Редакцияот 10.08.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 10-августу № 326                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ            "Си Бу Холдинг" өндүрүштүк-коммерциялык компания"             жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участогун                             берүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  экономикасына  тике инвестицияларды тартуумаксатында,  Кыргыз  Республикасынын   Граждандык   кодексинин   233-6,284-статьяларына жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси-нин 4,  5, 20 жана 32-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик  администрация-сынын  Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган,  Ош облусунун  Алай  районундагы  Сарыташайылдык  кењешинин  аймагындагы аянты 4,0 га жайыттарын "Си Бу Холдинг"өндүрүштүк-коммерциялык  компания"  жоопкерчилиги   чектелген   коомунамөөнөтүн  кийин  узартуу  укугу менен ижара шартында 20 жылдык меөнеткөубактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын ичинде:     - Сарыташ айылынан өткөндө, Сарыташ-Эркештам автожолунун сол тара-бынан 2,0  га  -  техникалык тейлөө станциясын, май куюучу станция, жүкташуучу автомобилдер үчүн токтоочу жай жана жол боюндагы сервистин баш-ка обьекттерин куруу үчүн;     - Талдыбулак  участогунан 2,0 га - көмүр кампасын, тараза чарбасынжана кызматтык-техникалык жайларды куруу үчүн.     2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-гы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жанабашка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.     3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик  администрация-сы:     - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:     "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун  толтуруу-нун  наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белги-ленген  нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жанаалынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын  "Си  Бу  Хол-динг"  өндүрүштүк-коммерциялык компания" жоопкерчилиги чектелген коому-нун төлөшүн;     Кыргыз Республикасынын   мыйзамдарына   ылайык   "Си  Бу  Холдинг"өндүрүштүк-коммерциялык компания" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыр-гыз  Республикасынын  Ош облусунун Алай районундагы Сарыташ айыл өкмөтүменен жер участогуна ижара келишимин түзүүсүн;     - жерди  эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син.     4. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.      Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев