Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 8-августу № 320 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кылмыш-жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө 2006-жылдын 28-ноябрында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык, Кыл-мыш-жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө 2006-жылдын28-ноябрында Минск шаарында кол коюлган макулдашуунун 31-статьясындакаралган мамлекет ичиндеги жол-жоболорду өткөрүү максатында Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кылмыш-жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө2006-жылдын 28-ноябрында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну рати-фикациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырыл-сын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун биринчи орун басары(макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмийөкүлү болуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А. Атамбаев Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кылмыш-жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө 2006-жылдын 28-ноябрында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-статья. Кылмыш-жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө2006-жылдын 28-ноябрында Минск шаарында кол коюлган макулдашуу ратифи-кациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мам-лекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчү-нө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Рес-публикасынын аткарганы жөнүндө билдирсин. 3-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.