кылып дайындоону макулдашышат жана дайындашат.Мындай арбитрлар Макулдашуучу Тараптардын бири чатакты арбитраждык сот-ко кароого берүүнү каалагандыгы тууралуу экинчи Макулдашуучу Тарапкакабарлаган күндөн тартып эки (2) айдын ичинде, ал эми төрага үч (3) ай-дын ичинде дайындалууга тийиш. (5) Эгерде (4) пунктта көрсөтүлгөн мөөнөт сакталбаса, бардык Ма-кулдашуучу Тараптар, бардык башка тиешелүү макулдашуулар болбогон учур-да, керектүү дайындоолорду жүргүзүү үчүн Эл аралык жарандык авиация ую-мунун кењешинин (ИКАО) Президентин чакыра алат. Эгерде Президент Макул-дашуучу Тараптардын биринин гражданы болсо же эгерде ал кандайдыр-бирбашка себептер боюнча бул милдетти аткара албаса, анда анын ордуна Ви-це-Президент керектүү дайындоону жүргүзүүгө тийиш. (6) Арбитрлер соту добуштун көпчүлүгү менен чечим чыгарууга тийиш.Мындай чечимдер Макулдашуучу Тараптар үчүн милдеттүү болууга тийиш. Арбир Макулдашуучу Тарап өзүнүн арбитрынын, ошондой эле анын арбитраждыкжол-жобого катышкандыгы үчүн чыгымдарын төлөйт; ал эми төраганын чыгым-дарын жана бардык башка чыгымдарды Макулдашуучу Тараптар тењме-тењтөлөшөт. Калган бардык маселелер боюнча арбитраждык сот өз жол-жоболо-рун өзү аныктоого тийиш. 23-статья. Каттоо Ушул Макулдашуу жана анын бардык кийинки түзөтүүлөрү Эл аралыкграждандык авиация уюмунда катталууга тийиш. 24-статья. Аракетинин токтотулушу Бардык Макулдашуучу Тараптар ушул Макулдашуунун аракетин токтотуутууралуу өзүнүн чечими жөнүндө экинчи Макулдашуучу Тарапка бардык убак-та дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтө алат.Мындай билдирүү ошол эле учурда Эл аралык граждандык авиация уюмуна бе-рилүүгө тийиш. Мындай учурда эгерде бул мөөнөт бүткөнгө чейин эки Ма-кулдашуучу Тараптардын ортосунда Макулдашуу боюнча аракетин токтотуутууралуу мындай билдирүү кайрадан артка суратылбаса, ушул Макулдашууэкинчи Макулдашуучу Тарап билдирүүнү алган күндөн тартып он эки (12)айдын ичинде өз аракетин токтотот. Экинчи Макулдашуучу Тараптын бил-дирүүнү алгандыгы тууралуу ырастоосу болбосо, аны Эл аралык граждандыкавиация уюму алгандан кийин он төрт (14) күн өткөндө билдирүү алындыдеп эсептелет. 25-статья. Күчүнө кириши Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө киришиүчүн керектүү мамлекеттик ички процедураларды аткаргандыгы жөнүндө Ма-кулдашуучу Тараптардын акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүсү алынган күндөнтартып күчүнө кирет. Душанбе шаарында 2004-жылдын 26-майында, эки түп нускада, кыргыз,тажик жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкөээ. Чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндегитекст негиз катары колдонулат. Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн ТИРКЕМЕ А. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайындаган авиакомпания (авиаком-паниялар) эки багытта тењ төмөнкү маршруттар боюнча үзгүлтүксүз абакатнаштарын аткарууга укуктуу:-----------------------------------------------------------------------|Чыгуу пункттары|Ортодогу пункттар|Келүү Пункттары|Тажикстан || | | |Республикасынын || | | |чегинен тышкаркы || | | |пункттар ||---------------|-----------------|---------------|-------------------||Кыргыз |үчүнчү |Тажикстан |үчүнчү ||Республикасын- |өлкөлөрдөгү |Республика- |өлкөлөрдөгү ||дагы пункттар |пункттар |сындагы |пункттар || | |пункттар | |----------------------------------------------------------------------- В. Тажикстан Республикасынын Өкмөтү дайындаган авиакомпания (авиа-компаниялар) эки багытта тењ төмөнкү маршруттар боюнча үзгүлтүксүз абакатнаштарын аткарууга укуктуу: -----------------------------------------------------------------------|Чыгуу пункттары|Ортодогу пункттар|Келүү Пункттары|Кыргыз || | | |Республикасынын || | | |чегинен тышкаркы || | | |пункттар ||---------------|-----------------|---------------|-------------------||Тажикстан |үчүнчү |Кыргыз |үчүнчү ||Республикасын- |өлкөлөрдөгү |Республика- |өлкөлөрдөгү ||дагы пункттар |пункттар |сындагы |пункттар || | |пункттар | |----------------------------------------------------------------------- Эскертүүлөр: 1. Бул Тиркемеде эскерилбеген ортодогу пункттар жана Макулдашуучужаткан Тараптардын мамлекеттик аймактарындагы келүү пункттары Макулда-шуучу Тараптардын авиациялык бийликтеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жолуменен аныкталууга тийиш. 2. Биринчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясынынэкинчи Макулдашуучу Тараптын аймагандагы пункттарынын жана үчүнчүөлкөлөрдөгү пункттарынын ортосунда жүргүнчүлөрдү, жүктү жана почтаныташуу укугу Макулдашуучу Тараптардын авиациялык бийликтеринин ортосундамакулдашылат. 3. Чегинен тышкаркы пункттар Макулдашуучу Тараптардын авиациялыкбийликтеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен аныкталууга тийиш.