Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 2-августу № 307 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2006/2007-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуусунун жыйынтыктары жана 2007/2008-жылдагы күз-кыш мезгилге даярдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, мамлекеттик комитет-тер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администра-циялар, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалык-тары, республиканын отун-энергетика комплексинин ишканалары тарабынан2006/2007-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдык керүүдө Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн чечимдерин аткаруу жана жылытуу мезгилинде ишенимдүүишти камсыздоо боюнча бир кыйла иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилейт. 2006-жылы электр энергиясын иштеп чыгуу 14,3 млрд. кВт.с. же план-дык тапшырманын 97 процентин түздү. Кыргыз Республикасынан электр энер-гиясын экспорттоо 2,4 млрд. кВт.с. түздү, бул 2005-жылдын дењгээлинен135,2 млрд. кВт.с. аз. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" (мындан ары - "Кыргызс-тан УЭТ"), "Бишкекжылуулук тармагы", "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр","Ошэлектр", "Жалалабатэлектр" ачык акционердик коомдору тарабынан подс-танциялардын негизги жабдууларын, электр өткөргүч линияларын жана жылу-улук тармактарын оњдоо иштери жүргүзүлгөн. "Кыргызстан УЭТ" ачык акцио-нердик коому Жалалабат облусундагы "Октябрьская" подстанциясын реконс-трукциялоону аяктаган, бул республиканын түштүгүн электр менен жабдуу-нун ишенимдүүлүгүн кыйла жакшыртып, электр энергиясынын коромжулуктарыназайтууга мүмкүндүк берди. Жалпысынан Кыргызтуракжайкоммунсоюздун жана "Бишкекжылуулук тарма-гы" коммуналдык ишканасынын жылыткыч котельныйлары билим берүү мекеме-лериндеги жылытуу мезгилинин башталышын себепсиз создуктуруп жибергенжылытуу системасынын ремонту боюнча айрым учурларды кошпогондо өз учу-рунда даярдалды. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттик уюмдарга,Кыргызтуракжайкоммунсоюзга көмүр сатып алууга, жарандардын жењилдик бе-рилген категорияларын компенсациялоо үчүн отун даярдоого акча каражат-тарын толук жана өз учурунда бөлүп берди. Облустардын мамлекеттик администрациялары, "Көмүр" мамлекеттик иш-канасы (мындан ары - "Көмүр" МИ) региондордо отун рыногун түзүү боюнчатиешелүү иштерди жүргүзүштү. Натыйжада калкка отун берүү боюнча тапшыр-ма 99,7 процентке аткарылды. Жалпысынан 2006/2007-жылдын күзгү-кышкы мезгили канааттандырарлыкөттү. Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым тап-шырмалары менен чечимдерин аткарбагандыктан жылытуу сезонунан өтүүдөкандайдыр бир кыйынчылыктар болду. Көрүлгөн чараларга карабастан бир дагы бөлүштүргүч электр компани-ясы (мындан ары - бөлүштүргүч электркомпаниялар) электр энергиясынынкоромжусунун белгиленген дењгээлине жетише алган жок, ал 2006-жылы 3,8млрд. кВт.с. же 38 процентти түзгөн. 2007-жылдын 1-июнуна карата бөлүш-түргүч электркомпаниялар тармактарында электр энергиясынын коромжулук-тары 40 процентти, ал эми электр энергиясын керектөөчүлөрдүн дебитордуккарызы-3,7 млрд. сомду түзүп, жыл башынан бери 302 млн. сомго өскөн. Өзкезегинде "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна бөлүштүргүчэлектркомпаниялардын карызы 2007-жылдын 1-июнундагы абал боюнча 4,0млрд. сомду түзгөн же жыл башынан бери 218 млн. сомго өскөн. Мындантышкары, "Электр станциялары" жана "Кыргызстан УЭТ" ачык акционердиккоомдоруна ири өнөр жай керектөөчүлөрүнүн тийиштүүлүгүнө жараша 55 млн.сом жана 18 млн. сом суммасында карыздары бар. Бөлүштүргүч тармактарда 110 кВ подстанциялардан кеткен 6-10-35 кВэлектр өткөргүч линияларды авариялык өчүрүүлөрдүн саны 2005-жылдагы8970 өчүрүүдөн 2006-жылы 10213кө чейин же 14 процентке көбөйгөн. Барды-гы болуп 2006-жылы республиканын энергосистемасында 10414 отказ, аварияжана өчүрүү болгон, ушул себептерден электр энергиясын кем берүүнүнкөлөмү 107,4 млн. кВт.с. түзгөн. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна бөлүштүргүч элект-ркомпаниялардын көрсөтүлгөн карызынан улам Бишкек шаарынын ТЭЦинде жаб-дууларды оњдоо мөөнөтүндө бүткөн эмес , ал соњку жылдары 240 МВтдан жебелгиленген кубаттуулуктун 30 процентинен ашпаган оорчулук менен тепло-фикациялык режимде гана иштөөдө. Ош шаарынын ТЭЦиндеги генерациялоочужабдуу өткөн күзгү-кышкы мезгилде иштеген эмес. Көмүрдү импорттук берүүлөрдүн көлөмү тапшырмада 650 мињ тонна бол-со 682,2 мињ тонна же 105 процент, жагуучу мазут планда 20 мињ тоннаболсо, бар болгону 7,9 мињ тонна же 39 процент берилген. "Кара-Кече" көмүр кениндеги абалга байланыштуу министрликтердин,ведомстволордун жана Кыргызтуракжай коммунсоюздун жылыткыч котельныйла-рына жергиликтүү көмүрдү берүүлөр боюнча тапшырма үзгүлтүккө учураган.Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги керектөөнүн 67 проценти, Кыр-гыз Республикасынын Юстиция министрлиги - 69 проценти көлөмүндө отундаярдашкан. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттик уюмдардын ба-лансында турган электр тармактарын жана подстанцияларды баланска кабылалууга байланышкан бөлүштүргүч электркомпаниялардын чыгымдарын каржы-лоо, ошондой эле "Мамлекеттик жөнгө салуу" статьясы боюнча "Кыргызгаз"ачык акционердик коомуна 2007-жылдын 6 айы үчүн 50,5 млн. сом суммасын-дагы төлөмдөрдү каржылоо маселесин узак мезгилден бери чечпей келатат. Жаратылыш газынын кымбатташы калктын аз камсыз болгон катмарынкомпенсациялоого кошумча каражаттарды талап кылууда. Отун ресурстарынабаанын дүйнөлүк өсүшүнө байланыштуу келерки жылы да жаратылыш газыныннаркы өсүшү ыктымал. Баанын өсүшү "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун финансылык аба-лын татаалдантты. Жаратылыш газын керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы2007-жылдын 1-июлуна карата 401,1 млн.сомду, анын ичинде калктыкы -175,3 млн. сомду, бюджеттик уюмдардыкы - 73,3 млн.сомду, өнөр жай ишка-наларыныкы-152,7 млн.сомду түздү. "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунунказакстандык берүүчүлөргө карызы 18,5 млн.АКШ доллар, "Узтрансгаз" АК-сына-3,8 млн.АКШ доллар. Отун-энергетика комплексинин ишенимдүү жана туруктуу иштешин кам-сыз кылуу, министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди, администрациялыкведомстволорду, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды, Бишкек жанаОш шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарын өз учурунда да-ярдоо, 2007/2008-жылдын күзгү-кышкы мезгилинде калкты отун менен кам-сыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Ошэлектр", "Жалалабатэлектр"ачык акционердик коомдорунун электр энергиясынын коромжулуктарын азай-туу жана дебитордук карыздарды кыскартуу боюнча иштери жетишсиз экенди-ги белгиленсин. 2. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын2007/2008-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча N 1 тиркемегеылайык республикалык штаб түзүлсүн. Республикалык штаб ай сайын өзүнүн заседаниелеринде Кыргыз Респуб-ликасынын экономика тармактарын жана калкын 2007/2008-жылдын күзгү-кыш-кы мезгилине даярдоонун жүрүшүн карасын. Вегетациялык мезгилдин жыйынтыгы боюнча Токтогул суу сактагычында-гы суунун запасынын абалы жана ушул токтомдо аныкталган тапшырмалардыаткаруу үчүн суу запастарынын жетиштүүлүгү жөнүндө маселени карасын. 3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаар-ларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары Кыргызтуракжайкоммунсо-юздун, "Көмүр" МИнин, "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Ошэлектр", "Жала-лабатэлектр" "Кыргызстан УЭТнын, "Электр станциялары, "Кыргызнефтегаз"жана "Бишкекжылуулук тармактар" ачык акционердик коомдорунун жетекчиле-ри менен бирдикте: - 2006/2007-жылдын күзгү-кышкы мезгилинен өтүүнүн натыйжаларын эс-ке алуу менен алдыдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү боюнча уюшту-руу-техникалык иш-чараларды эки жумалык мөөнөттө иштеп чыгышсын; - кышкы шарттарда иштөөгө даярдык боюнча туруктуу иштөөчү штабдар-ды түзсүн жана калкты отун менен камсыздоого жана жарандардын жењилдикберилген категорияларына каражаттарды бөлүүгө айрыкча көњүл буруу мененөздөрүнүн заседаниелеринде күзгү-кышкы мезгилге экономика тармактарынынобьекттерин жана калкты даярдоонун жүрүшүн дайыма карашсын. Штабдардынкурамына Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-нистрлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекци-янын өкүлдөрүн киргизишсин; - 2007-жылдын 15-сентябрына чейин өнөр жайлык, жылытуу жана ве-домстволук котельныйларды, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-нистрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги-нин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республи-касынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы-нын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргызтуракжайком-мунсоюздун жана "Бишкекжылуулукэнерго" КИнын котельныйларын2007/2008-жылдын күзгү-кышкы мезгилинде иштөөгө даярдашсын; - керектөөчүлөрдүн ортосунда электр энергиясын бөлүштүрүүнү,электр энергиясын керектөөнүн бөлүнгөн лимиттерин сактоону жана N2-10-тиркемелерге ылайык белгиленген тапшырмаларга жараша котельныйлар-да отундун керектүү запастарын түзүшсүн; - "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Ошэлектр", "Жалалабатэлектр","Бишкекжылуулук тармактар" "Кыргызгаз", "Кыргызстан УЭТнын, "Электрстанциялары" ачык акционердик коомдоруна, Кыргызтуракжайкоммунсоюзгажана республиканын көмүр ишканаларына дебитордук карызды жоюу боюнчазарыл чараларды көрүшсүн; - 2007-жылдын 15-августуна чейин бюджеттик уюмдар үчүн отунберүүчүлөрдү аныктоо боюнча тендер өткөрүшсүн, алар менен келишимдердитүзүшсүн жана аларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бе-ришсин; - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-рлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянынперсоналын тартуу менен жылыткыч котельныйларынын жана отунэнергетикакомплексинин ишканаларынын даярдыгын текшерүү боюнча жумушчу комиссиятүзүшсүн, акт түзүү менен жылытуу мезгилине карата 2007-жылдын 10-ок-тябрына чейин объекттердин даярдыгын текшеришсин жана текшерүүнүн жы-йынтыктарын 2007-жылдын 15-октябрына чейин республикалык штабда караш-сын. 4. "Электр станциялары", "Кыргызгаз", "Кыргызнефтегаз" ачык акцио-нердик коомдоруна, "Кыргыз Петролеум Компани" БИне жана "Көмүр" МИне N11, 12 жана 17-тиркемелерге ылайык көлөмдөрдө жылуулук станцияларына,котельныйларга көмүр, жаратылыш газын, жагуучу мазут, калкка жаратылышжана суюлтулган газ берүүнү камсыз кылуу сунушталсын. 5. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгы Бишкек шаа-рындагы ТЭЦти оњдоо-калыбына келтирүү иштерин максаттуу каржылоо үчүнжергиликтүү бюджеттен каржылануучу электр жана жылуулук энергиясын ке-ректөөчүлөрдүн учурдагы төлөмдөрүнүн эсебинде 2,5 млн.сом жана жерги-ликтүү көмүрдү Бишкек шаарынын ТЭЦине жеткирүү үчүн-3,0 млн.сомөлчөмүндөгү акча каражаттарын ай сайын "Электр станциялары" ачык акцио-нердик коомунун жана "Көмүр" МИнин расчеттук эсебине которсун. 6. Облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаар-ларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары: - күзгү-кышкы мезгилге карата объекттерди даярдоону жергиликтүүбюджеттен өз убагында каржылоону камсыз кылышсын; - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте жањыконуштарды электр-жылуулук менен жабдууну каржылоо маселелерин иштепчыгышсын; - "Кыргызгаз" ачык акционердик коому, "Көмүр" МИ менен бирдикте: региондордо калкка көмүр сатуучу пункттарды уюштурушсун; көмүр ташуу жана аны керектөөчүлөргө жеткирүү боюнча транспорттуккызматтарды уюштурушсун; суюлтулган газды ташууну жана аны калкка берүүнү отун баланстарын-да аныкталган көлөмдөрдө камсыз кылышсын; - министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомст-волор, бөлүштүрүүчү электр компаниялары менен бирдикте жылытуу жанаысык суу менен жабдуу үчүн колдонулуучу электркотелдорун энергосистема-га өтө оорчулук келтирген бөлүгүн сөзсүз өчүрүү менен алардын иштөөграфигин 2007-жылдын 15-сентябрына чейин кайра карап жана иштеп чыгыш-сын, аларды структуралык подразделениелерге жеткиришсин жана подразде-лениелердин жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги менен жылытуу мезгилиндесакталышына контролдукту камсыз кылышсын. 7. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөрдү кам-сыздоо сунуш кылынсын: - 2007-жылы жана 2008-жылдын 1 кварталында электр станцияларында,анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦтеринде N 13 жана 14-тиркеме-лерде белгиленген көлөмдөрдө иштеп чыгуу; - электрге оорчулуктарды төмөнкүдөй ТЭЦтерде: Бишкек шаарында-ке-минде 300 МВт, Ош шаарында-15 МВт жана Бишкек шаарынын ТЭЦинде жылуулукоорчулугун кеминде 850 Гкал с. кылуу; - республиканын энергосистемасынын системалык оператору-"Кыргызс-тан УЭТ" ачык акционердик коому бекиткен электр станцияларга оорчулуккелтирүүнүн сааттык суткалык графигин сөзсүз аткаруу; - "Бишкекжылуулук тармагы" ачык акционердик коому менен бирдикте2007-жылдын 1-октябрына чейин жылуулук тармагынын иштешинин температу-ралык графигин макулдашуу жана аны сөзсүз аткаруу; - жергиликтүү көмүрдү кеминде 200 мињ тонна, анын ичинде "Кара-Ке-че" көмүрүн - 150 мињ тонна көлөмүндө сатып алуу; - ушул пункттун 5-пунктун сөзсүз аткаруу. 8. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-нистрлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспек-ция: - электрокотелдордун иш графиктеринин аткарылышына контролдуктукамсыз кылсын; - ири өнөр жай ишканалары же бөлүштүрүүчү электр компаниялары рес-публиканын энергосистемасынын системалык оператору- "Кыргызстан УЭТ"ачык акционердик коомуна кубаттуулукту керектөөнүн сааттык суткалыкграфигин бербегендигинин, ошондой эле электр энергиясын жана кубаттуу-лукту керектөө режимдеринин белгиленген сааттык суткалык графигин бузу-улардын ар бир учурун же графикке киргизилген обьекттердеги электр ме-нен жылыткыч түзүлүштөрүнүн иштөө фактысын териштирсин. Тартип бузуулардын андан ары кайталанышын болтурбоо боюнча чара-ларды көрүү менен териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча материалдар КыргызРеспубликасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигин-де каралсын. 9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - 2007-жылдын 1-августуна чейин көмүр үчүн бюджеттик керектөөчү-лөрдүн дебитордук карызын салыштыруу жүргүзсүн жана жойсун; - бюджеттик уюмдар көмүр берүүчүлөр менен түзүлгөн жана тийиштүүтүрдө таризделген келишимдерди бергенден кийин 20 проценттик алдын алатөлөмдү бөлүүнү камсыз кылсын; - ушул айдын 1индеги абал боюнча колдонулган электр жана жылуулукэнергиясы, жаратылыш газы үчүн бюджеттик керектөөчүлөрдү өз убагындакаржылоону ишке ашырсын; - "Түндукэлектр", "Чыгышэлектр", "Ошэлектр", "Жалалабатэлектр","Бишкекжылуулук тармактар" ачык акционердик коомдору менен бирдиктекөрсөтүлгөн акционердик коомдор бюджеттик уюмдардын балансында турганэлектр жана жылуулук тармактарын балансына кабыл алганда алардын чыгым-дарын жабууга каражаттарды этап-этабы менен бөлүү боюнча графиктердитүзсүн; - электр жана жылуулук энергиясын, жаратылыш газын колдонуунунбелгиленген лимиттеринин чегинде бюджеттик уюмдарга каражат бөлүүнүкамсыз кылсын; - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруубашкы башкармалыгына Молдовановка айылындагы N 1, 31 мекемелерине ка-раштуу турак жай шаарчаларынын энергосистемаларын бөлүү жана N 3, 14,19, 47 мекемелеринин электр тармактары менен электр жабдууларын капи-талдык оњдоо боюнча иштерди аткарууга 10 млн. сом суммасындагы каражатбөлүү жөнүндө маселени карасын; - 2007-жылы калкка иш жүзүндө сатылган жаратылыш газынын көлөмүнөылайык "Мамлекеттик жөнгө салуу" статьясы боюнча "Кыргызгаз" ачык акци-онердик коомуна карыздарды жоюу маселесин чечсин; - көмүр казуу тармагын өнүктүрүүгө "Капиталдык салымдар" статьясыбоюнча зарыл акча каражатын 2007-жылдын 15-августуна чейин бөлсүн. 10. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурс-тары министрлиги: - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен бирдик-те 2010-жылга чейинки келечекке Кыргыз Республикасынын 2007-жылга оту-нэнергетикалык балансын иштеп чыгууну камсыз кылсын; - электр жана жылуулук энергиясынын, жаратылыш газынын коромжулук-тарын кыскартуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин,анын аткарылышынын жүрүшүнө дайыма контролдукту камсыздасын; - "Расчеттук-эсептешүү компаниясы" ачык акционердик коому аркылуубөлүштүрүүчү электр компаниялары акча каражаттарын толук которушу үчүндайыма контролдукту камсыздасын; - Энергетика тармагында квазифискалдык дефициттин белгиленгенкөрсөткүчтөрүн сактоо үчүн дайыма контролдукту камсыздасын. Белгиленгенкөрсөткүчтөрдү аткарбаган энергетикалык ишканалардын жетекчилеринин же-ке жоопкерчиликтери жөнүндө маселени ай сайын Министрликте карасын; - "Кыргызстан УЭТ", "Электрстанциялары" жана "Бишкекжылуулуктарма-гы" ачык акционердик коомдордун, бөлүштүрүүчү электр компаниялардын,Кыргызтуракжайкоммунсоюздун, "Бишкекжылуулукэнерго" КИнин адистери ме-нен бирдикте керектөөчүлөргө жана бөлүштүрүүчү электр компанияларынаэлектр жана жылуулук энергиясынын жањы кубаттуулуктарын кошууга, колдо-нуудагыларын көбөйтүүгө тарифтерди белгилөө методикасын иштеп чыксынжана бекитсин; - электркотелдорун отундун алтерьнативалуу түрүнө өткөрүү боюнча2012-жылга чейинки мезгилге программаны иштеп чыксын жана бекитсин; - Кыргыз Республикасынын улуттук энергосистемасында аварияга каршыавтоматиканы (кубаттуулукту) иштеп чыгуунун жана электр энергиясынынөчүрүүнүн (чектөө) графиктерин колдонуунун тартиби жөнүндө нускамагаэлектр станцияларынын бекитилген иш режимдерин "Электрстанциялары" ачыкакционердик коому аткарбаган учурда системалык оператордун иш аракетте-ринин тартибин жөнгө салуучу толуктоо киргизсин; - системалык оператор-"Кыргызстан УЭТ" ачык акционердик коомунакубаттулуктарды керектөөнүн суткалык графиктерин ири өнөр жай ишканала-ры, бөлүштүрүүчү электр компаниялары өз убагында беришин камсыз кылсын; - соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргазка-зак, кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик комиссияларынын кароосуна Бишкекшаарынын ТЭЦине кыргыз көмүрүн ташып жеткирүүгө казакстандын, өзбек жа-на тажиктердин темир жолдору жењилдетилген тарифтерди берүү маселесинкиргизсин. 11. "Көмүр" мамлекеттик ишканасы 2007-жылдын 1-сентябрына чейинкимөөнөттө "Ак-Улак" МАК жана "Шарбон" ЖАКынан республикалык бюджеттинкаражаттарынан төлөнгөн көмүрдүн көлөмүн төмөнкүлөргө берүүнү камсызкылсын: - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрли-гинин Нижне-Серафимовка үй-интернатына; - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнө. 12. "Электрстанциялары", "Кыргызстан УЭТ", "Түндүкэлектр", "Чыга-шэлектр", "Ошэлектр", "Жалалабатэлектр", "Бишкекжылуулук тармактар"ачык акционердик коомдоруна төмөнкүлөр сунуш кылынсын: - № 15 жана 16-тиркемелерге ылайык көлөмдөрдө жана мөөнөттөрдө жы-луулук жана гидроэлектрстанцияларды, электр жана жылуулук тармактарындаярдоо, ошондой эле ВЛ 0,4-10 кВ жана 10/0,4 ТП куруу жана реконструк-циялоо; - электрэнергиясын сатып алууга жана жеткирүүгө, кубаттуулуктун эњжогорку чегинин чоњдугунан ашырууда электрэнергиясын берүүгө түзүлгөнконтрактарга ылайык аракеттенүү; - бюджеттик уюмдардын балансындагы азыркы убакта техникалык жактаноњ абалдагы электр жана жылуулук менен жабдуу системаларын өз балансынакабыл алуу; - ушул айдын 1индеги абал боюнча бюджеттик уюмдар менен өз араэсептешүүлөрдү жүргүзүү; - 2007-жылдын 1-октябрына чейин кубаттуулуктарды колдонууга урук-саттарды тактоо менен тиричилик керектөөчүлөрүн электр энергиясы мененжабдууга контракттарды түзүү боюнча иштерди аяктоо; - берилген техникалык шарттарга жана түзүлгөн контракттарга ылайыкылайык ток чектөөчү түзүлүштөрдү орнотуу боюнча иштерди 2007-жылдын1-октябрына чейин аяктоо; - "Кыргызстан УЭТ"жана "Электрстанциялар" ачык акционердик коомунажана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспек-цияга карыздарды жоюу графиктерин сөзсүз аткаруу; - "Кара-Кече" жана "Мињ-Куш" кендеринде көмүр казуучу ишканалардыэлектр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча чараларды көрүү. 13. Республиканын улуттук энергосистемасынын оператору -"Кыргызс-тан УЭТ" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунуш кылынсын: - ири өнөр жай ишканалары же бөлүштүрүүчү электркомпаниялары кол-донулуучу кубаттуулуктун бекитилген сааттык суткалык графигин сактаба-ган учурларда Кыргыз Республикасынын улуттук энергосистемасында авария-га каршы автоматиканы (кубаттуулукту) иштеп чыгуунун жана электр энер-гиясынын өчүрүүнүн (чектөө) графиктерин колдонуунун тартиби жөнүндөнускамада аныкталган тартипте азыктандыруучу борборлордон ке-ректөөчүлөрдү өчүрүү графиктерин күзгү-кышкы мезгилде колдонууга урук-сат берүү; - Борбордук Азиянын бириккен энергетика системасынын составындареспубликанын энергосистемасынын туруктуу параллелдүү иштешин жана Бор-бордук Азия мамлекеттеринин энергетика системалары, "Энергия" бирикти-рилген диспетчердик борбору менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу. 14. "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна № 18 тиркемеге ылайык эс-кирген газ түтүктөрү менен жабдууларды алмаштыруу боюнча тапшырмалардысөзсүз аткарууну камсыздоо сунуш кылынсын. 15. Кыргызтуракжайкоммунсоюз жана "Бишкекжылуулукэнерго" КИ: - жылыткыч котельныйларды тышкы электр менен жабдуу схемаларынэлектр түзүлүштөрүн орнотуу эрежелеринин талаптарына ылайык келтирүүбоюнча 2007-жылдын 1-сентябрына чейин каражат издеп табышсын жана албоюнча иштерди аякташсын; - жергиликтүү көмүрдү 70 мињ тонна, анын ичинде "Кара-Кече"көмүрүн-кеминде 50 мињ тонна көлөмүндө сатып алууну; - № 19 жана 20 тиркемелерге ылайык көлөмдөрдө ведомстволук котель-ныйлар үчүн отун даярдоону камсыз кылышсын. 16. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жылы-туу сезонунун башталышына карата республикалык жалпы билим берүүчү уюм-дар үчүн отун жеткирүүнү камсыз кылсын. 17. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ремонттук-тех-никалык персоналды жана коњшулаш мамлекеттердин (Казакстан, Тажикстан,Өзбекстан) аймактары аркылуу өтүүчү электр өткөргүч линияларын оњдоодоколдонулуучу технологиялык жабдуулар менен аспаптарды ошол өлкөлөрдүнаймагына киришине жана кийин аларды Кыргыз Республикасынын аймагынаөтүшүнө көмөк көрсөтсүн. 18. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги белгилен-ген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана КыргызРеспубликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Авиация департаменти-нин" мамлекеттик ишканасынын каржылоо шартында башка техникаларды кол-донууга болбой турган жерлерден өтүүчү электр берүү линияларын орнотуужана авариялык өчүүлөрдүн себептерин жоюу үчүн зарыл учурларда вертолетбөлүп берсин. 19. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнчамамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети,Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Өнүктүрүүнүн мам-лекеттик фонду, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу бо-юнча), Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин Атайын фонду Жалалабат районунун Токтогул районундажана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылында суу чарба обьекттерин каржы-лоо боюнча күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүүнүн убагында "Электрстан-циялары", "Кыргазстан УЭТ", "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Ошэлектр","Жалалабатэлектр", "Бишкекжылуулук тармактар", "Кыргызнефтегаз", "Кыр-гызгаз" ачык акционердик коомдорунун, Кыргызтуракжайкоммунсоюздун,"Бишкекжылуулук-энерго" КИнин жана отун даярдоого тартылган ишканалар-дын расчеттук эсептерин жабууга жол бербесин. 20. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, аткаруучу бийликтин башка органдарынын, жергиликтүүмамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүүөз алдынча башкарууларынын жетекчилеринин жеке жоопкерчиликтери мененКыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары ми-нистрлигине ушул токтомдун аткарылышы боюнча отчет жана негизги техни-калык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча маалыматтарды ар бир айдын 1 жа-на 20сындагы абал боюнча берип турууну камсыз кылышсын. 21. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурс-тары министрлиги алынган материалдарды жалпыласын жана 2007-жылдын20-сентябры менен 20-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын ӨкмөтүнүнАппаратына маалымат берсин. 22. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын2005/2006-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуусунун жыйынтыктары жана2006/2007-жылдагы күз-кыш мезгилге даярдыгы жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-майындагы N 379 токтому; "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын2005/2006-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуусунун жыйынтыктары жана2006/2007-жылдагы күз-кыш мезгилге даярдыгы жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-майындагы N 379 токтомун аткаруунунжүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-февра-лындагы N 57 токтому. 23. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнөжүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев