КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 23-августу № 607
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарындагы структуралык кайра түзүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-октябрындагы № 677 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- үчүнчү абзацтагы "- жана мамлекеттик комиссиялары" деген сөздөр алып салынсын;
- Дүйнөлүк Соода Уюму менен макулдашууларды жана Кыргыз Республикасынын ДСУнун алдындагы милдеттенмелерин аткаруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жоопкерчиликтерин бөлүштүрүү жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-пунктта:
биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- ыйгарым укуктуу орган катары Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашууга, анын ичинде техникалык регламенттерди жана ылайык келүүсүн баалоо жол-жобосун иштеп чыгуу жөнүндө ДСУнун Секретариатына билдирүүсү жана ДСУнун санитардык жана фитосанитардык чараларын колдонуу боюнча макулдашууга (Негиздеме: "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясы) ылайык Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу боюнча милдеттенмелерин аткаруу";
он төртүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка кызыкдар ведомстволор менен бирдикте ГАТСтын билдирүүлөрдү даярдоо боюнча жоболорун аткаруу";
он сегизинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Кирешелер боюнча комитетинин Бажы кызматынын департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пункттун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пункттун үчүнчү абзацындагы "..., бул Кыргыз Республикасындагы туруктуу практика болуп эсептелет" деген сөздөр алып салынсын;
8-пунктта:
биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Кирешелер боюнча комитетинин Бажы кызматынын департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10-пунктта:
биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссия" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
2-пунктта:
биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министри" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар, соода жана ДСУ менен иштөө боюнча башкы башкармасынын начальниги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин ДСУ, бажы-тарифтик жана тарифтиктик эмес жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода министрлигинин ДСУ жана тарифтиктик эмес жөнгө салуу башкармалыгы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин ДСУ, бажы-тарифтик жана тарифтиктик эмес жөнгө салуу башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ф.Кулов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 607 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы санитардык врачы;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук институтунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынын эксперти;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаментинин башкы директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын мыйзамдар жана методология иш башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин тармактык саясатты иштеп чыгуу башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюта башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин укук башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Бизнес-ассоциациялардын конгрессинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстан Гильдия директорлору" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин ДСУ, бажы-тарифтик жана тарифтиктик эмес жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги, комиссиянын жооптуу катчысы.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси - министр |
Т.Коеналиев |