Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-июнундагы № 401 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 1-августу № 305 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Алтын кендеринин Терексай тобун өздөштүрүүнү тездетүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономиканын өсүшүн камсыздоо үчүнмаанилүү милдет алтын кендерин өздөштүрүүнү тездетүү болуп санала тур-гандыгын белгилейт. Алтын кендеринин Терексай тобу "Терек" ("Межпластовое"), "Терек-кан" жана "Перевальное" кендерин камтыйт. Мында "Кыргызалтын" ачык ак-ционердик коому (мындан ары - "Кыргызалтын" ААК) "Терек" кенин өткөнкылымдын 50-жылдарынын аягынан тартып, ал эми "Тереккан" кенин2002-жылдан тартып өздөштүрүүдө. Флотациялык концентратты кайра иштетүүнүн аяктоочу технологиялыкциклин курууга жана кендердин Терексай тобун иштетүүгө "Кыргызалтын"ААКнын жетиштүү бош акча каражаттары болбогондугун көњүлгө алуу мененкөрсөтүлгөн кендерди тездетип өздөштүрүү үчүн кен байлыктарды пайдала-нуу укугуна ачык конкурс өткөрүү зарыл. Алтын кендеринин Терексай тобун өздөштүрүүгө инвестицияларды тар-туу үчүн шарт түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-лат: 1. Кендердин Терексай тобун иштетүү ачык конкурс өткөрүлгөндөн ки-йин гана ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети: - "Кыргызалтын" ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушундатөмөнкүлөрдү карасын: Терексай тобунун алтын кендериндеги запастарды батыш стандарттары-на кайра классификациялоо менен ага үч айлык мөөнөттө аудит жүргүзүүмаксатында эл аралык стандарттар боюнча иштеген аудитордук же консал-тингдик компанияларды жалдоо жана алардын кызматына акы төлөө жөнүндө; Эл аралык фондулук рынокто сертификацияланган эксперт/консультанттартуу менен алтын кендеринин Терексай тобун өздөштүрүүнүн алдын алатехникалык-экономикалык негиздемесин, анын ичинде финансы-экономикалыкмоделин иштеп чыгуу жөнүндө; Терексай тобунун алтын кендеринде аларды иштетүү максатында өздө-рүнүн активдеринин базасында биргелешкен ишкана түзүүгө "Кыргызалтын"ААКнын катышуусу жөнүндө; - көрсөтүлгөн жол-жоболор аяктагандан кийин Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттикагенттик менен бирдикте 2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында мам-лекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө программага "Кыргызалтын" ААК-нын активдеринин (Терексай тобунун алтын кендеринин) бөлүгүн менчиктеш-тирүүгө тиешелүү тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимдин дол-боорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн кароосуна киргизсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүк-төлсүн. Премьер-министри А.Атамбаев