Сравнение редакций…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Јкмјт Ійі
2007-жылдын 8-августу № 318
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ
Өзгөчө жазалоо чараларына соттолгондорду
кармоо үчүн атайын комплексти долбоорлоо жана
куруу боюнча иштерди уюштуруу жөнүндө
«Кыргыз Республикасында өлүм жазасын аткарууга мораторийдин
мөөнөтүн узартуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-
жылдын 29-декабрындагы № 667 Жарлыгына ылайык, ошондой эле өзгөчө
жазалоо чараларына соттолгондорду кармоо үчүн атайын комплексти
курууга байланыштуу бир катар уюштуруу-даярдоо иш-чараларын жүзөгө
ашыруу боюнча маселелерди оперативдүү чечүү максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин коллегиясынын
өзгөчө жазалоо чараларына соттолгондорду кармоо үчүн Кыргыз
Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы
башкармалыгынын № 19 мекемесинин өнөр жай зонасынын аймагында атайын
комплексти (мындан ары - атайын комплекс) куруу жөнүндө сунушуна
макулдук берилсин.
2. Атайын комплексти долбоорлоо жана куруу боюнча заказчы болуп
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы
башкармалыгы аныкталсын.
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана
курулуш боюнча мамлекеттик агенттик атайын комплексти долбоорлоодо
жана курууда ар тараптуу колдоо жана көмөк көрсөтсүн.
4.Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги иштерди
координациялоону жана атайын комплексти долбоорлоо жана куруу боюнча
контролдоону камсыз кылсын.
5.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- «Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даярдоодо атайын
комплекстин курулушун каржылоону кошуу мүмкүнчүлүгүн карасын;
эл аралык финансы уюмдары, донор-өлкөлөр, чет элдик инвесторлор
менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө атайын комплекстин курулушуна чет элдик
инвестицияларды жана гранттарды тартуу жөнүндө маселени талкуулоону
карасын.
6.Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өлүм жазасын алып
салуу боюнча Кыргыз Республикасынын чараларын колдогон чет өлкөлөрдүн
дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, эл аралык финансы жана донор уюмдар менен
атайын комплекстин курулушуна жана анын жабдууларына финансы
ресурстарын тартуу маселесин иштеп чыксын.
Премьер-министр А.Атамбаев