КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 13-августу № 328 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептерин куруунун жана оњдоонун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, мамлекеттик комитет-тер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администра-циялар жана Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандары Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептерин куруужана оњдоо боюнча бир кыйла иштерди жүргүзүп жаткандыгын белгилейт. Быйылкы жылы республикалык бюджеттен 11,9 мињ окуучу орундуу 51мектеп курууга жана курулушу мурда башталгандарын бүткөрүүгө каражатбөлүү каралган, анын ичинен: - 302,1 млн.сом - Нарын жана Ысыккөл облустарынын аймактарында2006-жылдын 26-декабрында жана Баткен облусунун аймагында 2007- жылдын8-январында болгон жер титирөөдөн жабыр тарткан 9 мектепти курууга; - 187,9 млн.сом - "Капиталдык салымдар статьясы" боюнча 42 мектепкурууга. Курулушу белгиленген 42 обьекттин 34ү даярдыктын ар кандай дењгээ-линдегилер, 8и жањы мектептер. Жакырчылык кыскартуунун борбордоштурулган фондунун эсебинен КыргызРеспубликасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин учурдагы ремонтунабир окуучуга алганда 82,60 сом эсебинде 90,0 млн. сом бөлүнгөн. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептерин курууну жа-на оњдоону өз убагында бүткөрүү үчүн шарттарды түзүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептерин куруужана оњдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министр-лигинин иштери жетишсиз деп табылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептерин куруунужана оњдоону өз учурунда каржылоону камсыз кылсын; - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мененбирдикте 2007-жылга республикалык бюджетке киргизилген өзгөртүүлөрдү,Ош, Талас, Ысыккөл жана Чүй облустарынын мамлекеттик администрация баш-чыларынын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен республикалыкбюджеттин эсебинен курулууга тийиш болгон жалпы билим берүүчү мектеп-тердин кошумча тизмесин түзсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатыпалуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мам-лекеттик агенттикке, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим ми-нистрлигине, облустардын мамлекеттик администрацияларына жана Ош шаары-нын мэриясына жалпы билим берүүчү мектептерди куруу жана оњдоо боюнчакызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан алуу ыкмасы менен ашырууга уруксатберсин. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-луш боюнча мамлекеттик агенттик жалпы билим берүүчү мектептердин има-раттарын курууда курулуш нормаларын жана эрежелерин сакташына катууконтролдукту камсыз кылсын. 5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары 2007-жылдын 15-августуна карата жалпы билимберүүчү мектептердин учурдагы ремонтун аяктоону камсыз кылышсын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Би-лим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев