Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 30-июлу № 296 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана кирешеге салык салуу жаатында салык салуудан четтөөнү болтурбай коюу жөнүндө Бишкек шаарында 2006-жылдын 7-декабрында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыр-гыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду атка-руу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана кирешеге салык са-луу жаатында салык салуудан четтөөнү болтурбай коюу жөнүндө Бишкек шаа-рында 2006-жылдын 7-декабрында кол коюлган макулдашууну ратификациялоотууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары бул мый-зам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министри А.Атамбаев Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана кирешеге салык салуу жаатында салык салуудан четтөөнү болтурбай коюу жөнүндө Бишкек шаарында 2006-жылдын 7-декабрында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана кирешеге салык са-луу жаатында салык салуудан четтөөнү болтурбай коюу жөнүндө Бишкек шаа-рында 2006-жылдын 7-декабрында кол коюлган макулдашуу ратификациялан-сын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги латвия тарапкааталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндегижол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткарганы жөнүндө билдирсин. 3-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти