КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 722 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдынё15-августу № 335 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменти жөнүндө Отун-энергетика комплексинде мамлекеттик жөнгө салуу саясатын на-тыйжалуу жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-лат: 1. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлигинин Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекет-тик департаменти түзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлигинин Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекет-тик департаменти (мындан ары - Мамдепартамент) жөнүндө тиркелген жобобекитилсин. 3. Мамдепартаменттин кызматкерлеринин сандык чеги (кенже тейлөөчүперсоналды кошпогондо) 20 адам санында белгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлиги Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына өз-гөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерининдолбоорлорун 3 айлык мөөнөттүн ичинде даярдасын жана белгиленген тар-типте киргизсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүк-төлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев