Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 17-августу № 337 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кара-Көлдөгү инженердик факультетин И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин карамагына өткөрүү жөнүндө Энергетика тармагына инженердик кадрларды даярдоонун сапатын жак-шыртуу максатында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кара-Көлдөгүинженердик факультетинин профессордук-окутуучулар курамынын, кызматчы-ларынын жана студенттеринин сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кара-Көлдөгү инженердикфакультети университеттин курамынан чыгарылып И.Раззаков атындагы Кыр-гыз мамлекеттик техникалык университеттин карамагына өткөрүлүп берил-син. 2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги: Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кара-Көлдөгү инженердик фа-культетин бир айлык мөөнөттө И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттиктехникалык университетинин карамагына өткөрүп берүүнү белгиленген тар-типте ишке ашырсын; - материалдык, кадрдык жана окуу-усулдук камсыздоо маселелеринчечсин; - өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана зарылчараларды көрсүн. 3. "Жалал-Абад шаарында мамлекеттик университет түзүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 2-апрелиндеги Жарлыгынишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн1993-жылдын 10-майындагы № 197 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү кирги-зилсин: - Жалал-Абад мамлекеттик университети базасында түзүлгөн окуу жай-лардын тизмесиндеги "Кыргыз техникалык университетинин Кара-Көлдөгүкечки факультети" деген сөздөр алып салынсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн" Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-сүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев