Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 13-августу № 332 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторун жыйноого жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө", "Мамлекеттик со-циалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу мүчөлүк акыларынын тариф-тери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияжөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна айылдык товар өндүрүү-чүлөрдөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруувзносторун жыйноо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тар-тууга уруксат берилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жергиликтүү өз алдын-ча башкаруу органдарын айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик соци-алдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторун жыйноого тартуусукелишимдик негизде ишке ашырылары белгиленсин. 3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айылдык товар өндү-рүүчүлөрдөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруувзносторун жыйноого кызмат көрсөткөнү үчүн акы иш жүзүндө жыйналганкамсыздандыруу взносторунун көлөмүнүн 3 проценти өлчөмдө белгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна Кыргыз РеспубликасынынЖергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги ме-нен бирдикте Айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик социалдык кам-сыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторун жыйноо үчүн жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын тартуунун тартиби жөнүндө нускаманы жанатиптүү келишимди иштеп чыгуу жана бекитүү сунушталсын. 5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев