Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 7-августу N 315 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Миграциялык фонд жөнүндө "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптимал-даштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын30-ноябрындагы" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республи-касынын Президентинин 2007-жылдын 22-январындагы N 11 Жарлыгына ылайык,Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттиккомитетине караштуу Миграциялык фонддун милдеттерин жана функцияларынкењейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнчамамлекеттик комитетине караштуу Миграциялык фонд (мындан ары - Миграци-ялык фонд) жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин. 2. Миграциялык фонд Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке ор-ноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Иммиграциялык фонддунукук улантуучусу болуп санаалары белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнчамамлекеттик комитети: - Миграциялык фонддун штаттык санын бекитсин; - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул токтомгоылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды кир-гизсин. 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Миграциялык фонддукармоого 2007-жылга бюджетте каралган каражаттардын чегинде Миграциялыкфондду каржылоону жүргүзсүн. 5. Күчүн жоготту деп табылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-апрелиндеги N231 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамле-кеттик комитетине караштуу Иммиграциялык фонд жөнүндө" токтому; - "Кыргыз Республикасынын "Тышкы иштер министрлигине караштуу Им-миграциялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын17-апрелиндеги N 231 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кирги-зүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-августун-дагы N 652 токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы N603 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамле-кеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомунун 9-пункту. Премьер-министр А.Атамбаев