КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 13-августу N 331 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 58 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык санкциялар жа-на кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-три, Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттиккомитетинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы коми-тетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде аталган мый-зам долбоору каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдө-рү болуп дайындалсын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 58токтомунун редакциясына ылайык) 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы N646 токтому менен демилге кылынган "Чегерилген пайыздар, пенялар, кар-жылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды рес-труктуризациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинен кайра сурап алынсын. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы N646 "Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык санкциялар жанакайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту дептабылсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Чегерилген пайыздар, пенялар, финансылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө Салык төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын турукташтыруужана колдоо көрсөтүү, салыктар жана бажы төлөмдөрү боюнча чегерилгенпайыздар, пенялар, финансылык, айыптык санкциялар боюнча карыздарды,ошондой эле кайтарылгыс карыздарды кечип жиберүү аркылуу бюджеттин ал-дындагы карыздарды алда-канча толук тындырууга түрткү берүү ушул Мый-замдын максаты болуп саналат. 1-статья. Жалпы жоболор 1. Юридикалык жана жеке жактардын карыздары кайра структуралашты-рууга жатат. 2. Ушул Мыйзамда төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат: карызды реструктуризациялоо - төлөө мөөнөттөрүн узартуу же карыздыжарым-жартылай кечип жиберүү; пайыздар - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 63-статьясынажана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 248, 260-статьяларына ылай-ык бажы төлөмдөрүн, салыктарды жана жыйымдарды белгиленген мөөнөттөрдө,өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн чегерилген суммалар; пеня - Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 260-статьясына ылай-ык аныкталган акчалай сумма, аны салык төлөөчү бажы төлөмдөрүн төлөбө-гөндүгү үчүн төлөөгө милдеттүү болот; финансылык жана айыптык санкциялар - Кыргыз Республикасынын салыкжана бажы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн чегерилген суммалар; карыз - бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктар, бажылык алымдаржана алар боюнча чегерилген пайыздар, пенялар, финансылык жана айыптыксанкциялар; реструктуризациялануучу карыз - 2007-жылдын 1-январына каратаалынган абал боюнча орун алган жана ушул Мыйзамдын 2-статьясында карал-ган тартипте тындырылбаган пайыздар, пенялар, финансылык жана айыптыксанкциялар боюнча карызды толук же жарым-жартылай кечип жиберүү; кайтарылгыс карыз - юридикалык жана жеке жактардын экономикалык,социалдык жана юридикалык мүнөздөгү себептерден улам өндүрүүгө мүмкүнболбой калган жана ал боюнча доонун эскиришинин мөөнөтү аяктаган бажыжана салык алымдары боюнча карыз же болбосо банкроттук (кудуретсиздик)жол-жобону өткөрүү учурунда токтотулган тындыруу боюнча милдеттенме; 2-статья. Карызды реструктуризациялоонун тартиби 1. Салыктардын негизги суммалары жана утурумдук төлөмдөр боюнчакарызды тындырган салык төлөөчүгө төмөнкүдөй тартипте пайыздары, финан-сы жана айып санкциялары эсептен чыгарылат: а) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч ай өткөндөн кийинкиайдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкциялары-100 пайызга; б) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин-ки айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкцияла-ры - 80 пайызга; в) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып тогуз ай өткөндөн кий-инки айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкция-лары - 50 пайызга. 2. 2007-жылдын 1-январына карата салыктардын негизги суммалары жа-на утурумдук төлөмдөр боюнча карызы жок салык төлөөчүнүн пайыздары, фи-нансы жана айып санкциялары ушул статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасындааныкталган тартипте эсептен чыгарылат. 3. Салык төлөөчү ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралганкайра структуралаштыруудан кийин Кыргыз Республикасынын Салык кодекси-нин 46-статьясынын талаптарына ылайык төлөө мөөнөтүн узартууга укуктуу. 4. Салык төлөөчү ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган биржолку гана кечүү жана ушул статьянын 3-пунктуна ылайык төлөө мөөнөтүнбир жолку узартуу укугунан пайдаланат. 5. Салыктардын жана жыйымдардын негизги суммалары боюнча реструк-туризациялануучу карызды тындыруу мөөнөтү болуп казыналыктын региондукбөлүмүнүн эсебине кириштелген күн эсептелинет. 6. Реструктуризациялануучу карызды тындыруу максатында ашыкча тө-лөөнүн суммасына КНСтин нөлдүк чени менен жөнөтүүлөрдүн эсебинен пайдаболгон ашыкча төлөө киргизилбейт. 7. Салык төлөөчүнүн карыз боюнча ашыкча төлөгөндөрү төмөндөгүдөйпайдаланылат: айрым салыктар боюнча карыз тындырылат, анан ошол карызбоюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана салыктардын ченде-рин жөнгө салуучу жана аларды администрлөөнүн дагы башка мыйзам актыла-рынын талаптарына ылайык кошуп эсептелген пайыздар жана айып санкцияла-ры боюнча карыз тындырылат. 3-статья. Атайын жоболор Төмөндөгүлөрдүн карыздары реструктуризацияланбайт: - өз ишин салыктык жана бажылык жењилдиктер каралган Кыргыз Рес-публикасынын эл аралык келишимдеринин жоболоруна ылайык жүргүзүшкөнсубъекттердин; - акцизделүүчү товарларды өндүрүү жана сатып өткөрүү менен алек-тенген субъекттердин; - салык салынышы эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү Кыргыз Рес-публикасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынуучу алардын субъект-теринин; - ишинин негизги түрү соода болгон, анын кирешеси бардык түшкөнакчасынын кеминде 75 пайызын бере турган субъекттердин; - ишинин негизги түрү мейманкана кызматын көрсөтүү болуп саналгансубъекттердин; - "Инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайыккатталышкан чет өлкөлүк ишканалардын жана чет өлкөлүк инвесторлордун. 4-статья. Кайтарылгыс карызды кечип жиберүү Кайтарылгыс карыз юридикалык жана жеке жактардын экономикалык, со-циалдык жана юридикалык мүнөздөгү себептерден улам өндүрүүгө мүмкүнболбой калган жана ал боюнча доонун эскиришинин мөөнөтү аяктаган бажыжана салык төлөмдөрү боюнча карыз же болбосо банкроттук (кудуретсиздик)жол-жобону өткөрүү учурунда токтотулган тындыруу боюнча милдеттенме то-лук көлөмүндө кечип жиберилет. 5-статья. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана алкүчүнө кирген күндөн тартып тогуз ай өткөндөн кийинки айдын биринчи кү-нүнө чейин колдонулат. Кыргыз Республикасынын Президенти