Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 17-августу N 338 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Минск шаарында 2006-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өнөр жай менчигин коргоо тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Минск шаарында 2006-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагыөнөр жай менчигин коргоо тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу-нун 11-статьясына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу макса-тында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" КыргызРеспубликасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Минск шаарында 2006-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда-гы өнөр жай менчигин коргоо тармагындагы кызматташтык жөнүндө тиркелгенМакулдашуу бекитилсин. 2. Жогоруда аталган Макулдашуудан келип чыккан милдеттенмелердинаткарылышы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патенткызматына жүктөлсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулда-шуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордуКыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө белорус тарапка билдирсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө Премьер-министр А.Атамбаев