Редакцияот 08.08.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 8-августу № 317                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ             1984-жылдагы Дүйнөлүк геодезиялык координаталар          системасын (WGS-84) Кыргыз Республикасынын жарандык              авиациясынын иш-аракетине киргизүү жөнүндө      "Чикаго шаарында  1944-жылы кол коюлган Эл аралык жарандык авиациябоюнча конвенцияны  ратификациялоо  жөнүндө" Кыргызстан РеспубликасынынЖогорку Советинин  1992-жылдын 18-декабрындагы № 1117-ХII токтому мененратификацияланган Эл   аралык   жарандык   авиация жөнүндө конвенциянын37-статьясына ылайык  аэронавигация  жаатындагы эл аралык стандарттардыжана иш  жол-жоболорду  ишке киргизүү максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз  Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-лиги:     - 1984-жылдагы   Дүйнөлүк   геодезиялык   координаталар  системасы(WGS-84) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын иш-аракетине кир-гизүүнү белгиленген тартипте камсыздасын;     - өзүнүн жарандык авиациянын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдикукуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.     2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын  курулуш,  транспорт  жана коммуникациялар бөлүмүнөжүктөлсүн.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев