Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 2-августу № 306 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасында алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын өндүрүүгө, импорттоого жана сатып өткөрүүгө акциз жыйымынын маркаларын колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-майындагы № 294 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасында алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки бу-юмдарын өндүрүүгө, импорттоого жана сатып өткөрүүгө акциз жыйымынынмаркаларын колдонуу тартиби жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-майындагы № 294 токтомуна тө-мөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: - 1.8-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ка-раштуу Кирешелер боюнча комитет (мындан ары - Кирешелер боюнча коми-тет)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюн-ча мамлекеттик комитети (мындан ары - Салыкмамком)" деген сөздөр мененалмаштырылсын; - Жобонун бүткүл тести боюнча "Кирешелер боюнча комитет" дегенсөздөр "Салыкмамком" деген сөз менен тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырыл-сын; - 1.12-пункт "ушул Жобонун" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой элеКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен аныкталган максаттар-га" деген сөздөр менен толукталсын. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Са-лыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн. Премьер-министри А.Атамбаев