Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 13-августу № 330 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик-көмөкчү чарбаларын жана аскердик бөлүктөрүнүн, мекемелеринин көмөкчү чарбаларын өнүктүрүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамын азык-тү-лүк менен пландык камсыз кылуу, ошондой эле майрам күндөрү, окуу, ма-невр жана башка иш-чараларды өткөрүү мезгилинде аскер кызматчыларынакошумча тамак-аш уюштуруу үчүн аскердик бөлүктөрүндөгү жана мекемеле-риндеги аскердик-көмөкчү чарбаларын жана көмөкчү чарбаларын өнүктүрүү,айыл чарба продукциясын өндүрүүнү күчөтүү, талаа, мал чарбачылык, балчарбачылык, канаттуулар чарбачылыгы, балык чарбачылыгы жана бак өстү-рүүчүлүк продуктыларын кайра иштетүү максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкүлөр белгиленсин: - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрүнүнжана мекемелеринин аскердик-көмөкчү чарбалары жана көмөкчү чарбалары(мындан ары - аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин аскердик-көмөкчүчарбалары жана көмөкчү чарбалары) аскердик даярдыктан бош убактысындамөөнөттү кызматтын аскер кызматчыларынын, ошондой эле жумушчулардын эм-гегин колдонуу менен күтүлөөрү; - аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин аскердик-көмөкчү чарбала-ры жана көмөкчү чарбалардын жумушчуларына эмгек акы төлөө Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөөрү; - аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин аскердик-көмөкчү чарбала-ры жана көмөкчү чарбалары өткөрүүчү продукция мындай продукция мененөздүк курамды пландык камсыздоо эсебине киргизилет, аймактык монополия-га каршы органдарынын рыноктук орто баадан ашпаган бааларга карата та-мактанууга чыгашалар статьясы боюнча бөлүнгөн республикалык бюджеттинкаражатынын эсебинен төлөнөт жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күч-төрүнүн аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин атайын эсебине котору-лаары. - аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин аскердик-көмөкчү чарбала-ры жана көмөкчү чарбалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыканыкталган баалар боюнча өзүлөрүнүн продукцияларын сатууга укуктуу эке-ни. 2. Аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин аскердик-көмөкчү чарба-ларына жана көмөкчү чарбаларына төмөнкүлөргө уруксат берилсин: - белгиленген планды ашыра аткарууда өндүрүштүк продукцияны КыргызРеспубликасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларына, жумушчуларынажана кызмат өтөгөндөрүнө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө аны өндүрүүнүнөздүк наркы боюнча (ар кварталдык түзөтүү менен) берилген региондо тү-зүлгөн эркин (рыноктук) баалар боюнча уюмдарга жана жеке жактарга са-тууга; - продукцияны сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен майрам күндө-рүндө, окууларды, маневрлерди жана ушуга окшош башка иш-чараларды өткө-рүү мезгилинде аскер кызматчыларга кошумча тамактандырууну уюштурууүчүн башка азык-түлүк (эттен башка) товарларын сатып алууга. 3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн министрликтерининжана ведомстволорунун жетекчилери акчалай каражаттарды, кийин алардыатайын каражаттардын чыгашаларынын тиешелүү статьяларына кайтаруу мененатайын каражаттардын эсебинен аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердинаскердик-көмөкчү чарбаларын жана көмөкчү чарбаларын алгач жүргүзүлүшүнөкарасын. 4. Аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин аскердик-көмөкчү чарба-лары жана көмөкчү чарбалары өздүк курамды азык-түлүк менен пландык кам-сыздоо үчүн айыл чарба продукциясын өткөрүүдөн жана ал продукцияны са-туудан пайда көргөн акча каражаттары төмөнкүлөргө пайдалана тургандыгыбелгиленсин: - 5 процентке чейин - аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин ас-кердик-көмөкчү чарбаларынын жана көмөкчү чарбаларынын ишине катышканаскер кызматчыларын, жумушчуларын жана кызмат өтөгөндөрдү сыйлоого; - 20 процентке чейин - министрликтердин жана ведомстволордун планыбоюнча аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин аскердик-көмөкчү чарбала-рын жана көмөкчү чарбаларын өнүктүрүүгө. Аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин аскердик-көмөкчү чарбалары-нын жана көмөкчү чарбаларынын калган акча каражаты ал чарбаларды уюшту-рууга жана жүргүзүүгө (мал чарба жайларын, парниктерди жана теплицалар-ды куруу жана оњдоо, тракторлорду, башка айыл чарба техникасын, күйүү-чү-майлоочу материалдарды, мал чарбачылык комплекстерди, мал жана ка-наттууларды, үрөн жана жер семирткичтерди, химикаттарды, ветеринардыкпрепараттарды сатып алуу, жумушчулардын жана кызматчылардын эмгегине,электр энергияга, сууга, жер ижарасына, айыл чарба жана башка техника-ларга акы төлөөгө), ошондой эле кошумча тамактандырууну уюштуруу үчүназык-түлүк товарларын сатып алууну кошуп алганда аскердик бөлүктөрдүнжана мекемелердин маданий-тиричилик, чарбалык жана башка муктаждыктарынканааттандырууга сарпталсын. 5. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары аскердик бөлүк-төрдүн жана мекемелердин аскердик-көмөкчү чарбаларынын жана көмөкчүчарбаларынын уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкжер участкаларын бөлүп берүүнү жүргүзүшсүн. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын Коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бө-лүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев